Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Американын куралы Кыргызстан аркылуу Орусияга сатылганбы?


Коллаж сүрөт
Коллаж сүрөт

АКШнын прокуратурасы Кыргызстандын жараны Сергей Жарновниковго ок атуучу курал-жаракты Орусияга мыйзамсыз ташыды деген айып такты. Ал бул куралдарды Америкадан Кыргызстанга алып келип, андан соң Орусияга жөнөткөн деп шектелүүдө. Жарновниковдун адвокаттары бул айыптар боюнча үн ката элек.

Анын алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “АКШ - Кыргызстан - Орусия” багытындагы курал-жарак аткезчилигинин бетин ачканын маалымдаган.

Америкада Кыргызстандын жаранына "ок атуучу курал-жаракты Орусияга мыйзамсыз ташыды" деген айып коюлуп жатканын Нью-Йорк шаарынын Чыгыш округунун прокуратурасы 5-февралда билдирди. Ага ылайык, Сергей Жарновников башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алып, тиешелүү лицензиясыз жана аткезчилик жолу менен АКШдан Орусияга курал саткан деп күнөөлөнүп жатат.

Америкалык сотко жөнөтүлгөн документке ылайык, шектүү быйыл 18-январда жубайы менен Кыргызстандан Лос-Анжелестеги аэропортко учуп барган. Андан ары Shooting, Hunting, and Outdoor Trade (SHOT) жарманкесине катышуу үчүн Невада штатындагы Лас-Вегас шаарына жөнөгөн. 24-январда дал ушул жарманкеге барган учурда кармалган.

SHOT көргөзмөсү. Лас-Вегас. 21-январь, 2019-жыл. Иллюстрация
SHOT көргөзмөсү. Лас-Вегас. 21-январь, 2019-жыл. Иллюстрация

Маалыматка караганда, айыпталуучу экспорт көзөмөлүн кыйгап өтүү үчүн татаал схеманы колдонгон. Ал америкалык компаниядан алган жарым автоматташтырылган куралды Нью-Йорктогу John F.Kennedy (JFK) эл аралык аэропорту аркылуу ташыганы аныкталган.

АКШнын Юстиция министрлигинин Улуттук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Девин Дебейкердин айтымында, “мекеме ок атуучу курал-жаракты Орусия өңдүү тыюу салынган жерлерге аткезчилик жолу менен ташып, өлкө мыйзамдарын бузган адамдарды жоопко тартуу үчүн өнөктөштөр менен кызматташкан”.

Ал эми Федералдык иликтөө бюросунун директорунун жардамчысы Жэймс Деннехи: “Бир нече компанияны колдонуп, Орусияга мыйзамсыз курал сатуу аракети АКШ киргизген санкцияларды буйтап өтүү ыкмасы болушу ыктымал, бирок анын арты камакка алуу менен аяктайт”, - деп билдирди.

Бул иштин бетин ачкан иликтөө Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга салынган санкциялардын, экспорт чектөөлөрүн жана экономикалык контрчаралардын сакталышы менен алектенген KleptoCapture оперативдүү тобу тарабынан координацияланганы маалымдалды.

Документте Жарновниковдун айыбы далилденмейинче ал күнөөсүз болуп эсептелери белгиленет. Бирок айыптуу деп табылса, 30 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. “Азаттыктын” Жарновниковдун жактоочусу же жакындары менен байланышуу аракетинен натыйжа чыга элек.

Кыргызстандын Вашингтондогу элчилиги жана Тышкы иштер министрлиги Жарновниковдун камалышы боюнча комментарий берүү өтүнүчүнө жооп бере элек.

АКШнын Юстиция министрлиги Жарновниковдун ишине байланыштуу Кыргызстандын күч түзүмдөрү менен кызматташканбы же жокпу, ачык билдирген жок.

Кантсе да Америкада кыргыз жараны кармалганы тууралуу кабардын алдында УКМК үч өлкөнү камтыган курал аткезчилиги боюнча схема ашкереленгенин жарыялаган. 31-январда атайын кызмат “АКШ - Кыргызстан - Орусия багыты боюнча ок атуучу курал-жарак, ок-дары жана аскердик техниканы мыйзамсыз жүгүртүү жана алып өтүү боюнча туруктуу канал түзгөн трансулуттук топтун кылмыштуу ишмердигин аныктап, токтотконун” билдирген.

