Бул жолдун былтыр жыл аягында курулушу расмий башталган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу менен байланышы бар экени белгиленди.
19-февралда Бишкектеги үч тараптуу жолугушууда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Макмал аймагына чейинки темир жолдун курулушу жакынкы бир жылдын ичинде башталат деп айтылды. Бул үч тараптуу макулдашууга президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, "Кыргыз темир жолу" ишканасы жана америкалык All American Rail Group Global Infrastructure Partner LLC консорциумунун өкүлдөрү кол койду.
"Көлдүн кайсы тарабы аркылуу өтөрү чечиле элек"
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Талант Иманов бул долбоор алкагында Балыкчыдан Каракол шаарына чейин жалпы узундугу 200 чакырымдан ашык темир жол салынарын жергиликтүү медиаларга комментарийинде билдирди:
"Бул Кыргызстан үчүн уникалдуу учур. Бул ири инвестициялык агым, жалпы баасы 3 миллиард доллардай болот. Биз биринчиден жумушчу орундарын түзөбүз. Экинчиден биз уникалдуу жол картасын түзөбүз. Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде ишке ашат. Долбоор 35 жылга созулат. Андан кийин салынган инфраструктуранын баары мамлекеттин карамагына өтөт. Жүк ташуу, жүргүнчүлөрдү ташуу, логистика жагы дагы каралып жатат. Анткени бизде, Ысык-Көл облусунда Кытай менен чектешкен жерде жаңы "Бедел" өткөрмө бекети ачылып жатат. Экономиканы көтөрүү үчүн жасалып жатат. Советтер союзунун убагында темир жол Балыкчы шаарына чейин курулган. Биз аны азыр Каракол шаарына чейин узартканы жатабыз, бул 200 чакырымдан ашат".
Америкалык компаниянын өкүлү Жо Перри анда темир жол жаңы технология менен куруларын айткан.
"Биздин консорциум алты ири компаниядан турат жана эки миң чакырымга созулган темир жолду долбоорлоого катышкан. Макмал-Каракол багытындагы темир жол каттамын европалык технологияларды колдонуу менен салабыз жана ишке кесипкөй адистерди тартабыз".
Маалыматтарга караганда, азырынча Балыкчыдан Караколго чейинки темир жол көлдүн кайсы тарабы менен өтөрү, күнгөйгөбү, тескей аркылуу салынабы, тактала элек.
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун бөлүм башчысы Каратай Жангелдиев "Биринчи радиого" курган маегинде долбоордун экономикалык-техникалык негиздемеси эми даярдаларын, бир жылдын ичинде куруу иштери башталарын билдирген.
"Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ыкмасы колдонулган биринчи ири долбоор. Буга чейин "Кыргыз темир жолу" бул компания менен бир катар жумуштарды алып барыптыр. Инвесторлор бизге, Инвестициялар боюнча улуттук агентикке, "Кыргыз темир жолуна" кайрылып, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк катары ишке ашырсак бизге ылайыктуу жакшы болмок деп кайрылышкан. Биз макулдугубузду берип, ошону менен Министрлер кабинетинин чечими чыгып, келишимге кол коюлду. Эми эки тарап долбоорду чогуу иштеп чыгышы керек. Техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап, бир жылдын ичинде биринчи куруу иштери башталат деп ойлойбуз. Кол коюлган келишимде эки тараптын иштөө принциптери жазылган. Экинчи этап менен даярдоо баскычы башталат. Ошол этапта деталдуу план түзүлөт. Ошол жерде кайсы жер менен өтөт, канча жер керек, бурулуш кайсы жерде болот дегендей баары иштелип чыгат. Буга чейинки сүйлөшүүлөр боюнча бул долбоорго башка ишкерлер дагы катышат деп ойлойм. Себеби мындай чоң долбоорду америкалык компания жалгыз өзү эле ишке ашыра албайт. Албетте биздин ишкерлер, биздин күч керек болот".
"Анголадан Конгого темир жол куруп жатат"
Эми ушул жерден Кыргызстанга инвестиция салганы жатат деген америкалык All American Rail Group Global Infrastructure Partner LLC (AARG) консорциумунун таржымалына учкай токтоло кетели. Расмий сайтындагы маалыматка ылайык, бул консорциум 2022-жылы негизделген жана курамында алты ири компания бар.
"AARG аккредитациядан өткөн жана глобалдык кадыр-барктуу темир жолдорду долбоорлоштурган, курган компаниялардан турат. AARG ири темир жол долбоорлору менен атаандаша алчу жетиштүү финансылык жана интеллектуалдык патенциялы бар. Анын жүгүртүүсү соңку беш жылда 19,7 миллиард доллардан ашкан жана акча жүгүртүү 2 миллиард долларга жакындап калды. AARG үч миңден ашык темир жол долбоорлорун ишке ашыруу, башкаруу жаатында иш алып барып, 2 миң чакырымдай темир жолдун долбоорун даярдаган", - деп жазылган сайтта.
Маалыматтарга караганда, AARG 2023-жылдын аягында Анголанын расмий бийлик өкүлдөрү менен темир жол куруу долбоору тууралуу макулдашкан. Анда жалпы узундугу 340 чакырымды түзгөн темир жолдун курулушу 4,5 миллиард доллар деп бааланган. Ага ылайык, Анголанын борбору Луандадан Конго демократиялык республикасынын түштүгүндөгү Лубумбаши шаарына чейинки каттам болору айтылган.
Темир жолго байланыштуу долбоорлорду аталган консоциумга кирген All American Track компания ишке ашырат. Расмий сайтында аталган компания 2019-2023-жылдары Канзас-Ситиде, Аризонада, Канадада темир жолго байланыштуу чакан долбоорлорду ишке ашырганы көрсөтүлгөн.
Ошондой эле консорциум турак жай курулушу, мейманка бизнеси, биотехнология, айыл чарба, электрондук бизнес жана саламаттык сактоо тармагындагы долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырганын белгилеген.
"Азаттык" бул компаниянын өкүлдөрүнөн долбоор боюнча комментарий ала алган жок.
Буга чейин Садыр Жапаров Балыкчыдан Макмалга чейин темир жолун куруу тууралуу сөз кылган. Ал былтыр жыл аягында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу расмий башталганда жаңы темир жол каттамы өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген жол болорун айткан.
"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу – бул жөн гана транспорттук коридор эмес, бул – Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштыра турган маанилүү стратегиялык көпүрө болуп саналат. Мындан тышкары темир жолду куруунун жана эксплуатациялоонун бардык этаптарында миңдеген жумуш орундары түзүлүп, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына оң таасирин тийгизет. Балыкчыдан Макмалга чейин темир жолу курулуп келип, ушул жолго кошулат. Түндүгүбүз менен түштүгүбүз темир жол аркылуу дагы байланышта болот. Ошондой эле бул жаңы каттам аркылуу Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, Кытай жана Европа сыяктуу дүйнөлүк ири рынокторго жол ачылат", - деген Жапаров.
Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясынын депутаты Элдар Абакиров мындай долбоорлорду ишке ашыруудагы ачык-айкындуулук маселесине токтолду. Ошондой эле тиешелүү адистер мындай кымбат долбоордун Кыргызстанга пайда-зыянын толук эсептеп-чоттоп чыгышы керектигин белгиледи.
"Ал жерде Макмал-Каракол деп турат. Чынын айтсам менде эмне себептен ушул каттамды тандап жатышат толук маалымат жок. Балким азыр адистердин эсеп-кысабы бардыр. Эгер ушунча миң тонна жүк өтсө ушунча акча түшөт деп санап отурушкандыр, 3 миллиард доллар өзүн ушунча убакта актайт деген божомолу бардыр. Эгер аны транзиттик жолго байласа балким туура эсептери бардыр. Бизге логистика керек, курулса жакшы эле болот, бирок ордуна эмне беребиз, мен аны билбейм. Албетте техникалык-экономикалык негиздемеси болуш керек. Анын алдындагы документтер ачык жарыяланышы керек".
Талдоочу Руслан Акматбек темир жол долбоорун ишке ашыруудагы тобокелдиктерди тизмектеди.
"Бул эң чоң ири, эл аралык долбоор экен, ишке ашса экен деп үмүт артып туралы. Америкалык чоң компания келип, кызматташууга ниеттенгени жакшы көрсөткүч. Бирок бизде тилекке каршы, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ачык, ийгиликтүү үлгүсү жок. Ишке ашырганы келгенде эле көбү мыйзамга такайт. Мисалы, Түркияда бул жаатта атайын мыйзам жок туруп эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ыкмасы аябай эле жакшы иштеп келет. Түркия муну абдан жакшы колдонуп келет. Бул жерде эмне маанилүү? Бул жерде саясий-экономикалык туруктуулук маанилүү. Өкмөт, чечимдер тез алмашпай, стабилдүүлүк болушу керек. Ошондо гана бул модель ийгиликтүү иштейт. Америкалык компанияга эмес, өлкө ичинде деле мындай долбоорлордун потенциалы жогору болчу. Кыйыр түрүндө, мындайча айтканда "кустуруу жараяны" аркылуу болуп жатат. Ошону эле укуктук талаада жасаса болот. Тигини айтып, тигиге салдырып, муну сурап, буга салдырбай. Ошону эле мамлекеттик-жеке-өнөктөштүк үлгүсүндө кылса болмок эле. Бизде болсо чечимдер тез өзгөрөт, анан акыркы учурда жеке мүлк кепилдиги жок болуп жатпайбы. Биз ошол нерсени калыбына келтирбесек, муну кол тийгис деп кабыл албасак ушундай долбоорлор айтылып, сүйүнчүлөгөндөн кийин деле калып кетиши мүмкүн. Бардык эле президенттер барган жеринде миллиардаган долларлык келишимдерге кол коюлуп келген. Кайсылары ишке ашты деген суроо жаралат. Принциптердин баары келишим менен аныкталат деп жатпайбы, ошол жерде эле токтоп калышы ыктымал. Мындай ири компаниялар тобокелчиликтерди деле эсептейт да. Анан албетте шарттарды да коет. Ошол шарттарды аткарууга саясий эрк жетеби деген маселе чыгат. Ошондуктан биз ири долбоорго инвестор алып келе турган болсок анда аларга жолтоо болгон ички мыйзамдагы карама-каршылыктарды, кыйынчылыктарды жоюушубуз керек. Жалпы ушундай саясат болушу керек".
