Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:50

Эр-Рияддагы сүйлөшүү: АКШ менен Орусия эмнени макулдашты?


Эр-Рияддагы жолугушуу, 18-февраль 2025-жыл.
Эр-Рияддагы жолугушуу, 18-февраль 2025-жыл.

АКШ жана Орусиянын жогорку расмий өкүлдөрү Украинадагы согушту токтотуу боюнча алгачкы сүйлөшүүлөрүн өткөрдү. Сауд Арабиясындагы жолугушууга Киев чакырылган жок. Президент Владимир Зеленский Украина катышпаган тынчтык сүйлөшүүлөрүн тааныбай турганын айтты.

Эр-Рияддагы төрт сааттан ашуун убакытка созулган жолугушуу Вашингтондун Украинадагы 3 жылга аяк баскан согушту токтотуу багытындагы кеңири дипломатиялык аракеттеринин бир бөлүгү болуп калды. Жыйын ошондой эле АКШ жана Орусия президенттеринин саммитине жол ачышы ыктымал.

Сауд Арабиясындагы сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио бул жолугушуу Украинадагы согушту токтотуу үчүн “узун жана татаал жолдогу алгачкы кадам болгонун”, делегациялар төрт принцип боюнча макулдашканын билдирди.

Атап айтканда, жылдарга созулган санкциялар, дипломаттарды өлкөдөн чыгаруу көрүнүштөрүнөн кийин Вашингтондогу жана Москвадагы дипломатиялык миссияларды толук калыбына келтирүү, Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө жогорку деңгээлдеги чабармандарды даярдоо, уруш аяктагандан кийинки геосаясий жана экономикалык кызматташтыкты талкуулоо жана Эр-Риядга барган делегациялардын болочоктогу талкууларга да катышуусун камсыздоо жөнүндө макулдашуу болду.

Рубио Украина боюнча тынчтык келишимине бардык тараптар - Орусия, Украина жана Европа - макул болууга тийиш деп белгилеп, Еврошаркет “кайсы бир учурда” тынчтык жараянына кошулушу керек экенин кошумчалады.

"Бул жаңжалга адилет, бекем, туруктуу, бардык кириптер тараптар кабыл алгыдай жол аркылуу чекит коюу максатын көздөйбүз. Ал кандай болот? Дал ушул маселени биргелешип чечебиз", - деди Американын башкы дипломаты.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров жыйынды “абдан пайдалуу” деп атап, Москва атайын чабарманын тез арада дайындарын билдирди.

“Орусиянын АКШдагы элчисин жана Кошмо Штаттардын Орусиядагы элчисин дайындоону камсыздоо шашылыш жана биринчи кезекте чечилчү маселелердин бири", - деди Лавров.

Ал эми орус президентинин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков кездешүү “жакшы өткөнүн” айтты. Ал белгилегендей, Украина боюнча АКШ менен терең сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимин орус президенти Владимир Путин кабыл алат.

Саудиядагы сүйлөшүү, 18-февраль 2025-жыл.
Саудиядагы сүйлөшүү, 18-февраль 2025-жыл.

АКШнын Мамлекеттик департаменти маалымдагандай, делегациялар жылдардан берки чыңалуудан кийин дипломатиялык мамилелерди нормалдаштырууга жолтоо болгон маселелерди чечүү тууралуу макулдашты.

Мамдептин басма сөз катчысы Тэмми Брюс бир жолку телефон сүйлөшүүсү, андан кийинки бир жолугушуу “туруктуу тынчтык үчүн жетиштүү эместигин”, Эр-Рияддагы жолугушуу узак жараяндагы алгачкы кадам болгонун белгиледи.

Рубиодон тышкары АКШнын делегациясына президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолц жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарман Стив Уиткофф да катышты.

Киев менен Европанын тынчсыздануусу

Украинанын өкүлдөрү Сауд Арабиясындагы жолугушууга чакырылган эмес. Шейшембиде украин президенти Владимир Зеленский Анкарада түрк мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуудан кийин согушка чекит коюуну максат кылган сүйлөшүүлөр Киевсиз жүрбөшү керек деп билдирди.

“Украина, Европа, биздин регион үчүн урушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн орус агрессиясынын кесепетинен жабыркаган негизги оюнчулардын катышуусу жок өткөрүлбөшү маанилүү”, - деди Зеленский.

Украин лидери жекшембиде Дубайга барып, дүйшөмбүнүн кечинде Анкарага аттанган.

Зеленскийдин сапары аймак менен экономикалык алакаларды өрчүтүүнү максат кыларын, Дубайдан кийин Сауд Арабиясына барарын айткан.

Бирок кийин падышалыктагы сапарын кийинкиге калтырууну чечкенин айтты.

Зеленский менен Эрдоган, Анкара, 18-февраль 2025-жыл.
Зеленский менен Эрдоган, Анкара, 18-февраль 2025-жыл.

Еврошаркет континенттин коопсуздугу тууралуу кеп болгондуктан алар да сүйлөшүүлөргө катышууга тийиш деп билдирип келатат.

Дүйшөмбүдө биримдиктин айрым лидерлери, НАТОнун баш катчысы орток стратегияны иштеп чыгуу үчүн Парижде чукул саммитке чогулган.

Жыйында кандай конкреттүү чечимдер кабыл алынганы кабарланган жок. Бирок шаркет жана НАТО коргонууга көбүрөк инвестиция салуу, Киевге ишенимдүү кепилдик берүү жөнүндө макулдашканы маалымдалды.

"Орусия (НАТОго) чоң коркунуч жаратат. Бул согуштун негизги маселеси Украина эмес. Уруш Орусиянын, ал өлкөнүн империялык дымагынын, ири жана кубаттуу өлкө куруу кыялынын айынан жүрүп жатат. Алар Украина менен токтоп калбайт. Ошон үчүн ок атууну тез токтотууга тынчсызданып турам. Себеби бул Путинге жана Орусияга кайрадан күч топтоого мүмкүнчүлүк берет. Кайрадан Украинага же Европадагы башка өлкөгө кол салышы ыктымал", - деп айтты Даниянын премьер-министри Метте Фредриксен.

Эртеси Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Вашингтондун Украина жана Орусия боюнча атайын чабарманы Кит Келлог менен кездешүүдө Европа согушту токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдө АКШ менен иштешүүгө кызыкдар деп айтканын Х социалдык тармагына жазды.

Ал арада орус армиясы кошуна өлкөсүнүн шаар-кыштактарын аткылоону улантууда.

24-февралда Орусиянын күчтөрү Украинага басып кирип, кеңири масштабдагы согуш баштаганына үч жыл болот. Бириккен Улуттар Уюмунун эсебине ылайык, бул аралыкта Украинада кеминде 12 миң жайкын тургундун өмүрү кыйылды. Карапайым тургундар арасындагы жоготуулар мындан кыйла көп болушу мүмкүн.

Согуш тутангандан бери Украина да, Орусия да оң миңдеген аскерлеринен ажыраганы кабарланып келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG