Президент Жапаров Кытайдагы сапарында бир катар документтерге кол коюлду. Президент Трамп Газадагы палестиндерди башка жерге көчүрө турууну сунуш кылып, АКШ тилкени кайра курарын айтты. Ош мэриясы 3,5 миңден ашык дарак кыйылып, ордуна жаңы дарактар тигилерин билдирген.
Дүйнөдөгү мусулман-исмаилиттердин имамы, канзаада Карим Ага-Хан IV 88 жашында көз жумду. Ал түптөгөн фонд 4-февралда билдиргендей, филантроп Португалияда үй-бүлөсү тегеректеп турганда үзүлгөн.
Президент Трамп Газанын тургундарын башка жерге көчүрүүнү сунуш кылып, АКШ тилкени өз карамагына аларын, кайра куруп, гүлдөтөрүн айтты. Бул планды палестиндер жана Жакынкы Чыгышта эки мамлекет түзүү принцибин жактаган өлкөлөр сындаса, израилдиктер "тынчтык орнотууга өбөлгө түзөт" деп үмүттөнүшөт.
Президент Садыр Жапаровдун Кытайдагы мамлекеттик сапары алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Соңку жылдары Кыргызстанда Кытайдын таасири артып бара жатышы ар кандай пикирлерди жаратууда.
Изюм шаарында орус армиясынын соккусунан төрт адам каза болуп, 20дан ашык адам жараат алды. АКШнын президенти Дональд Трамп Киевге берилген аскердик жардамдын ордуна Украинадан сейрек металлдарды сурады. Тажикстандын Вахдат районундагы түрмөдө бир нече адам каза таап, жараат алгандар бар.
Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин "Кыргызстанда орус компанияларына басым жасалып жатат" деген билдирүүсүн четке какты. АКШ президенти Дональд Трамп Украина жана Орусия менен сүйлөшүүлөр пландалып жатканын айтты.
Дем алыш күндөрү Украинанын бир нече аймагы жана Орусиянын Курск облусу кандуу аба соккуларына туш болду. Бул чабуулдар үч жылга чукулдап бараткан согушту токтотуу боюнча талкуулар жүрүп жаткан учурга туш келди.
Швецияда мусулмандардын ыйык китеби Куранды өрттөгөн чуулгандуу акцияларды уюштуруп жүргөн ирактык качкын Салван Момика 29-январда киши колдуу болду. Жергиликтүү маалымат каражаттары ал ТикТок социалдык тармагы аркылуу түз обого чыгып жаткан маалда атып кетишкенин жазышты. Салван Момика деген ким?
АКШнын президенти Дональд Трамп 20-январда "АКШнын тышкы жардамына кайра баа берүү жана уюштуруу жөнүндө" жарлыкка кол коюп, тышкы каржылоону 90 күнгө токтотуу чечимин кабыл алган. Бул жарлыктын Кыргызстанга кандай таасири бар? Кыргызстандыктар АКШдан кандай жардам алат?
Президент Жапаров интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзамга кол койду. Соңку айда Орусия Покровскиге дрон чабуулдарын күчөттү. Кыргызстанга Абхазиядан, Армениядан алынып келген автоунааларды мыйзамдаштыруу жараяны 1-мартта башталат.
Газада ок атууну токтотуу жана туткундарды бошотуу боюнча келишим аткарыла баштады. Бул макулдашуу тилкеде тынчтыкты орното алабы? Тараптар кандай милдеттенмелерди алган? Келишимди кандай тобокелдик тооруп турат?
Дагы жүктөңүз