Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:08

Кыргыз паспортун саткан орусиялык ортомчулар


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Үч жыл мурун Орусия Украинага басып кирип, кеңири масштабда согуш баштагандан бери кыргыз паспортун алууга кызыккан орусиялыктар үчүн гүлдөгөн жаңы рынок пайда болду. Ар кандай визалык чектөө, санкцияларга туш болгон орусиялыктарга кыргыз паспорту чет өлкөлөргө чыгууда бир топ жеңилдик берет.

Ошол эле маалда коңшулаш өлкөлөрдөн жер которуп келген этностук кыргыздар Кыргызстандын жарандыгын алууда кыйынчылыктарга туш болот.

Байманаcы ташыган орусиялыктар башынан эле Кипр жана Мальта сыяктуу офшорлордогу “алтын” паспорт жана виза программалары аркылуу финансылык коопсуздугун камсыз кылууга жана эки жакка эркин каттоого умтулуп келген.

Бирок Кремлдин Украинадагы толук масштабдуу согушу башталгандан кийин Орусия эл аралык экономикалык санкцияларга туш болуп, орус жарандарына ары-бери каттоого чектөөлөр киргизилген. Мындай жагдай жакынкы өлкөлөрдүн биринен экинчи паспорт алгысы келген орусиялыктардын гүлдөгөн рыногун жаратты. Ал өлкө - Кыргызстан. Кыргызстандын өзүндө буга бардыгы эле кубанып кеткен жок.

“Орусиялык блогерлер шылдың кылып, “мына, кыргыз жарандыгын сатып алсаңар болот, оңой эле бүтөт, бул жакка төлөйсүңөр, анан жарандык аласыңар” деп жарнамалап жатышат”, - деп билдирген депутат Дастан Бекешов Жогорку Кеңештин январь айындагы жыйынында.

Өкмөттүк мекеме “Азаттык” радиосуна жөнөткөн расмий маалыматка ылайык, 2022-жылдын башынан же Украинадагы согуш башталгандан тарта кыргыз паспортун алган орус жарандарынын саны кыйла өскөн.

Кыргызстандын 7 миллиондон ашык калкына салыштырмалуу жогорудагы сандар анчалык көп болбосо да мындай өсүш орусиялыктарга кыргыз паспортторун сунуштаган онлайн рынок гүлдөгөн учурга туш келди. Бул жагдай көз боемочулук жана коррупцияга жол ачпайбы деген кооптонууларды жаратты. Ал түгүл өлкөнүн кадыр-баркына да залака келтирилиши мүмкүндүгүн айткандар бар.

“Бардыгы бизди “Бул эмне деген мамлекет?” деп шылдыңдап жатат”, - деген эле Жогорку Кеңештин өткөн айдагы жыйынында депутат Эмил Токтошев.

Facebook, YouTube жана Telegram сыяктуу социалдык платформаларда тарап жаткан орус тилиндеги жарнамаларда кыргыз паспорту орусиялыктарга бир топ артыкчылыктарды берери белгиленген. Анын ичинде кыргыз паспорту чет жактарга каттоону жеңилдетүүнүн, Украинада согуш башталгандан бери орусиялыктарга эшигин жапкан үчүнчү өлкөлөргө “алтын” виза алуунун жолу катары да көрсөтүлгөн.

Кайсы бир жарнамаларда Кыргызстанда орус тили экинчи тил экени, өлкөдө “саясий стабилдүүлүк” орногону жазылган. Кыргызстан авторитардык башкаруудагы коңшуларынан айырмаланып, узак убакыт бою демократиянын чеби саналып келген. Ошентсе да кыргыз президенти Садыр Жапаров 2020-жылы бийликке келгенден кийин өлкөдө маалымат каражаттарына, жарандык коомго жана сынчыл көз караштагыларга кысым күчөгөнү эл аралык уюмдардын баяндамаларында белгиленип келатат.

Социалдык тармактарда кыргыз жарандыгын сунуштаган жарнамалар.
Социалдык тармактарда кыргыз жарандыгын сунуштаган жарнамалар.

Кыргыз паспортун сунуштагандардын кызмат акысы бир нече миң доллардан 20 миң долларга чейин чапчыйт. Андай ортомчулардын айрымдары кыргыз паспортун тез арада же 3-6 ай ичинде алып берүүнү убада кылууда.

Кыргызстандын расмий өкүлдөрү мынча убакытта паспорт берилиши мүмкүндүгүн, бирок бул мөөнөт арыз качан жазылганына жараша болорун чечмелеп түшүндүрөт. Алар кыргыз паспортун сунуш кылган компаниялар Орусияда болгондуктан аларга каршы кандайдыр бир чара көрүү кыйын экенин ишарат кылышат.

Бирок эл өкүлдөрү Бекешев да, Токтошев да бир нече миң долларга тез арада паспорт алып берүүнү сунуш кылган жарыялардын артында коррупциялык аракеттер болушу ыктымал деп тынчсызданышат.

“Бул жерде укук коргоо органдары дагы ушуну изилдеши керек. Ошол агенттиктердин артында ким турат? Мүмкүн аларга бул жакта отуруп алып, укук коргоо органдарында бирөө жардам берип жатабы? Биз билбейбиз да”, - деди “Азаттыкка” депутат Бекешев.

Бул процесстин чоо-жайын билүү үчүн “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус тилиндеги “Система” иликтөө тобу орусиялыктарга кыргыз паспортторун алып берүүгө жардам берген бир нече ортомчуларга байланышып көрдү. Алардын бири да паспорт алып берүү маселесинде паракорчулук бар экенин ачык айтышкан жок. Бирок ортомчулардын бири кошумча акча процессти тездетиши мүмкүн экенин ишарат кылды.

“Паспортту тез арада алуу жана бул процессти түйшүксүз өтүү үчүн сиздин документти кабыл алган аткаминер менен сүйлөшүү керек болот. Сиздин ишти карай турган жана паспорт алуунун мөөнөтүнө чындап таасирин тийгизе ала турган бир нече аткаминер менен макулдашуу зарыл”, - деди брокерлердин бири.

“Азаттык” радиосу анын аты-жөнүн ачык жарыялай албайт.

Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин Калкты каттоо департаментинин директорунун орун басары Бекзат Ибраимов бул тармакта коррупция же жемкорлук ыктымалдыгын четке какты.

“Коррупция болушу мүмкүн эмес го дейм. Мисалы, жалгыз эле бир киши чечсе, же бирөө менен гана сүйлөшсө, анда балким болушу мүмкүн эле. Бул жакта иш бир нече этап менен өтөт. Анан кандайча ошондой болорун элестете албайм. Бул айткан нерселер чындыкка жатпайт го дейм”, - деди Ибраимов.

Ал январь айында парламенттеги жыйында кыргыз паспортун сунуш кылган орусиялык ортомчуларды “көз боемочулар” деп атаган болчу.

“Биринчиден, ал агенттиктер консультациялык кызмат эле көрсөтүшөт экен”, - деди Ибраимов. - Бизге жаран эч кандай ортомчусуз эле өзү келет”.

Орустардын агымы

2022-жылы февралда Кремль Украинага кол салгандан кийин жүз миңдеген орусиялык, анын ичинде мобилизациядан жана саясий репрессиянын каарынан качкан мигранттар Орусиядан агылып чыга баштаган.

Согуш башталгандан бери кыргыз жарандыгын алууга арыз жазган жана кыргыз паспортун алган орусиялыктардын саны кыйла өскөн.

  • Өкмөттүн маалыматына караганда, кыргыз жарандыгын алган орусиялыктардын саны 2021-жылы 400 чамалуу болсо, 2022-жылы 1122ге, 2023-жылы 5373кө жана 2024-жылы 7122ге жеткен.

Жарандык алгандардын көбү этностук кыргыздар, анын ичинде Украинада согуш башталгандан кийин мекенине кайткан, колунда орус паспорту бар кыргыздар да болгон. Айрымдары орус бийлиги алар аскердик кызматка милдеттүү болгондуктан, өлкөдөн чыгып кетүүгө бөгөт койгонун буга чейин “Азаттыкка” айтып беришкен.

Буга чейин президенттик администрация жарыялаган жаңы кыргыз жарандарынын тизмесине ылайык, согуш башталгандан кийин Кыргызстандын паспортун алгандардын арасында Орусиянын саясий жана бизнес элитасынын өкүлдөрү да бар.

Алардын катарында Тверь облусунун мурдагы губернатору Дмитрий Зеленин, Москванын жанындагы “Сколково” мамлекеттик инновациялык борборунун топ-менежери Кирилл Каем, АКШнын “кара тизмесине” түшкөн, Путиндин “Бирдиктүү Орусия” партиясынын федералдык депутаты Юрий Петровдун аялы менен уулу бар.

2022-жылы согуш башталгандан кийин кыргыз паспортун алган орусиялыктардын бири - эл аралык санкцияга кабылган ишкер Илья Гамбашидзе. Ал Москвадагы Социалдык дизайн агенттигин башкарат. Вашингтон бул компания Кремлдин көрсөтмөсү менен пропагандалык өнөктүктү жетектеген деп санайт.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун украин кызматынын “журналисттик иликтөөлөрдү жасаган “Схема” долбоорунун колуна тийген документтер Гамбашидзенин Украинаны жана анын Батыштагы өнөктөштөрүн каралоого багытталган, ошондой эле Евробиримдиктеги ашынган оңчул саясий партияларга колдоону күчөткөн операцияларынын сырын ачкан.

Кыргызстандын жарандыгын алгандардын арасында Орусиядагы эң кирешелүү жана ийгиликтүү бизнестердин бири Wildberries соода компаниясынын негиздөөчүсү жана ээси Татьяна Кимдин (ред: мурдагы фамилиясы Бакальчук) мурунку күйөөсү Владислав Бакальчук да бар. Ал кыргыз паспортун былтыр жазында эле алганын 7-ноябрда Телеграм-каналына жазып, ага кошумча мурдагы жубайы экөө президент Садыр Жапаров менен түшкөн сүрөтүн да жарыялаган. Ал бул сүрөт качан тартылганын тактаган эмес. Былтыр сентябрь айында Wildberries компаниясынын Москвадагы кеңсесинде болгон кандуу атышуу үчүн Бакальчук кармалып, кайра бошотулган болчу.

Кремлдин сынчыларын жана журналисттерди куугунтуктоого жол ачкан, 2014-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, эгер орус жараны башка өлкөнүн паспортун алса же туруктуу жашоого уруксаты болсо, анда ал тууралуу Орусиянын өкмөтүнө расмий маалымат берүүгө милдеттүү.

Зеленин, Каем, Петров жана Гамбашидзе эмне үчүн кыргыз паспортун алганы тууралуу суроолорубузга жооп берген жок.

Бакальчук кыргыз паспорту ага “кооз жана меймандос өлкөдө бизнес жүргүзүүгө өбөлгө болорун” ачык билдирген.

Советтер Союзу ыдыраганга чейин туулган орусиялыктар Кыргызстан, Казакстан, Беларус жана Орусия кол койгон төрт тараптуу келишимдин негизинде аталган өлкөлөрдүн биринен экинчи паспортту жөнөкөйлөтүлгөн шартта ала алат. Аларга адегенде ошол өлкөдө белгилүү бир мөөнөткө жашоо керек деген талап коюлбайт.

“Азаттыктын” колуна тийген маалыматтар 1991-жылдын 21-декабрына – Советтер Союзу ыдыраганга чейин туулган, кыргыз паспортун сураган жана алган орусиялыктар соңку үч жылда көбөйгөнүн көрсөттү.

Акыры келип кыргыз жарандыгын берген жарлыкка президент Садыр Жапаров кол коёт.

Кыргызстандын президентинин администрациясы кыргыз паспортун алгандардын аты-жөнүн ачык жарыялоону 2023-жылы токтотуп койгон.

Биз кыргыз паспортун соодалаган жарнамалар, айрым орусиялык ортомчулардын билдирүүлөрү тууралуу президенттик администрацияга кайрылдык. Президентке караштуу Жарандык боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы Улугбек Шүкүрбеков атуулдукка арыз тапшыргандар менен комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда эч кандай түз байланыш жок экенин, жарандыкка тапшыргандар тыкыр текшерилерин “Азаттыкка” айтты.

“Бизде андай арыздар мыйзамдын негизинде, анан келишимдин негизинде кабыл алынат. Бирок, алар биринчи келгенде ошол паспорт үстөлдөрүнө келип тиешелүү документтерин көрсөтөт, баары туура болсо гана кабыл алынат. Тийиштүү укук коргоо органдарынан сөзсүз текшерилет, соттуулугу жокпу, кылмышкер эмеспи... Андан кийин бизге даяр документтер келет. Бизге акыркы гана документтер келет, алардын негизинде гана комиссия карап туруп, жарлык даярдайбыз. Башка эч кандай катышыбыз жок”, - деди Шүкүрбеков.

“Азаттык” кыргыз паспортун алууга көмөктөшөбүз деген орусиялык фирмалар менен байланышканда СССР кулаганга чейин туулгандарга жардам беришерин айтышты. Мындай фирмалардын айрымдары паспорт алып берүүгө кепилдик жоктугун билдирсе, башкалары толук мыйзамдуу иш жүргүзөрүн билдиришти.

Башка бир фирма болсо эгер кыргыз аткаминерлерине акча бербесе процесс узарып кетиши мүмкүндүгүн белгиледи.

“Эгер жетиштүү акча бербесең бир жылдан ашык күтүүгө туура келет. Андан тышкары [документтерди тапшыруу үчүн] так бир күндү жана убакытты белгилебей коюшат. Күндү белгилесе да, бир апта бою кабыл албай, анан дагы кийинкиге жылдырып салышат”, - деди дагы бир фирманын менежери.

“Акча менен чечилди”

Четтен келген этностук кыргыздар жарандык алууда тоскоолдуктарга кабылып жаткан маалда интернетте жайылган “кыргыз паспортунун соодасы” айрым депутаттарды түйшөлткөндөй.

“Кыргызстанда эч качан жашабаган кимдир бирөөлөр кыргыз жарандыгын оңой эле алып жатканы, ал эми биздин кандаш этностук кыргыздар аны ала албай жатканы мени таң калтырат”, - деди депутат Дастан Бекешов парламентте туруп.

Депутат Чыңгыз Ажибаев декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстанга турмушка чыгып, очор-бачар болгон аялдар “20-30-жылдан бери жарандык ала албай жүргөнүн” айткан.

“30 жылдан бери алар бала-чакалуу [болду]. Азыр неберелери бар, бирок, тилекке каршы, бүгүнкү күндө жарандыгы жок жүрүшөт”, - деди Ажибаев.

“Азаттыкка” аты-жөнүн жашырууну өтүнгөн этностук кыргыз аял коңшу Тажикстандан бир нече жыл мурда көчүп келгенден кийин өзү эки баласы менен кыргыз паспортун алганын, бирок бюрократиялык тоскоолдуктардан улам күйөөсү жарандык ала албай жатканын айтып берди.

“Мурда айылыбыздан келген 10-15 адамга бир кишинин жардамы менен паспорт алып берген элем. Паспорт алганда бардыгы акча менен болду”, - деди жашы 60ка таяп калган аял. - Алар бир жылдан бир аз ашып, кээ бирлери 6-8 айда алышты”.

Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин Калкты каттоо департаментинин директорунун орун басары Бекзат Ибраимов “Азаттыкка” билдиргендей, этностук кыргыздарга жарандык алууну жеңилдеткен чаралар киргизилген, бирок дагы деле маселелер бар.

“Мисалы, кыргыз улутундагы же башка улуттагы Өзбекстан Республикасынын жарандары бизде көп жылдан бери жашайт экен. Бирок паспортторунун (Өзбекстандын) мөөнөтү өтүп кеткен. Чет өлкөлүк паспортторунун мөөнөтү өтүп кеткен. А бизге жарандыкка тапшырыш үчүн паспорт керек. Ошондуктан ушундай маселелер жаралып жатат”, - деди Ибраимов.

Депутат Эмил Токтошев укук коргоо органдарынан Орусиядагы онлайн базада “кыргыз паспортун соодалаган, жарнамалаган” шылуундарды таап, бетин ачууну талап кылганын, бирок азырынча жооп ала электигин “Азаттыкка” айтты.

“Баарыбызга эле ачык да. Эгерде паспортторду ошондой реклама кылып сатып атса, ал жөн саткан жок да, бул жакта байланышы бар да. Бул жакта кандайдыр байланышы бар”, - деди Токтошев.

Бул иликтөөгө “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун санарип изилдөө боюнча редактору Рийн Альяс салым кошту.

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG