Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:03

Шыкмаматов Салык кодекси өзгөртүлүп, базар жана чакан бизнес патентке өтөрүн билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чакан бизнести патент системасына кайтаруу боюнча жарлыктын долбоору даярдалып жатат. Ага ылайык, патенттин баасы жогорулап, кирешеге жана аймакка жараша төлөнөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, документке чакан жана орто бизнеске ыңгайлуу шарт түзүү максатында бир топ чара көрүү камтылган.

“Ал базарларга жана чакан ишкерлерге, соода-сатыкка кирет. Ошондо патенттин баасы мурдагыдан жогору болот. Патент менен иштегендер кирешесине жана аймагына жараша төлөшөт. Мисалы, Бишкекке караганда аймактарда баа төмөнүрөөк болот. Ошол эле “Дордой” базарында иштегендер үчүн кымбатыраак баа коюлат. Патент менен соодагерлер ар кандай бюрократиялык кагаздардан кутулат. Мисалы, аларда кассалык-көзөмөл аппараттары болбойт, электрондук-эсеп фактураларын толтурбайт. Ал эми ЭТТН жоюлган. Ошентип, бул чакан жана орто бизнестеги ишкерлерге камкордук болот”, - деди ал.

Шыкмаматовдун белгилешинче, буга байланыштуу президенттин жарлыгы кийинки аптада чыгат деп күтүлүүдө. Ошондон кийин мыйзамдын долбоору даярдалып, Жогорку Кеңеш аркылуу Салык кодексине өзгөртүү киргизүү каралууда. Муну менен аталган мекеме патент системасы май-июнь айларында кирет деп болжолдоодо.

Мунун алдында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Слово Кыргызстана” гезитине маек куруп, чакан бизнес патент системасына кайтарын билдирген.

Жаңы салыктык реформа алкагында Кыргызстанда 2024-жылдын 1-июлунан баштап соодадагы патент жоюлуп, көзөмөл-кассалык машинени (ККМ) милдеттүү колдонуу тартиби күчүнө кирген.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ.

Кыргызстанда базарларда соода-сатык менен алектенген ишкерлер ККМдин киришине каршы бир катар нааразылык акцияларын өткөргөн. (КЕ/AiB)

Шерине

XS
SM
MD
LG