Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:44

"Уулум, келиним, неберем набыт болду." Полтавадагы кандуу чабуул


Куткаруучулар Полтавадагы чабуулда каза болгон жайкын тургундун сөөгүн көтөрүп бара жатышат, 1-февраль, 2025-жыл.
Куткаруучулар Полтавадагы чабуулда каза болгон жайкын тургундун сөөгүн көтөрүп бара жатышат, 1-февраль, 2025-жыл.

Дем алыш күндөрү Украинанын бир нече аймагы жана Орусиянын Курск облусу кандуу аба соккуларына туш болду. Бул чабуулдар үч жылга чукулдап бараткан согушту токтотуу боюнча талкуулар жүрүп жаткан учурга туш келди.

Полтавадагы кандуу чабуул

Украин армиясынын ардагери Игорь Яворский ишемби күнү эртеден кечке Полтава шаарында орус күчтөрүнүн аба соккусунан улам бир ыптасы кыйрап түшкөн көп кабаттуу үйдүн урандыларынын жанында айланчыктап жүрдү. Ал куткаруучулар улам бир сөөктү урандылардын алдынан алып чыккан сайын алардын жанына жетип барып, каза болгон адамды таанууга аракет кылып жатты.

61 жаштагы ардагер бул үйдө жашаган 37 жаштагы уулу Дмитронун, 38 жаштагы келини Аленанын жана 9 жаштагы небереси Софиянын караанын көзүнө сүртө албай турду. Барган сайын аларды тирүү көрөм деген үмүтү үзүлүп баратты.

“Менин уулум, келиним, неберем ушул жерде. Үчөө тең набыт болду. Бир нече көз ирмемдин ичинде”, - деп ыйламсырады ардагер Reuters агенттигине курган маегинде.

Орус армиясынын 1-февралдагы ракеталык аткылоосунан Полтавадагы бул үйдө 14 кишинин өмүрү кыйылды. 16 киши, анын ичинде 4 бала жараат алды.

Полтавадагы сокку урулган турак үйдүн жашоочулары, 1-февраль, 2025-жыл.
Полтавадагы сокку урулган турак үйдүн жашоочулары, 1-февраль, 2025-жыл.

Бул күнү Украинаны Харьков менен Сумы аймактарында да Орусиянын аба соккуларынан адам өмүрлөрү кыйылганы кабарланды.

Андан бир нече саат мурда Украинанын түштүгүндөгү Одесса шаарынын борбордук бөлүгү да орус күчтөрүнүн ракеталык чабуулуна кабылып, ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген имараттарга зыян келди.

Орусиянын бийлиги далай далилдерге карабастан Украинада жайкын тургундар жашаган аймактарды бутага алганын четке кагып, аскердик инфраструктурага гана сокку урганын билдирип жүрөт.

Жатак мектепке урулган сокку

1-февралда Орусиянын Курск облусунда да адам өмүрүн алган чабуул болду. Бул облустагы украин күчтөрү көзөмөлдөп турган Суджа шаарында жатак мектепке бомба түшүп, кеминде 4 төрт адамдын өмүрү кыйылды.

Украин армиясынын Башкы штабы Орусиянын авиациясы мектепке алыстан башкарылуучу бомба менен “атайылап” сокку урганын, бул имаратта ондогон жергиликтүү тургундар эвакуацияга даярданып жатканын, кеминде 84 киши аман куткарылганын билдирди.

Украин президенти Владимир Зеленский Х платформасына чабуулдан кийинки кырдаалды көрсөткөн видеону жарыялап, Орусияны “өз жарандарын” бутага алды деп айыптады.

“Алар ондогон жайкын тургундар бар экенине карабастан бул имаратты талкалады. Ондогон жылдар мурда Орусия Чеченстанга каршы согушун да дал ушунтип жүргүзгөн. Сириялыктарды да ушундай жол менен өлтүргөн. Орус бомбалары Украинадагы турак үйлөрдү да ушинтип талкалап жатат. Орусиянын армиясы керек болсо өз жарандарына каршы да окшош тактикаларды колдонот”, - деп жазды Зеленский.

Орусиянын Коргоо министрлиги Суджадагы чабуул үчүн тескерисинче украин күчтөрүн айыптады. Бирок муну бышыктаган далилдерди көрсөткөн жок.

“1-февралда Украинанын куралдуу күчтөрү Суджа шаарындагы жатак мектепке максаттуу түрдө ракеталык сокку уруу менен дагы бир согуш кылмышын жасады”, - деп айтылат орус тараптын билдирүүсүндө.

