Израил 15 айдан бери биринчи жолу миңдеген палестиндерге Газанын түндүгүнө кайтууга жол ачты. Казакстанда 2022-жылдагы Январь окуяларына байланыштуу 44 адамга өкүм чыкты. АКШнын миграциялык саясатындагы өзгөрүүлөрдөн улам Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШда жүргөн же бул өлкөгө барганы жаткан жарандарды миграциялык мыйзам жоболорун так сактоого чакырды.
Жекшембинин кечинде Израил Газанын тургундарын тилкенин түндүк тарабындагы үйлөрүнө өткөрө баштады. Анын алдында АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу барымтадагы Арбел Йехуд аттуу аялды жана дагы эки кишини жума күнгө чейин барымтадан бошотууга макул болгон.
Эл аралык Кызыл чырым комитети ишембиде Израил менен ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобу менен туткундарды айырбаштоонун экинчи баскычы аяктаганын билдирди. Анын алкагында израилдик төрт аскер аял жана 200 палестин бошотулду.
Беларуста президенттик шайлоо өттү. Экзитполдордун алдын ала жыйынтыгына караганда, Александр Лукашенко добуштардын 87,6% алганы кабарланды. Өлкөнү 30 жылдан бери башкарып келаткан 70 жаштагы Александр Лукашенко жетинчи жолу жогорку кызмат үчүн ат салышты.
2025-жылдын 20-26-январында дүйнөлүк басма сөзгө чыккан айрым макалаларга сереп.
Түркиянын Анталия шаарында жашаган кыргызстандык келин түрк күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылганын "Азаттыкка" айтып берди. Буга чейин социалдык тармактарда келиндин денесинде көгала издер бар экени жана колу бычак менен кескиленгени жарыяланган.
АКШда төрөлгөн балдарга жарандык берүү саясаты туристтик виза менен барып, ал жакта көз жарууну каалаган чет өлкөлүк аялдарды өзүнө тарткан учурлар аз эмес. Президент Дональд Трамп эми ошол норманы чектөөнү көздөгөнү бир топ үй-бүлөлөрдү, мисалы, башпаанек сурагандарды кыйын абалга кептемекчи.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын улам өзгөрүп жатышы чөлкөмдүн, анын ичинен Борбор Азиянын коопсуздугуна кандай таасир этет? Расмий Бишкек Сириядагы кырдаал боюнча кандай көз карашта жана кыргыз жарандарын кайтаруу иши уланабы? Ооганстандагы “Талибан” бийлиги менен алака кандай өзгөрүүдө?
Кремль Орусиянын президенти Владимир Путин Трамп менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Социал-демократтар партиясынын төрага орун басары Кадырбек Атамбаев жана апасы Раиса Атамбаева милицияга сурак берип чыкты. Бишкектин Көк-Жар конушундагы көп кабаттуу үйдө газ жарылып, 62 жаштагы аял каза тапты.
АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн Мексика менен чек арасында өзгөчө кырдаал жарыялап, CBP One тиркемеси иштебей калды. "Азаттык" ушул тапта Мексикада жүргөн айрым кыргыз жарандары менен байланышты.
Кыргыз бийлиги “Керемет Банк”, “Газпром нефть Азия”, “Мунай-Мырза” компанияларын АКШнын санкциясынан чыгарууну өтүндү. АКШ менен Евробиримдиктин өлкөлөрү 2022-жылдан бери Кыргызстандагы он чакты компанияга санкция салды.
Кыргыз бийлиги “Керемет Банк”, “Газпром нефть Азия”, “Мунай-Мырза” компанияларын АКШнын санкциясынан чыгарууну өтүндү. Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен үч компаниянын санкцияга илинишин талкуулады.
Дагы жүктөңүз