УКМК сөз болгон үч өлкөнүн жарандары 2022-жылдын апрелинен бери тапанча, мылтык, ок дары ташыган эл аралык канал уюштурганын маалымдаган. Билдирүүдө шектүүлөр сөз болгон буюмдарды АКШдагы интернет сайттардан сатып алып, видео жабдыктарга жамынып, бөлүктөрүн Кыргызстанга почта менен салып турганы, ал жерден курап, андан ары Орусияга ташыганы айтылат.

Атайын кызматтын маалыматында быйыл ошондой партияны алып жатканда кыргыз жараны кармалганы, тергөө жүрүп жатканы белгиленген.

АКШда күнөөлөнүп жаткан кыргызстандык менен жогорудагы окуянын ортосунда байланыш барбы же жокпу, белгисиз. “Азаттык” радиосу бул суроону УКМКнын басма сөз кызматына жолдоду. Атайын кызмат бул боюнча кийинчерээк маалымат берерин билдирди.

Жарновников жана анын компаниялары

Сергей Жарновников тууралуу ачык булактарда маалымат жокко эсе. Одноклассники.ру сайтында аты-жөнү ушундай адам 46 жашта экени, Бишкек шаарында туулганы жана аңчылыкты, балык уулоону сүйүүчүлөрдүн тобуна катталганы көрсөтүлгөн. Анын аты-жөнү АКШда камакка алынган шектүүнүн ысымына дал келет.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, Сергей Анатольевич Жарновниковдун атына төрт ишкана катталган жана анын экөө былтыр күзгө жуук гана ачылган.

Жарновниковдун фирмалары

1. "Ремоборонсервис", 2015-жылы ноябрда каттоодон өткөн. Ишмердиги: курал-жаракты, курал-жарак системасын тейлөө жана оңдоо.
2. "Ажы Мамат Компани", 2015-жылы августта кайра каттоодон өткөн. Ишмердиги: ар кандай товарлар сатылган атайын дүкөндөрдө чекене соода.
3."Телепортс" жоопкерчилиги чектелген коом 2024-жылы 22-августта катталган. Ишмердиги: финансылык рынокту башкаруу (Управление финансовыми рынками)
4. "THE GREAT HUNT" 2024-жылы сентябрда кайра каттоодон өткөн. Ишмердиги: адистештирилбеген дүңүнөн соода деп көрсөтүлгөң.

"Азаттык" бул ишканалардын сайтта көрсөтүлгөн даректерине барып келди жана алар негизинен кеңсе эмес, Бишкектеги эски көп кабатуу үйлөрдөгү батирлер экенин, кадимкидей эле тургундар жашай турганын, Сергей Жарновников жана анын кеңсеси болгону тууралуу маалыматтары жок экенин айтышты.

Төрт ишкананын ичинен “Ажы Мамат Компани” өзгөчөлөнүп турат. Кыргызстандын Курал-жаракты сертификациялоо борборундагы маалыматка караганда, "Ажы Мамат Компани" 2022-жылы 10-августта 45ACP калибриндеги KRISS vector CRB G2 (BLK) спорттук-аңчылык мылтыгы үчүн Кыргызстандан сертификат алып, “мыйзамдарда каралган талаптарга жооп берерин” бышыктаган. Ал сертификат бир жылга берилген.

Сертификациядан өткөн мылтык АКШдагы Виржиния штатында орун алган Чесапик шаарындагы KRISS USA компаниясында жасалганын ачык булактардан көрүүгө болот.

Өкмөттүн ачык бюджет порталындагы маалымат көрсөткөндөй, "Ажы Мамат Компани" туруктуу салык төлөп келген. Акыркы эки жылы төккөн салыгынын суммасы көбөйгөн.

Ишкана 2021-жылы 11,4 миллион сом, 2022-жылы - 8,3 миллион, 2023-жылы - 15,5 миллион сом, 2024-жылы - 19,5 миллион сом салык төккөн.

"Ажы Мамат Компани" Жеке күзөт кызматтар бирлигинин мүчөсү экени жөнүндө дагы маалымат бар. Аталган бирикменин башчысы Акжол Исаев Жарновниковду тааный турганын айтты, бирок анын АКШда кармалганы тууралуу укпаганын билдирди:

"Биз ИИМге кайрылабыз. Алар куралга уруксат берет, текшерет. Эми бул жерде ар кандай курал бар. Травматикалык курал бар, сайга бар. Курал боюнча бизде проблема жок. Барды тең орду-ордунда. Бизде курал сатылган, атайын ИИМден лицензия алган дүкөндөр бар. Куралды ошолор алып келет. Мыйзамдын чегинде кайсы куралга уруксат берилсе, ошолордун баарын алып келишет. Ал (Сергей Жарновников - ред.) жакшы эле жигит болчу, мен аны жакшы эле тааныйм. Мыйзамдын чегинде эле иштеп жаткан. Анын кандай кармалганын чынында билбейт экем”, - деди Исаев.

“Азаттык” “Ажы Мамат Компанинин” өкүлдөрүнө жана Жарновниковдун жактоочуларына микрофон сунууга даяр экенин эскертип кетебиз.

Жарновниковдун ысымы 2020-жылы 19-декабрда Бишкектеги курал-жарак дүкөндөн чыккан өрткө байланыштуу аталган. Иса Ахунбаев жана Саякбай Каралаев көчөлөрү кесилишкен жерде жайгашкан курал саткан “Таргет” дүкөнүндө өрт чыгып, 57 жаштагы кызматкери каза тапкан.

Ошондо 24.kg дүкөндүн кожоюну Сергей Жарновников адегенде жарылуу болгонун, андан кийин өрт тутанганын айтып, ал жерде жардыргыч заттардын сакталбаганын белгилеген. Анын айтымында, дүкөндө уруксат берилген спорттук жана аңчылык кылган курал, ок-дары сатылчу.

АКШ айткан “кылмыштуу схема” кандай иштеген?

АКШ прокуратурасынын документтерине ылайык, 2020-жылдын мартынан бери кыргыз жараны Сергей Жарновников Кыргызстан аркылуу Орусияга курал экспорттоо үчүн бир нече киши менен “кутумга барган”. Анын Бишкектеги компаниясы менен Виржиния штатынын Чесапик шаарындагы фирманын ортосунда 900 миң долларга 5 жылдык контракт түзүлгөн.

Америкалык прокурорлордун маалыматына ылайык, Жарновниковду кармоого негиз берген схемага Кыргызстандагы эки ишкана (Компания 1 жана Компания 2) жана Орусиядагы бир компания катышкан. Расмий документтерде аталган фирмалардын аттары аталган эмес.

ФБРдин атайын агентинин шектүүнү камакка алуу арызында (аффидавит) Жарновников Бишкекте жайгашкан курал саткан компаниянын (Компания-1) башкы директору жана ээси экени айтылат. Ал эми Москвада жайгашкан орусиялык курал сатуу менен алектенген фирма ошол компаниянын өнөктөшү деп белгиленген.

Ал эми Кыргызстандагы экинчи курал сатуучу компаниянын (Компания-2) жарымына Жарновниковдун аялы ээлик кылары белгиленген.

Схема төмөнкүдөй жол менен ишке ашырылганы чечмеленет:

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 3-февралында АКШдагы компания Кыргызстандагы компанияга (Компания-1) ок атуучу курал жана бөлүктөрүн экспорттоо үчүн АКШнын Соода министрлигинен лицензия алган. Ал уруксат кагазда барган товар реэкспорттолбойт жана өлкө ичинде башка тараптарга өткөрүлүп берилбейт деп белгиленген. Лицензия сурап кайрылганда америкалык компания ок атуучу курал Кыргызстанга багытталганын, аскердик эмес колдонуучуларга жергиликтүү мыйзамдарга ылайык аңчылык, бутага атуу жана спорттук мелдештерде керектелерин көргөзгөн.

2022-жылы жайында Жарновниковдун компаниясы (Компания-1) АКШдан мыйзамдуу жол менен 25 даана жарым-жартылай автоматташтырылган карабин алат. Кийин жубайы жарымына ээлик кылган кыргызстандык экинчи компанияга (Компания-2) 65 миң 564 долларга фактура жөнөтөт.

Эртеси Компания-2 Компания-1ге 67 миң АКШ долларын которот. Андан кийин Жарновниковдун компаниясы (Компания-1) АКШдагы компанияга импорттоло турган курал үчүн 65 миң 564 доллар төгүп берген.

Бир нече күндөн кийин Жарновниковдун компаниясы (Компания-1) “Кыргызстанда коммерциялык кайра сатуу үчүн” деген негиз менен Нью-Йорктогу JFK аэропортунан лицензиянын негизинде 59 миң долларга бааланган мылтык импорттогон.

Болжолу бир айдан кийин шектүү орусиялык компанияларга сатылат деген куралдын тизмесин алган. Мылтыктардын сериялык номерлери АКШдан алынган куралдыкына дал келет.

Андан кийин, 2022-жылдын ноябрында Москвадагы фирманын башкы директору ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн салык кызматтары пайдаланган форманы толтуруп, Жарновников АКШдан алган жарым автоматташтырылган карабиндин сатуучусу катары Бишкектеги экинчи компанияны (Компания-2) көргөзгөн.

Орусияга агылган куралдын изи

13-февралда The Insider басылмасы Жарновниковго байланышы бар компаниядан курал алды делген орусиялык компанияны аныктаганын да жазды.

Алар Америкадан импорттолгон курал Кыргызстандагы компаниялар аркылуу Москвадагы “Аврора” аттуу жоопкерчилиги чектелген коомго жеткенин билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргызстандык фирмага 2023-жылы 15-ноябрда Kriss DMK22C Vector CRB G2 деген карабиндерге сертификат берилгенден эки айдан кийин, 2024-жылы 18-январда “Аврора” Kriss Vector CRB деген 25 даана карабин алып кирүүгө документтерди алган. Басылма аларды Жарновниковго таандык фирмалардын бирөө жөнөткөн болушу ыктымал деп боолголойт.

Ошондой эле макалада “Аврора” импорттогон куралдарды адатта жеке тараптар колдонору, бирок айрымдарынын сериясы аскердик максаттагы курал-жарактарга төп келери белгиленген.

Мындан тышкары иликтөөчүлөр “Авроранын” негиздөөчүсү деп Николай Валентинович Нефёлов көрсөтүлгөнүн такташкан. Анын курал-жарак импорттогон дагы эки фирмага байланышы бар.

Буга чейин The Insider басылмасы “Ажы Мамат Компанинин” ишинде орусиялык курал импортерлору менен кеминде төрт дал келген учур байкалганын белгиледи.

2022-жылы Орусия Украинага басып киргенден бери Кошмо Штаттар курал-жарак, ок дарынын, курал тетиктеринин экспортун көзөмөлдөгөн эрежелерди бузгандыгы үчүн ондогон кишилерди камакка алган. Алардын көбү АКШнын жарандары же ал жакта туруктуу жашаган адамдар. Айрымдары Жарновниковдой болуп АКШга саякаттаган чет өлкөлөрдүн жарандары

“Ошол кишилердин, адатта, Орусияда достору, тааныштары, жакын байланыштары бар. Аларга Орусиядан же, айталы, Казакстан же Дубайдан орус тилдүү кишилер кайрылып, Орусияга жөнөтүү үчүн товар алууну сурашат”, - деп айтып берди “Азаттык” радиосуна нью-йорктук адвокат Аркадий Бух.

Анын пикиринде, Орусиянын коопсуздук кызматтары курал алуу ишин өздөрү башкарышы мүмкүн. Бирок кардар менен буйрутманы аткарган кишилер ортосунда бир топ ортомчулар бар.

Адвокат курал сатып алгандар АКШнын экспорт мыйзамдарын билишпейт же аларга баары бир деген ойдо. Бух курал-жарак жана тетиктери тууралуу кеп болгондо аткаруучу колго түшүп калса, көп чыгымга учурабайлы деп кардарлар буюртманы бир нече кишинин ортосунда бөлүп коёрун, көп учурда ар бири бир миллион долларга жетпеген баада товар аларын кошумчалады.

Адвокат жалпы практикага таянып, көп учурда мыйзамсыз курал соодасы үчүн кармалгандар өкүмүн жумшартуу үчүн бийлик менен кызматташарын белгилейт.

Кыргызстанга Италиядан мылтык ташуу көбөйдү

Былтыр жылдын аягында The Insider, Investigace жана IRPIMedia топтору Орусия оор санкцияларга карабай миңдеген курал-жарактар ок-дарысы менен Европадан, Америкадан жана Түркиядан негизинен Армения, Грузия, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу ташылып жатканын иликтеп чыгышкан. Анда Батыштагы айрым компаниялар орусиялык курал-жарак импорттоочулардын байланышы тууралуу бир топ фактылар болгон.

Бул өлкөлөр Орусия менен Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) жана Жаматтык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө экени, ушул жагдайда курал-жаракты "көмүскө ташууга жол ачкан жылчыктар" барлыгы жазылган.

Иликтөөдө бюджет тууралуу ачык булактарга таянып, Кыргызстандагы курал-жарак ташуучулар 2023-жылы салыкты 385% көп төлөгөнү айтылган.

Бул материалда Сергей Жарновниковдуку делген "Ажы Мамат Компани" компаниясынын дагы аты аталган жана компания 2022-жылы төккөн салыгы салыштырмалуу көп болгону айтылган.

Иликтөөгө ылайык, Кыргызстан курал-жарак аткезчилигинде негизги транзиттик пункттардын бири болуп калды. Европа өлкөлөрүнөн, АКШ жана Түркиядан Армения, Грузия, Казакстан жана Кыргызстанга курал экспорту соңку үч жылда 2,5 эсе көбөйгөн. Мисалы, 2020-жылы 19 556 курал келсе, 2023-жылы анын саны 53 211ге жеткен.

Кыргызстан 2020 жана 2021-жылдары Италиядан эч кандай курал алган эмес, бирок 2022-жылы 882, ал эми 2023-жылы 4434 миң даана мылтык (винтовка) алынып келген. Адистердин пикиринде, орусиялык көзгө атарлар бир катар себептерден улам, ириде сапатына байланыштуу Батышта жасалган мылтыктарга муктаж, ошондой эле өздөрүндө бул курал жетишпейт.

Кыргызстанга ташылган курал-жарактын көлөмү көбөйгөнү тууралуу кыргыз бийлиги комментарий бере элек. 2023-жылы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин" билдирген:

“Орусия менен Кытай кичинекей Кыргызстандан көз каранды эмес. Орусия менен Кытай өздөрү бири-бирине кошуна өлкөлөр. 4000 километр чек ара тилкеси бар. Орусия кааласа деңиз аркылуу, кааласа темир жол аркылуу эшелон-эшелон же баржа-баржа кылып каалаган товарын ташып алат", - деп айткан Жапаров.

Жергиликтүү эксперттердин ырасташынча, Кыргызстанга курал-жарак негизинен жеке күзөт кызматтары жана аңчылык дүкөндөрү аркылуу келет.

Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, өлкөдөгү курал-жарактардын басымдуу бөлүгү мергенчилик максатты көздөөрүн айтты:

"Башында курал-жарак жөнүндөгү мыйзам жумшагыраак болчу, андан кийин катаалдашты. Биздеги курал-жарактын көбү эле негизинен мергенчилик максатта эле. Бизде автомат өңдүү аскердик курал сатылбайт. Бизде сыйлыкка берилген курал көп болчу. Ошолорго байланыштуу көп чатак чыккан. Премьер-министрлерден, Бакиевдин убагында ИИМден Орусияга көп кеткен. Алар бизге машина өңдүү техниканы берген. Биздикилер болсо тапанча өңдүү сыйлыкка курал-жаракты беришкен. Бизде жакшы курал-жарактарды алып келип турган беш-алты эле дүкөн бар болчу. Мен өзүм аңчымын да. Негизи курал ок-дарысы менен Украинадан, Америкадан алынып келчү. Анын баары аңчылыкка байланыштуу дүкөндөр аркылуу келчү", - деди Суваналиев.

Кыргызстанда курал-жаракты тескеген мыйзам 1999-жылы кабыл алынган жана бир нече жолу алымча-кошумча киргизилген. Документке ылайык бул тармакты негизинен Министрлер кабинети, Ички иштер министрлиги көзөмөлдөйт. Мыйзамда куралдын үч негизги түрү (1) жарандык; кызматтык; аскердик) көрсөтүлгөн жана аны алып келүү, сатуу, сактоо тартиби жазылган.

Кыргызстанда куралды мамлекеттик аскерлешкен уюмдар, өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар, куралды чыгаруу же аны соодалоо менен алектенген юридикалык жактар, куралды коллекциялоо же көргөзмөгө коюу менен алектенген юридикалык жана жеке жарандар, спорттук уюмдар жана аңчылык багытындагы чарбалык уюмдар, билим берүү мекемелери, Кыргызстандын жарандары сатып алууга укуктуу.

Шерине

XS
SM
MD
LG