Президент Жапаров интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзамга кол койду. Соңку айда Орусия Покровскиге дрон чабуулдарын күчөттү. Кыргызстанга Абхазиядан, Армениядан алынып келген автоунааларды мыйзамдаштыруу жараяны 1-мартта башталат.
Газада ок атууну токтотуу жана туткундарды бошотуу боюнча келишим аткарыла баштады. Бул макулдашуу тилкеде тынчтыкты орното алабы? Тараптар кандай милдеттенмелерди алган? Келишимди кандай тобокелдик тооруп турат?
Украин армиясы Орусиядагы мунай заводго сокку урганын билдирди. 29-январга караган түнү Орусиянын кеминде жети облусу дрондордун жапырт чабуулуна кабылганы кабарланды.
Бишкек шаардык соту Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин бөгөт чарасы боюнча апелляциялык арызды карап, үчөөнү тең камакта калтырды.
Путин украин Зеленскийди “легитимсиз” деп, аны менен түз сүйлөшүүгө барбастыгын билдирди. АКШда мыйзамсыз миграцияга каршы рейдде мигранттар кармалып, депортацияланууда. Соцтармакка пикир жазган үчүн 3 жарым жылга кесилген Каныкей Аранованын жаза мөөнөтүн жылдыруу арызын сот четке какты.
АКШда мыйзамсыз миграцияга каршы рейддер уланып, мигранттарды кармоо жана депортациялоо күн сайын жүрүүдө. Мындай жараяндан улам Кошмо Штаттарда жашаган кыргызстандыктар да чочулап, арасында жумушка убактылуу чыкпай койгондор да болгон.
АКШда мыйзамсыз миграцияга каршы рейддер уланып, мигранттарды кармоолор жана депортациялоо күн сайын жүрүүдө. Мындан улам бул өлкөдө жашаган кыргызстандыктар да чочулап, жумушка убактылуу чыкпай койгондор болууда.
27-январда Түркиянын Анталия шаарында кыргызстандык аял өз жанын кыюуга аракет кылганы кабарланды. Жергиликтүү кабар агенттиги полиция кызматкерлери "жардан кулайм" деген аял менен төрт саат сүйлөшүп, аны аман сактап калганы тууралуу маалымат таратты.
Камактагы адвокат Матцаковдун жактоочулары сотко ишенбестик көрсөтүп, судьялар аны четке какты. Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы бир-эки жылдын ичинде толук чечиле турганын айтты. Кытайдын DeepSeek компаниясы R1 деп аталган ChatGPTге окшош жасалма интеллект программасын чыгарды.
Израил 15 айдан бери биринчи жолу миңдеген палестиндерге Газанын түндүгүнө кайтууга жол ачты. Казакстанда 2022-жылдагы Январь окуяларына байланыштуу 44 адамга өкүм чыкты. АКШнын миграциялык саясатындагы өзгөрүүлөрдөн улам Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШда жүргөн же бул өлкөгө барганы жаткан жарандарды миграциялык мыйзам жоболорун так сактоого чакырды.
Дагы жүктөңүз