Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:11

Зеленский АКШнын украин жер казынасы боюнча жаңы сунушуна комментарий берди


Владимир Зеленский менен Дональд Трамп Ак үйдүн Сүйрү залында. Вашингтон, 28-февраль, 2025-жыл.
Владимир Зеленский менен Дональд Трамп Ак үйдүн Сүйрү залында. Вашингтон, 28-февраль, 2025-жыл.

Киев АКШдан кен байлыктар боюнча келишимдин жаңы вариантын алганын 29-мартта "Азаттыктын" украин редакциясы жазды. АКШ документти Украинанын вице-премьери Юлия Свириденкодон берип жиберген.

Украин президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, Свириденко келишимдин жаңы вариантын “такыр башка документ” деп мүнөздөдү.

"Ал жерде талкууланбаган көп нерселер бар, ошондой эле тараптар буга чейин четке кагып койгон нерселер да пайда болду", - деген Свириденко.

Зеленский Киев өзүн карыздар деп эсептебей турганын билдирди.

Анын “Биз колдоо үчүн ыраазыбыз, бирок бул насыя эмес, биз ага жол бербейбиз” деген сөзүн УНИАН агенттиги жазды.

Мурдараак Financial Times жана Bloomberg АКШ менен Украинанын ортосундагы пайдалуу кендер боюнча жаңы келишимдин долбоорунун чоо-жайын жарыялаган. Бул документте Вашингтон Украинанын бардык жаратылыш ресурстарын, анын ичинде газ жана мунай, ошондой эле пайдалуу кендерди иштетүүгө байланышкан бардык инфраструктурасын камтыган.

АКШ бул келишим аркылуу Украина бардык акчаны кайтарып бермейинче инвестицияларынын баарын өзү көзөмөлдөгүсү жана ошол инвестициялык каражаттан түшкөн кирешени биринчи өзү алгысы келет.

Макулдашуунун мурдагы версиясында Зеленский талап кылган коопсуздук кепилдиктери камтылган эмес.

Ал долбоорго ылайык, украин өкмөтү мамлекетке таандык жаратылыш ресурстарын сатуу аркылуу түшкөн кирешенин 50 пайызын АКШ-Украина башкарган кайра куруу инвестициялык фондуна бөлүүгө милдеттендирилмек.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп жакын арада Киев менен Вашингтон сейрек кездешүүчү минералдар жана табигый ресурстар боюнча келишимге кол коёрун 20-мартта билдирген.

Трамп Ак үйдө журналисттерге курган маегинде Украинадагы тынчтык келишимине жетишүү боюнча аракеттер "жакшы жүрүп жатканын" айткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG