Вашингтон менен Киевдин ортосунда сейрек кездешүүчү минералдар боюнча келишимге 28-февралда кол коюлушу мүмкүн. Бул үчүн Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ баш калаасына барды.
“Азаттык” Тажикстан менен алмашылат деп айтылган Кыргызстандын Баткен районундагы Достук айылынын тургундарынын пикирин угуп келди.
“Азаттык” радиосу “Спорт: Кыйынчылыкты жеңген кыраандар” деген сынагына көрсөтүлгөн талапкерлер менен тааныштырууну улантат. Алардын бири Кыргызстандагы Көзү азиздер федерациясынын негиздөөчүсү, паралимпиаданын катышуучусу Гүлназ Жүзбаева.
Жогорку Кеңештин алты комитети кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдерди жактырды. АКШ менен Орусиянын элчиликтеринин ишин калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Украинада Орусиянын чабуулунан дагы беш өмүр кыйылды. Кыргызстанда бир айда тогуз өспүрүм каза тапты.
Freedom House (FH) эл аралык уюму жаңы баяндамасында Кыргызстанды бешинчи жыл катары менен “эркин эмес” мамлекеттердин катарында калтырды. Буга себеп катары кыргыз өкмөтү пикирин билдиргендерди куугунтуктоону жана чектөөлөрдү күчөткөнү көрсөтүлдү.
Кыргызстанда февраль айынын ичинде эле беш өспүрүм өз жанын кыйды. Бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, айрым депутаттар өкмөт алдын алуу иштерин күчөтүшү керектигин айтышты. Президент Садыр Жапаров Европа парламенттин депутаттарын кабыл алды.
Согуш башталганына 3 жыл болгон күнү Вашингтон бул жааттагы саясаты кескин өзгөргөнүн далилдегенсип, БУУда Орусиядан Украинадагы аскерлерин тез арада чыгарып кетүүнү талап кылган резолюцияга каршы добуш берди.
Кыргызстан "Керемет банкты" АКШнын "кара тизмесинен" чыгарууга аракет жасап жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев кабарлап, ушул максатта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Америка Кошмо Штаттарына дагы барып келгенин билдирди.
Согуш башталганына үч жыл толгон күнү Вашингтон бул жааттагы саясаты кескин өзгөргөнүн далилдегенсип, БУУда Орусиядан Украинадагы аскерлерин тез арада чыгарып кетүүнү талап кылган резолюцияга каршы добуш берди.
24-февралда Украинанын Бишкектеги элчилигине 30га чукул активист чогулду. Акциянын катышуучулары үч жылдын аралыгында согушта курман болгон украиналыктарды эскерип, Орусиянын агрессиясын айыпташты.
ИИМ жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деген шек менен 11 адамды кармады. Орусия Украинага согуш ачканына туура үч жыл болду. Дүйнөнүн бир катар шаарларында Украинага тилектештик билдирген акциялар өттү. Өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов кыргыз-тажик чек арасы такталганын айтты.
Дагы жүктөңүз