Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:18

Каракол шаарынын биринчи вице-мэри кармалды


УКМК тараткан сүрөт. 29-март, 2025-жыл.
УКМК тараткан сүрөт. 29-март, 2025-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Каракол шаарынын А.Э.А. аттуу биринчи вице-мэри кармалганын 29-мартта кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, ал муниципалдык жер тилкелерин арзан баада саткан деп шектелүүдө.

Атайын кызматтын белгилешинче, 2021-2022-жылдары Кашка-Суу кичи районунан көп кабаттуу социалдык үй жана студенттик жатакана куруу үчүн Каракол шаардык мэриясы 8312,9 чарчы метр жер тилкесин бөлүп, аукционго коюлган. Кийин өлкө жетекчилигинин муктаж болгондорду арзан турак жай менен камсыз кылуу боюнча талаптарын аткаруу үчүн мурда аукционго коюлган жерге көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) берүү пландаштырылган.

“Каракол шаарынын мэриясынын жер комиссиясынын башында турган Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Э.А. жер тилкени МИКке өткөрүп берүү пландаштырылып жаткандыгын билип туруп, өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, аталган кыймылсыз мүлктү А.Н.К. аттуу жаранга жеке менчикке берүү үчүн аукцион өткөргөн”, — деп жазылды маалыматта.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча А.Э.А. кармалып, Каракол милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Ушул убакка чейин Каракол шаарында биринчи вице-мэрлик кызматта Эрлан Айсаракунов иштеп келген.

Шектүүнүн адвокаты, жакындары жана мэрия УКМКнын маалыматы боюнча комментарий бере элек.

Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания салдырып жаткан үйлөрдүн бир чарчы метри Чүй облусунда жана Бишкек шаарында 650 доллар, ал эми Талас, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 700 доллар экенин билдирген. Ал “Алыскы аймактарга курулуш материалдары Бишкектен ташылып жаткандыктан турак жайлардын бир чарчы метри 50 долларга кымбатыраак” деп түшүндүргөн.(КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG