АКШнын мамкатчысы Марко Рубио менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сауд Арабиясында Украинадагы согушту токтотууну талкуулайт. АКШ Азиядан барган 100дөн ашык мигрантты Панамага депортациялады. Өзгөндө окуучулардын мушташы боюнча “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду.
18-февралда АКШнын жана Орусиянын башкы дипломаттары Сауд Арабияда жолугат. Маалыматка караганда, алар мамилелерди калыбына келтирүү жана Украинадагы согушту токтотууну талкуулайт. Ошол эле маалда Киев ал сүйлөшүүлөргө катышабы же жокпу белгисиз.
АКШнын прокуратурасы Кыргызстандын жараны Сергей Жарновниковго ок атуучу курал-жаракты Орусияга мыйзамсыз ташыды деген айып такты. Ал бул куралдарды Америкадан Кыргызстанга алып келип, андан соң Орусияга жөнөткөн деп шектелүүдө. Жарновниковдун адвокаттары бул айыптар боюнча үн ката элек.
Кыргызстандык Жамал (аты өзгөртүлгөн) Америкага мыйзамдуу кирүүгө үмүт кылып, азыркы тапта Мексикада отурган мигранттардын бири. Ал Тихуанага үч баласы менен жыл башында барган. Ижарага батир алып, айына 1500 доллар төлөп жашап жатканын, күнүнө 5 миң сомдой тамак-ашка короторун айтып берди.
Орусиянын дрон соккусу Чернобыл АЭСнин саркофагына тийди. “Дордой” базарында соодагерлердин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн базардын администрациясы көзөмөлдөй турган болду. Милиция Баткенде 16 жаштагы өспүрүм теңтушун бычактаганын кабарлады.
Бишкектеги №72 мектептин жана Кара-Суудагы №39 мектептин жетекчилиги эки окуучунун өлүмүнөн кийин кызматтан четтетилди. Трамп Путин жана Зеленский менен телефондон сүйлөштү. Парламент “Жер кодексинин” жаңы редакциясын үчүнчү окууда кабыл алды.
Кыргыз тили кирил арибине өткөндө орус тили кантип үстөмдүк кылган? Советтик республикалардын тил саясатын ким кандай жүргүзгөн? Эгемендикке ээ болгон 30 жылда кыргыз тилинин ыраатка салынган, эффективдүү эрежелери эмне үчүн кабыл алынган жок? Чоробек Сааданбек ушул суроолорго жооп издейт.
Украинада жапырт ракета жана дрон соккуларынан улам электр энергиясын берүү чукул токтотулду. Орусияда 67 миңдей кыргызстандык көзөмөл реестринде жана көпчүлүгүнүн банк карталары ачылбай жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кызматтан кетти.
Украинада 11-февралда жапырт ракета жана дрон соккуларынан улам электр энергиясын берүү чукул токтотулду. Орусиянын Саратов шаарында дрон чабуулунан өндүрүш имараттары жабыркаганы айтылды.
Израил Газадагы стратегиялык Нецарим коридорунан аскерлерин чыгарып кетти. Ырчы Кайрат Примбердиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Ырчы азырынча комментарий бере элек.
Жекшембиде Израил Газадагы стратегиялык Нецарим коридорунан аскерлерин чыгарып кетти. Анын алдыңкы күнү АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу 2023-жылдын 7-октябрында барымтага алган дагы үч кишини бошоткон.
АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди. Бул тууралуу New York Post басылмасы жазды. Маалыматка караганда, эки лидер Украинадагы согушка чекит коюу маселесин талкуулашкан.
Дагы жүктөңүз