Кыргызстанда эртең 30-мартта Орозо айт намазы жума мечиттерде окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.
Айт намазы 07:30да башталат. Ага чейин, 06:15тен баштап баяндар айтылат.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул күнү коопсуздук күчөтүлүп, Орозо айт майрамына карата 9 миңден ашык милиция кызматкери коопсуздукту камсыздай турганын билдирди.
Орозо айы быйыл 1-мартта башталган.
Былтыр коопсуздуктан улам Орозо айт намазы облус, шаарлардын аянттарында эмес, мечиттерде гана окулган. Бир канча жылдан бери Орозо айт жана Курман айт намазы Бишкектин эски аянтында, облус борборлорундагы аянттарда окулуп, ага он миңдеген киши катышып келген. 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам намаз мечиттерде гана аралык сактап окулган. (КЕ)
Шерине