38 жаштагы Салван Момика Швециянын Седертелье шаарында киши колдуу болду. 29-январда полицияга ал жашаган көп кабаттуу үйдө ок атылганы тууралуу кабар түшкөн. Күч кызматкерлери окуя болгон жерге барганда бир киши ок жегени аныкталган, ал ооруканага жеткирилип, кийин каза болгону кабарланган.
Швециянын борбор шаары Стокгольмдун райондук соту ал набыт болгонун тастыктады.
Ошол күнү Швецияда "улуттук жана этностук топторго каршы кыянаттыкка барган" деген негизде козголгон кылмыш иши боюнча сот өкүм чыгармак. Швециялык SVT телеканалынын маалыматында, бул иш боюнча Момикa менен кошо дагы бир киши айыпталып жаткан. Кол салуу мына ошол өкүм чыгарылат деп жарыяланган убакыттан бир нече саат мурда жасалды.
Жергиликтүү басылмалар сот отурумунун мөөнөтү башка күнгө жылдырылганын, экинчи айыпталуучу Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына "Мен кийинкимин" деп жазганын кабарлашты.
Маалымат каражаттары жазгандай, Момиканы ал ТикТок социалдык тармагы аркылуу түз обого чыгып жаткан маалда атып кетишти. Айрым басылмалар кол салгандар видеого түшүп калышы мүмкүн экенин белгилешти.
Окуя болгон күнү полиция беш шектүүнү кармаганын, алардын бардыгы 18 жаштан жогору курактагылар экенин кабарлаган.
Прокурор Расмус Оман "Франс Пресс" агенттигине курган маегинде окуяга шектүү беш киши камакка алынганын ырастады.
"Көп маалымат чогултулуп жатат. Кылмышка катыштыгы бар деген шек менен беш адам кармалды", — деп билдирди ал.
Тышкы күчтөр таасир эткенби?
Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон 30-январда маалымат жыйынында Салван Момикага кол салууга "тышкы күчтөрдүн байланышы болушу мүмкүн" деген кооптонуу бар экенин айтты.
"Бул окуя коопсуздук үчүн эмнени билдирерин айтуу али эрте. Көп нерсе мунун артында эмне турганын полиция жана коопсуздук кызматтары иликтеп чыккандан кийин билинет. Мен сизди ишендире алам, коопсуздук кызматтары жигердүү иштеп жатат, анткени чет элдик күч менен байланыш бар деген коркунуч бар", - деди Кристерссон.
Вице-премьер-министр Эбба Буш ирактык качкынга кол салууну айыптады.
"Бул биздин эркин демократиябызга коркунуч. Биз ага коомубуздун бардык күчтөрү менен туруштук беришибиз керек", - деп жазды ал Х баракчасына.
Чуулгандуу акциялар
2023-жылы жай айларында Скандинавиядагы эки мамлекетте бир нече жолу Куранды өрттөө акциялары өткөн. Буга байланыштуу ондогон мусулман өлкөлөрүндө нааразылык митингдери уюштурулуп, Швеция менен дипломатиялык алаканы үзүү чакырыктары айтылган.
Expressen басылмасы жазгандай, Ирактын Эл-Куфа шаарында Момиканы өлтүргөн кишиге эки миллион доллар жана эки килограмм алтындан жасалган Курандын көчүрмөсүн берүүнү убадалашкан.
Буга чейин pасмий Багдад Стокгольмдон Момиканын экстрадициясын талап кылган. Ал Иракта динге акарат келтиргени үчүн үч жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал эле.
Кыргызстан бул маселени чечүүнүн мыйзамдуу жолун табууга үндөгөн.
Көп өтпөй Дания менен Швеция Куран китебин өрттөөгө жол бербөөнүн "юридикалык жолдорун" караштырып жатканын билдирген.
Швециянын Улуттук коопсуздук кызматы 2023-жылы 17-августта өлкөдөгү террордук коркунуч деңгээлин беш баллдык система боюнча төртүнчү баскычта деп баалаган.
Куранды же башка диний китептерди өрттөө Данияда кылмыш катары саналбайт. 2017-жылы өлкө парламенти кылмыш ишин ачууга жол берген "динге акарат келтирүү" тууралуу беренени жокко чыгарган.
Салван Момика деген ким?
Салван Момика Швецияга 2018-жылы барган. Ырасталган маалыматтарга караганда, 2021-жылы ал үч жылга Швецияда расмий жашоого уруксат алган.
France24 басылмасы жазгандай, Момика бардык социалдык тармактарда, өзгөчө ТикТок менен Фейсбукта активдүү болгон. Бардык аккаунттары ал Швецияда качкын макамын алгандан кийин ачылган.
Момика өзү жергиликтүү басылмаларга курган маегинде Швециядагы улутчул партияга мүчө экенин, алтургай бул партиянын атынан өкмөткө барууга ниети бардыгын билдирген.
Ал өзүн атеист деп атап, ислам динине каршы кескин билдирүүлөрдү жасап келген. 2023-жылы Куран китепти өрттөгөн акцияларды уюштурганда ондогон мусулман өлкөлөрүндө нааразылык толкуну жаралган, ал эми динге жамынган радикал күчтөр теракт уюштуруп, өч аларын эскертишкен.
Швеция бийлиги 2023-жылы Момиканы депортациялоо чечимин кабыл алган. Буга анын качкын макамын алып жаткан маалда жалган маалымат бергени негиз болгон. Анткен менен кийин ал мекенинде кыйноого жана адамгерчиликсиз мамилеге кабылышы мүмкүн деген жүйө менен Швециядан чыгарылган эмес. Алтургай анын качкын макамынын мөөнөтү дагы үч жылга узартылган.
Шерине