Кыргыз бийлиги Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече багытындагы жалпы узундугу 186 чакырымга созулган темир жолду курууну 2022-жылы майда баштап, 2030-жылга чейин аяктай турганы, ага өлкөнүн өз каражаты жумшалары айтылган.
Андан көп өтпөй “Кыргыз темир жолу” Орусиянын компаниялары аталган темир жол долбооруна катышарын билдирген. Буга байланыштуу аталган мекеме “Орусиялык экспорттук борбор” жана “РЖД интернешнл” компаниялары менен 2022-жылы 9-декабрда Бишкекте үч тараптуу меморандумга кол койгон.
Былтыр ноябрда Кыргызстандын транспорт жана байланыш министрлиги АКШ өкмөтүнө бул долбоорго инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштаганы белгилүү болгон.
Соңку маалыматтарга ылайык, учурда бул жолдун 35 чакырымы салынып бүттү.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору
Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ыкмасын пайдалануу 2010-жылдары айтыла баштаган жана буга байланыштуу мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Кыргыз өкмөтү 2016-2021-жылдарга багытталган атайын программа дагы бекиткен. Жеке жактардан инвестиция тартуунун жаңы, натыйжалуу куралы болору айтылган.
Депутат Элдар Абакиров ийгиликтүү долбоорлор болгонуна токтолуп, ошол эле маалда инвестор тартуудагы маселелерди да айтты.
"Мамлекетке керектүү иштер, тактап айтканда коомго керектүү иштер, жол болобу, мектеп болобу, оорукана болобу, ушуга окшогон долбоорлор, аны жеке компаниялар ишке ашырат. Негизи бул мамлекет дагы, жеке компания дагы утат деген модель. Мен экономика министринин орун басары болуп иштеп турган кезде мындай моделдеги эн биринчи долбоор гемодиализ борборлору болгон. Немис компаниясы утуп алган. Кээ бирлери эми кымбат болуп кетти дешет. Бирок ал жерде маселе сапатта да. Ооругандар, гемодиализге муктаждар сапаттуу, жакшы кызматтарды ала башташкан. Менимче жалпысынан жакшы эле ишке ашты. Андан кийин ушул ыкмада бир кинотеатр дагы курулмак, мамлекет жер берип, ошол жерге салынмак, ал долбоор деле жакшы эле болчу. Ушундай бир топ жакшы долбоорлор болгон. Азыр бир аз активдешүү болуп жаткандай. Өзгөндүн жолу деле негизи жакшы долбоор. Бирок ал жерде ачык сынак уюштурулуп, каалагандарын баары катышып, баа жагынан жарыш болуп, мамлекет ошолордун ичинен эн ыңгайлуусун колдоп, ушундай жол менен ишке ашышы керек эле".
Расмий маалыматка ылайык, учурда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде жалпы баасы бир миллиард доллардан ашкан 70тей долбоор ишке ашырылып жатат. Алгачкы ирет ушундай ыкма менен Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарын айланып өткөн, акы төлөнүүчү жол курулган. Бул жолдун ачылышында Садыр Жапаров ички инвесторлорго кайрылып, жол салууга катышууга чакырган.
“Ушундай эле ыкма менен каалоочулар башка альтернативдүү, акы төлөп жүрчү жолдорду курууга катыша аласыздар. Бул ошол эле Суусамыр – Арал альтернативдүү жолу (115 км), Алматы – Кемин – Ысык-Көл авто жолу (150 км), Бишкек – Кемин айланма жолу (105 км), Кемин районундагы Кара-Булак айылына чыгуу менен пландалган Алматы – Узун-Агач – Кара-Кастек – Суранчы баатыр – Кастек – Карасай баатыр унаа жолу (84,4 км), эгерде бул жактан салабыз десеңиздер, Ош шаарынын айланма жолу (35 км), Ноокатта (12 км) жолу да бар. Мындан башка бир топ альтернативдүү жолдорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен салууга даярбыз”, - деген Жапаров.
Ошондон бери бул долбоорлор канча жергиликтүү инвесторду кызыктыра алганы белгисиз.
Өзгөн шаарын айланып өткөн жолдун жолдун узундугу 14 чакырым, туурасы 22 метрди түзгөн жана 200 жана 97 метр болгон эки көпүрө салынган. Инветорлорду Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас тапканы айтылган, кийинчерек ал өзү атасынын кеңеши менен бул долбоордон чыкканын билдирген.
Айрым басылмаларда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ыкмасындагы долбоорго таасирлүү аткаминерлердин, бийликчил депутаттардын жакындары, туугандары аралашып жатканы тууралуу дагы маалыматтар чыккан.
Шерине