Евразия тарыхында ар бир диктатор жана авторитардык төбөл жөнүндө куйкум тилге ширелген азилдер арбын чыгарылчу. Азыркы Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин да соңку чейрек кылым бою саясий азилдердин бутасына айланып келет.
*********
Кремлдин басма сөз катчысы өз досуна айтты:
– И-и, күн сайын президентибизге Беларус, Түндүк Корея, Венесуэла жана, жок дегенде, Буркина-Фасо тараптан мамлекет башчылары телефон чалып турушса экен?
– Эмнеге?
– Ошондо ал өзүнүн эл аралык чөйрөдөн бөлүндүдө калганын сезбейт эле да!
*********
– Менимче, Орусиядагы көйгөйдүн баары – Путиндин ичимдик ичпестигинен болууда. Ельцин сонун ичээр эле, өлкө да демократиялуу болчу. Медведев кызымтал жүрчү, анын тушунда бир аз либералыраак болдук. Кара басып, анан Путин кайра келип албадыбы. Деги Мишустин ичет бекен?
– Ал таптакыр ичкиликке жок дешет.
– Кокуй, анда өлкөбүз ого бетер ойрон болот турбайбы!..
*********
– Маскөөнүн кээ бир коноктору путинчи кемпирлерден дагы ашып түшүп, “Путинди бийликте узагыраак сактап калгын!” деп кудайга миң мертебе жалбарышууда!
– Алар кайсы апенди чалыш коноктор экен?
– Акаев, Янукович, Башар Асад...
*********
– Путин эми Айды карай кол сермечү программасы жанданаары жөнүндө жар салды дешет.
– Ка-ап, эми Айда эмне күнөө бар эле дейм да!..
*********
– Эмне үчүн Венгрия менен Словакиянын азыркы өкмөт башчылары Путинге барып акылдашып жатышат?
– Орус газынын жардамы менен шайлоодон утуп чыгуунун ыкмасы жөнүндө кеп-кеңеш угуу аларга ашыкча эмес.
*********
Путин: – Сүйлөшүүлөрдү Минск шаарында өткөрөлү.
Зеленский: – Биз Варшава шаарын сунуштайбыз
Путин: – Ал жакта мени камап, Гаага сотуна жөнөтүшөт да...
Зеленский: – Бирок Орусия элинин кызыкчылыгы толук сакталмак!
*********
Путин согуш башталганда Украинага:
“Жагабы сага, же жакпайбы, эми чыда, сулуу бийке!”
Путинге Украина согуштун этегинде:
“Жагабы сага, же жакпайбы, эми өзүң чыдай көр Гаагада!”
*********
Путин жана диагноз:
өлкөдө өмүр бою чексиз бийлик кылуу – ушунчалык ширин нерсе тура, бул таттууну колдон чыгаргыча, мамлекет башчы өз өлкөсүнүн калкы менен чогуу көз ачып-жумгуча бейишке кетип, калгандарын бүт дароо тозок отуна күйгүзүүнү гана артык көрөт!
*********
Путин Кремлдеги айрым расмий жолугушуулар маалында кабылдоосуна келгендерден 20 метрдей алысыраак отурган кездеги анекдот:
– Урматтуу президент, мага дүрбү алып келишсинчи! Мен алысты жакшы көрө албай жүрөм.
*********
Геленжиктеги ак сарай тууралуу тасма баянга Путиндин ачуусу келди:
– Муну дароо өзгөрткүлө! Өтө эле кооз болуп калыптыр! Көз тийбесин!..
– Кайсы долбоорду үлгү кылып алсак, урматтуу Владимир Владимирович!
– Навальныйдын тасмасын негиз кылып алгыла.
*********
НАТОнун улам кеңейишинен чочулаган Путин элине жар салды:
"Өлкө – кас-душмандын курчоосунда!" ("Страна в кольце врагов").
Эргулдугун көрүп ал, айтканын кылды! (Пацан сказал, пацан сделал).
[Ар кандай саат-балакеттен алыс туруу үчүн Финляндия менен Швеция НАТОго кирип алышты].
*********
Жаңы жылдык куттуктоодон соң, көгүлтүр экранга тигилген орусиялык:
– Деги, урматтуу Владимир Владимирович! Мындан ары бизди “жаркын келечегиңизге” чакырбай эле коюңузчу. Тойдук!.. Андан көрө мындан ары жамандыгыңызды азыраак көрөлү!
*********
Путин:
– Ельцинден кийин турмушубуз кыйла оңолуп эле кетти! Керек болсо элеттеги чукоткалык жөнөкөй акимибиз британдык Челси футбол клубунун кожоюну болуп калбадыбы!
*********
– Мен кечээ Путинден Фома жөнүндө сурап көрдүм.
– Анан?...
– Анан ал Ерёма жөнүндө кенен айта баштаса болобу!..
[Орус фолклорунан алынган сөз оюну].
*********
– Университеттик дарсканаларга эч жолобостон, сабакка онлайн гана катышкан эркек студенттердин саны кескин өстү. Ковид деле жок го, эмне себеп болду?
– Путиндин чектелүү мобилизация тууралуу сөзү үркүттү... Бирок мени айтты дебе!
*********
(Ар кыл интернет булактарынан)
Шерине