Швецияда мусулмандардын ыйык китеби Куранды өрттөгөн чуулгандуу акцияларды уюштуруп жүргөн ирактык качкын Салван Момика 29-январда киши колдуу болду. Жергиликтүү маалымат каражаттары ал ТикТок социалдык тармагы аркылуу түз обого чыгып жаткан маалда атып кетишкенин жазышты. Салван Момика деген ким?
АКШнын президенти Дональд Трамп 20-январда "АКШнын тышкы жардамына кайра баа берүү жана уюштуруу жөнүндө" жарлыкка кол коюп, тышкы каржылоону 90 күнгө токтотуу чечимин кабыл алган. Бул жарлыктын Кыргызстанга кандай таасири бар? Кыргызстандыктар АКШдан кандай жардам алат?
Президент Жапаров интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзамга кол койду. Соңку айда Орусия Покровскиге дрон чабуулдарын күчөттү. Кыргызстанга Абхазиядан, Армениядан алынып келген автоунааларды мыйзамдаштыруу жараяны 1-мартта башталат.
Газада ок атууну токтотуу жана туткундарды бошотуу боюнча келишим аткарыла баштады. Бул макулдашуу тилкеде тынчтыкты орното алабы? Тараптар кандай милдеттенмелерди алган? Келишимди кандай тобокелдик тооруп турат?
Украин армиясы Орусиядагы мунай заводго сокку урганын билдирди. 29-январга караган түнү Орусиянын кеминде жети облусу дрондордун жапырт чабуулуна кабылганы кабарланды.
Бишкек шаардык соту Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин бөгөт чарасы боюнча апелляциялык арызды карап, үчөөнү тең камакта калтырды.
Путин украин Зеленскийди “легитимсиз” деп, аны менен түз сүйлөшүүгө барбастыгын билдирди. АКШда мыйзамсыз миграцияга каршы рейдде мигранттар кармалып, депортацияланууда. Соцтармакка пикир жазган үчүн 3 жарым жылга кесилген Каныкей Аранованын жаза мөөнөтүн жылдыруу арызын сот четке какты.
АКШда мыйзамсыз миграцияга каршы рейддер уланып, мигранттарды кармоо жана депортациялоо күн сайын жүрүүдө. Мындай жараяндан улам Кошмо Штаттарда жашаган кыргызстандыктар да чочулап, арасында жумушка убактылуу чыкпай койгондор да болгон.
АКШда мыйзамсыз миграцияга каршы рейддер уланып, мигранттарды кармоолор жана депортациялоо күн сайын жүрүүдө. Мындан улам бул өлкөдө жашаган кыргызстандыктар да чочулап, жумушка убактылуу чыкпай койгондор болууда.
27-январда Түркиянын Анталия шаарында кыргызстандык аял өз жанын кыюуга аракет кылганы кабарланды. Жергиликтүү кабар агенттиги полиция кызматкерлери "жардан кулайм" деген аял менен төрт саат сүйлөшүп, аны аман сактап калганы тууралуу маалымат таратты.
Дагы жүктөңүз