Президент Жапаров Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев жана уулу Максим Бакиев Кыргызстанга келсе камакка алынарын айтты. Президенттин бул билдирүүсү соцтармактарда "Максим Бакиев Кыргызстанга келди" деген сөздөр жүрүп жаткан учурга туш келди.
Шейшембиде эртең менен ондогон дрон Москвага сокку урганда үч киши каза тапканы, ондон ашуун адам жараланганы кабарланды. Ошол эле күнү эртең менен жана түн ичинде Орусия Украинанын ар кайсы жерин баллистикалык ракета жана дрондор менен аткылады.
2024-жылы 6-январдын таңында орус күчтөрү Украинанын Запорожье облусундагы Смелое кыштагынан чыгып, украин жоокерлери, анын ичинде "Пингвин" деген каймана аты бар Виталий Годнюк турган жерге кол салышкан. Тергөөнүн версиясы боюнча, орус аскери Дмитрий Курашов туткунга түшкөн Годнюкту атып салган.
Америкада туруктуу жашаган кыргызстандык жубайлар беш жаштагы уулу менен белгисиз жагдайда киши колдуу болгону кабарланды. Учурда бул нес кылган окуяны иликтөө жүрүп жатат. Бул үй-бүлө АКШга 15 жыл мурун барып, соңку жылдары Чикагого чукул Орора шаарында жашап жаткан.
Сирияда өкмөттүк күчтөр менен бийликтен кулатылган президент Башар Асаддын тарапташтырынын төрт күнгө созулган кагылышуусунан миңдей киши набыт болду. Бул тууралуу укук коргоочулар тобу кабарлашты.
АКШ Ооганстанга гуманитардык жардам жөнөткөн өлкөлөрдүн сап башында турат, бирок 20-январда кызматка киришери менен президент Дональд Трамп 90 күнгө тышкы каржылоону токтотуу чечимин кабыл алганы тынчсызданууну жаратууда.
АКШнын Украина менен чалгын маалыматтарын бөлүшүүнү токтотуу тууралуу чечими Киевдин орус армиясынын чабуулунан коргонуусун олуттуу алсыратат. Расмий адамдар менен талдоочулар ошол эле маалда Вашингтондун мындай чечими Украинанын аскердик аракеттерине чекит койбойт деп белгилешет.
Бишкекте аялдар укугу үчүн тилектештик жүрүшү өттү. Бул жолу марш “Жаша аялзаты, жаша!”деген ураандын алдында уюштурулган. Жүрүшкө 300дүн тегерегинде киши катышып, аялдардын эркиндигин камсыздоону, аларды зордук-зомбулуктан коргоону талап кылышты.
2022-жылы Орусия Украинага ар тараптан басып киргенден бери АКШ, Евробиримдик жана башка союздаштар Киевге жардам берүү үчүн жалпысынан 287 млрд доллардан ашык сарпташканын Дүйнөлүк экономика боюнча Киль институту билдирди.
Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Брюсселдеги саммитте аскердик чыгашаларды кескин көбөйтүү боюнча планды бекитишти.
Дүйнөнү дүң кылган кайым айтыштан кийин америка лидери Трамп менен украин президенти Зеленский кайра тил табышкандай болду. АКШнын жардамы жок Украина орус армиясына канчалык туруштук берет? Европанын чама-чаркы кандай?
Баткен районундагы Достук айылынын тургундарын Баткен шаарына жакын жердеги Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынды. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү турак жайдын курулушу жакынкы күндөрү башталарын, үч-төрт ай ичинде элди көчүрүп чыгуу аяктай турганын "Азаттыкка" билдирди.
Дагы жүктөңүз