Трамптын жарлыгы, токтогон долбоорлор
Таласта бир топ жылдан бери жаштар менен иштеген коомдук уюмдун жетекчиси Бектур Медетов учурда ал иштешип жаткан долбоорлор токтотулганы тууралуу кат алган. Ал долбоорлор аркылуу аймактагы коомдук уюмдарга жана муниципалдык ишканаларга жардам берип келген.
АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жардамы менен ишке ашып жаткан долбоор убактылуу токтоп калганына ал тынчсызданып жатат:
"Эки долбоор бар болчу, экөө тең Трамптын жарлыгынын негизинде үч айга токтоду. Келишим үзүлдү. Алардын бирөө коммерциялык эмес уюмдарга юридикалык маселелер, салык саясаты боюнча кеңеш берүү болчу. Экинчиси Кара-Буура айыл өкмөтүнө карашуу айылдардын таштандысын чыгарууну уюштурууга көмөктөшүү болчу. Мага ошол жарлыктын негизинде келишимдер токтотуларын айтышты. Эми уланабы же уланбайбы, белгисиз болуп жатат".
20-январда АКШнын ишке жаңы киришкен президенти Дональд Трамп "АКШнын тышкы жардамына кайра баа берүү жана уюштуруу жөнүндө" жарлыгына кол коюп, 90 күн тышкы каржылоону токтотуу чечими кабыл алынган. Ал жарлык кандайча ишке ашары тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Тэмми Брюстун түшүндүрмөсү мекеменин сайтына жарыяланган.
Анда акыркы үч айда чет өлкөгө көрсөтүлүп жаткан каржылоонун натыйжалуулугу жана АКШнын кызыкчылыгына төп келер же келбеси кайра каралып чыгары жазылган.
“Мамлекеттик катчы Марко Рубио айткандай, “биз сарптаган ар бир доллар, каржылаган ар бир программа жана ишке ашырган ар бир саясат үч жөнөкөй суроого жооп бериши керек: Ал Американы дагы коопсуз кылабы? Ал Американы күчтүрөөк кылабы? Американын бакубаттуулугун арттырабы?”, - деп айтылат Тэмми Брюстун 26-январдагы билдирүүсүндө.
Быйыл Кыргызстанга канча каражат каралган?
АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтындагы маалыматка таянсак, 2025-жылы Кыргызстан үчүн жалпысынан 39,6 миллион доллар суралганы жазылып турат.
Ал сумманын негизги бөлүгү болгон 24,3 миллион долларды Европага, Евразияга жана Борбор Азияга жардам программасынын алкагында берүү пландалып жаткан.
Бул каражатты экономиканы өнүктүрүүгө, билим берүү жана социалдык кызмат сапатын жакшыртууга, демократияны бекемдөөгө, адам укуктарын жана мыйзам үстөмдүгүн камсыздоого жумшоо мерчемделген.
Ошондой эле Глобалдык саламаттык сактоо программасы аркылуу 12 миллион доллар бөлүнөрү, анын 6 миллион доллары кургак учук илдетине каршы күрөшүүгө, 6 миллион доллары инфекциялык ооруларды алдын алууга суралган.
Ал эми калган каражат коопсуздукту камсыз кылууга, терроризмге жана маңзаттын жайылышына каршы күрөшүүгө коротулары жазылган.
Медицинага жардам
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева Кыргызстандын медицина тармагына АКШнын жардамы чоң экенин айтып, ал өлкө каржылаган долбоорлор боюнча маселе жарала электигин билдирди:
"Биз азырынча Глобалдык фонддон силерди каржылоону токтоттук деген билдирүү ала элекпиз. Бирок кайсы бир бөлүгү токтоп калабы, азырынча белгисиз. Албетте, көпчүлүк фонддордун акчасын Америка берчү. Биздин долбоор боюнча үч жылга келишим түзүлгөн, алар келет. Андан кийинкисине суроо жаралып калышы ыктымал. Азырынча бизде эч нерсе токтой элек. Акыркы жылдары АКШнын USAID уюмунун кургак учукка каршы күрөшүүгө багыттылган долбоорлору көп болчу".
Саламаттык сактоо жаатындагы эксперт Айбар Султангазиевдин айтымында, аталган эл аралык уюм ВИЧти алдын алууга жана кургак учукка каршы күрөшүүгө көп каражат бөлүп келди. Ал соңку жагдай азыр таасирин бербесе да мамлекет өзү каржылоого даяр болушу керек деп эсептейт:
"Улуттук фтизиатрия борбору, СПИД борбору кыйналып калышы мүмкүн. Анткени аларга кошумча айлык берилчү, бул токтоп калат. Ал жок болгондон кийин ал жактагы дарыгерлер жумуштан кетип калышы мүмкүн. Менин оюмча, бул каражат такыр эле токтоп калышы да мүмкүн. Ошондуктан жетишпеген, сөзсүз керек болгон дарыларды мамлекет караштырып, каражат бөлүшү керек".
АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөнүн ар кайсы тармактарын өнүктүрүүгө багытталган жүздөгөн долбоорлорду ишке ашырып келет. Уюм 1992-жылдан бери өлкөнүн өнүгүшү үчүн жалпысынан 600 миллион доллардан ашуун жардам көрсөткөн.
Аталган уюм Кыргызстандын айыл чарба, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик башкаруу жаатында ар түрдүү долбоорлорду жана программаларды ишке ашырып, көз каранды эмес жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүн колдоп келет.
Айыл чарбага таасири кандай?
Мурдагы айыл чарба министри, "Мөмө" ассоциациясынын башчысы Тилек Токтогазиев АКШ бийлигинин соңку чечими анын жазгы талаа жумуштарына кедергисин тийгизип жатканын айтууда.
"Мөмө" ассоциациябыз менен USAIDдин программалары бар эле, анын бүт баары жазгы жумуштарга байланыштуу эле, азыркы мезгилге өтө маанилүү болчу. Азыр ал жактан каражат токтоп калганы жазгы иштерге чоң коркунуч салып турат. Өзгөчө үрөн, жаңы технология алуу жагынан коркунуч болуп турат. Бул үч айдан кийин кайра баштаса ага деле ыраазы болобуз, бирок негизги мезгилди өткөрүп жиберип жатабыз".
Кыргызстанда USAID уюмунан сырткары АКШнын Улуттук демократиялык институт (NDI) жана Эл аралык республикалык институт (IRI) уюмдары да иштейт. Алар негизинен демократиялык баалуулуктарды жайылтууга, мамлекеттик органдардын эффективдүү иш алып барышына көмөктөшүп келет.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев аталган уюмдар өлкөдө парламентаризмдин түптөлүшүнө салымы зор экенин айтууда:
"Эл аралык уюмдардын Кыргызстанга жардамы эгемендик алган жылдардан бери көп болду. Мисалы, ошол эле USAID айыл чарба тармагына тамчылатып сугаруудан баштап, саламаттыкты сактоо тармагында ооруканалардагы дары-дармек сактаган муздаткычтарды USAID сыяктуу уюмдар алып берген. Ошондой эле миграция тармагына көп каражат салып, өкмөттөн кетчү каражаттын бир топ бөлүгүн көтөрүп берген учурлар болду. Ал үчүн кыргыз өкмөтү рахмат айтышы керек деп ойлойм".
Маданият жана билим берүү
АКШнын USAID эл аралык өнүктүрүү агенттиги соңку жылдары эл аралык Интерньюс уюму менен биргеликте өлкөнүн маданият жана журналистика тармагына да көңүл бөлүүдө.
Маселен, аймактагы журналисттерди окутуп, заман талабындагы көндүмдөрдү үйрөтүүдө. Мындан сырткары, улуттук "Манас" театры менен иштеп, "Билим айтыш" долбоорун негиздеген.
"Жаңы сунуштап жаткан долбоорлор токтоп калды. 90 күндөн кийин билинет деп жатат. Негизи мен үч уктасам да USAID, Интерньюс уюмдары маданиятка, Манаска, айтышка көңүл бурат деп ойлогон эмесмин. Американын саясатын ырда, муну кыл деген бир дагы сөз болгон жок. Тең ата сүйлөшүп, учурда биз утушта баратабыз. Бизге аябай чоң пайда алып келди. Көп жардам беришти. Уч жылдын жүзү болду иштешип жатканыбызга", - деди "Манас" театрынын жетекчиси Нурбек Талантбек уулу.
Ошондой эле аталган уюмдун “Окуу керемет!” долбоору Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып келет. Өлкөдөгү жалпы мектептердин 75% камтыган долбоордун максаты башталгыч класстарда окууну жана математиканы окутуу сапатын жогорулатуу болуп саналат.
АКШнын USAID уюму да, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да соңку чектөөлөр боюнча коомчулукка расмий билдирүү тарата элек.
"Биз суранган жерге жардам берсе"
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов АКШ бийлигинин соңку кадамын кубаттай турганын айтууда. Анын пикиринде, айрым программалар эскирип, актуалдуулугу жоголгон.
"Албетте, эл аралык уюмдарга баарына ыраазыбыз. Алардын кызматташуусун, жаңы технологияларды, ыкмаларды, жолдорду көрсөтүп жатканын ыраазычылык менен кабыл алабыз. Учурда USAIDдин программалары токтотулуп турса, муну да түшүнүү менен кабыл алабыз, керек болсо колдойбуз. Анткени бизде дагы кандайдыр бир пикирибиз бар. Бир канча программа 30 жыл мурун актуалдуу болсо, азыр жок. Мындан ары улуттук мамлекет, өкмөт, өзүбүз бул жерден жардам бериңиз деп сурансак, ошол жерге жардам берсе, а калганына киришпей койсо болот эле".
АКШнын эл аралык жардам сайтындагы маалыматка караганда, 2024-жылы АКШ Кыргызстанга 38,4 миллион доллар бөлгөн.
Кошмо Штаттарда кабыл алынган соңку чечимдер “болочокто андай жардам биротоло токтойт” дегенди билдирбейт.
АКШнын президенти Дональд Трамптын жарлыгында жазылгандай, эгер кайсы бир жардам программасынын Американын тышкы саясатына канчалык шайкеш келери каралып бүтсө, ал программа 90 күнгө жетпей деле кайра калыбына келиши мүмкүн. Ал эми болочоктогу жаңы жардам программаларына Мамлекеттик департаменттин же ал дайындаган мекеменин макулдугу талап кылынат.
Мындан тышкары мамлекеттик катчы Марко Рубио адам өмүрүн чукул сактап калуу багытында иш алып барган гуманитардык программаларга долбоорлорун убактылуу улантууга уруксат берген.
Шерине