Орусиянын Тергөө комитети “мектеп-интернатка чабуул коюуга буйрук берди” деген жүйө менен украин армиясынын ракеталык бригадасынын командирлеринин бири Ростислав Карпушага “теракт” беренеси менен кылмыш ишин козгогонун Би-Би-Синин орус кызматы жазды.

Орусиянын бул билдирүүлөрүн көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн эмес.

Орусиянын Суджа шаары, 16-август, 2024-жыл.
Орусиянын Суджа шаары, 16-август, 2024-жыл.

Украина былтыр август айында Орусиянын Курск облусуна күтүүсүз чабуул коюп, бир катар шаар-кыштактарга көзөмөлүн орноткон. Андан бери орус күчтөрү бул аймактардын жарымына чукулунан украин күчтөрүн сүрүп чыгарган. Январь айынын башында украин армиясы Курскидеги айрым райондорду кайра өз көзөмөлүнө алуу үчүн чакан чабуулдарын баштаган.

Орусия украин күчтөрүн Курскиден толук сүрүп чыгаруу максатында 11 миңдей түндүк кореялык аскерди алып келгени кабарланган.

Согуш качан токтойт?

Дем алыштагы кандуу чабуулдар Украинадагы үч жылга чукулдап бараткан согушту токтотуу боюнча болжолдуу дипломатиялык аракеттер талкууланып жаткан учурда болду.

АКШда жаңы кызматка киришкен Дональд Трамптын Украина жана Орусия боюнча атайын чабарманы Кит Келлогг 31-январда Fox News телеканалына курган маегинде бул маселе тууралуу маалымат берди.

Ал президент Трамптын Украинадагы согушту бир нече айдын ичинде токтотуу боюнча “бекем” стратегиясы бар экенин айтып, Американын жаңы лидерин “мыкты келишим түзүүчү (арачы)” деп атады. Ошондой эле Келлог Трамп Киев менен Москвага кандай басым кылууну, кайсы жерде басым көрсөтпөш керектигин жакшы билерин кошумчалады.

Дональд Трамп Украинадагы согушту тез арада бүткөрүүнү көздөрүн, жакын арада орус президенти Владимир Путин менен жолугушуусу мүмкүндүгүн билдирип келет.

Ал Путин менен жакын арада сүйлөшүүсү мүмкүндүгүн дагы бир жолу 31-январда Ак үйдө журналисттерге айтты. Трамп өз администрациясы Украинадагы согуш маселесин Орусия менен "абдан олуттуу" деңгээлде талкуулаганын, жакын арада куралдуу кармашты токтотуу боюнча "маанилүү" кадамдар болушу мүмкүндүгүн кошумчалаган.

“Биз сүйлөшөбүз. Балким маанилүү бир нерселерди жасайбыз деп ойлойм. Биз бул согушту токтоткубуз келет”, - деди Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен орус президенти Владимир Путиндин 2018-жылдын 16-июлунда Хельсинкиде өткөн жолугушуусу.
АКШнын президенти Дональд Трамп менен орус президенти Владимир Путиндин 2018-жылдын 16-июлунда Хельсинкиде өткөн жолугушуусу.

Буга чейин Путин Трамптын сүйлөшүү тууралуу билдирүүлөрүн кубаттап, аны менен жолугушууга даяр экенин туюнткан. Бирок ал украин лидери Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөр болушу мүмкүндүгүн четке каккан.

Зеленский 1-февралда “Ассошиейтед пресс” жаңылыктар агенттигине курган маегинде Вашингтон менен Москванын ортосундагы түз сүйлөшүүлөргө Украинанын кошулбай калуу ыктымалдыгы “бардык тарап үчүн кооптуу” экенин айтты.

Ал өз командасы Трамптын администрациясы менен “жалпы деңгээлде” байланышып жатканын, жакын арада бетме-бет жолугушуулар болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

24-февралда Орусиянын күчтөрү Украинага басып кирип, кеңири масштабдагы согуш баштаганына үч жыл болот. Бириккен Улуттар Уюмунун эсебине ылайык, бул аралыкта Украинада кеминде 12 миң жайкын тургундун өмүрү кыйылды. Карапайым тургундар арасындагы жоготуулар мындан кыйла көп болушу мүмкүн.

Согуш тутангандан бери Украина да, Орусия да оң миңдеген аскерлеринен ажыраганы кабарланып келет.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Шерине

XS
SM
MD
LG