24-февралда Орусия Украинага басып киргенине үч жыл болот. “Азаттыктын” кабарчылары Марьян Кушнир жана Евгения Китаева-Русецкая урушта аларга катуу таасир эткен, башынан кечирген окуяларды айтып беришти.
Кыргыз бийлиги Макмал-Каракол темир жолун куруу үчүн америкалык компания менен макулдашканын жарыялады. Ага АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери да катышты. "Трансевразиялык каттам" деп аталган долбоордун болжолдуу баасы 3 млрд доллар экени, ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүктө ишке ашары айтылды.
Трамп Зеленскийди “шайлоосуз отурган диктатор” деп атады. Москвадагы “Крокус Сити Холлдогу” теракт боюнча комментарий жазган кыргыз жараны Бекзат Абдинасир уулу Орусияда үч жылга абакка кесилди. Жер кодексинине нааразы болгон кырктай адам Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыкты.
АКШ жана Орусиянын жогорку расмий өкүлдөрү Украинадагы согушту токтотуу боюнча алгачкы сүйлөшүүлөрүн өткөрдү. Сауд Арабиясындагы жолугушууга Киев чакырылган жок. Президент Владимир Зеленский Украина катышпаган тынчтык сүйлөшүүлөрүн тааныбай турганын айтты.
АКШ жана Орусиянын делегациялары Эр-Риядда жолугушту. Сүйлөшүүлөрдө эки тараптын чыңалган мамилелерин жакшыртуу жана Украинадагы согушту токтотуу жолдору талкууланары кабарланган. Киев жана Еврошаркет бул жолугушууга чакырылган эмес.
Үч жыл мурун Орусия Украинага басып кирип, кеңири масштабда согуш баштагандан бери кыргыз паспортун алууга кызыккан орусиялыктар үчүн гүлдөгөн жаңы рынок пайда болду. Ар кандай визалык чектөө, санкцияларга туш болгон орусиялыктарга кыргыз паспорту чет өлкөлөргө чыгууда бир топ жеңилдик берет.
АКШнын мамкатчысы Марко Рубио менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сауд Арабиясында Украинадагы согушту токтотууну талкуулайт. АКШ Азиядан барган 100дөн ашык мигрантты Панамага депортациялады. Өзгөндө окуучулардын мушташы боюнча “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду.
18-февралда АКШнын жана Орусиянын башкы дипломаттары Сауд Арабияда жолугат. Маалыматка караганда, алар мамилелерди калыбына келтирүү жана Украинадагы согушту токтотууну талкуулайт. Ошол эле маалда Киев ал сүйлөшүүлөргө катышабы же жокпу белгисиз.
АКШнын прокуратурасы Кыргызстандын жараны Сергей Жарновниковго ок атуучу курал-жаракты Орусияга мыйзамсыз ташыды деген айып такты. Ал бул куралдарды Америкадан Кыргызстанга алып келип, андан соң Орусияга жөнөткөн деп шектелүүдө. Жарновниковдун адвокаттары бул айыптар боюнча үн ката элек.
Кыргызстандык Жамал (аты өзгөртүлгөн) Америкага мыйзамдуу кирүүгө үмүт кылып, азыркы тапта Мексикада отурган мигранттардын бири. Ал Тихуанага үч баласы менен жыл башында барган. Ижарага батир алып, айына 1500 доллар төлөп жашап жатканын, күнүнө 5 миң сомдой тамак-ашка короторун айтып берди.
Орусиянын дрон соккусу Чернобыл АЭСнин саркофагына тийди. “Дордой” базарында соодагерлердин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн базардын администрациясы көзөмөлдөй турган болду. Милиция Баткенде 16 жаштагы өспүрүм теңтушун бычактаганын кабарлады.
Бишкектеги №72 мектептин жана Кара-Суудагы №39 мектептин жетекчилиги эки окуучунун өлүмүнөн кийин кызматтан четтетилди. Трамп Путин жана Зеленский менен телефондон сүйлөштү. Парламент “Жер кодексинин” жаңы редакциясын үчүнчү окууда кабыл алды.
Дагы жүктөңүз