Майыптыгы бар балдардын ата-энесине акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоору Жогору Кеңеште экинчи окуудан өттү.
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын ата-энелерине же камкорчуларына акысыз кесипкөй юрист берүү тууралуу мыйзам долбоорун 19 депутат алып чыккан.
Авторлордун бири Айсулуу Мамашова 26-мартта "Азаттыкка" билдиргендей, аялуу балдары бар көпчүлүк ата-энелер каржылык тартыштыкта жашайт, мындан улам ажырашкан учурда юрист жалдоого кудурети жетпейт.
"Мыйзам майыптыгы бар балдардын ата-энелерине алимент өндүрүүдө жардам болсун деп каралган. Анткени 90% ата-эненин бири мындай баласын таштап кетет. Алардан алимент өндүрүүдө мамлекеттен акысыз юридикалык жардам болсун деп ушул мыйзамды жазып чыкканбыз. Эң башкы максатыбыз баланын укугун коргоо", - деди Мамашова.
Майыптыгы бар балдарга адвокат же кесипкөй юристтин кызматы анын ата-энесинин же камкорчусунун кирешеси канча экенине карабай көрсөтүлүүгө тийиш.
Эл өкүлү мыйзамда мүлк талашкан учурда майыптыгы бар баласы бар энелерди мамлекеттик төлөмдөн бошотуу да каралганын кошумчалады.
Акысыз юридикалык жардам аялуу баланы баккан ата-эненин бири ажырашууга арыз бергенде, ата-энелик укуктан ажыратуу боюнча кайрылганда, алимент өндүргөндө, балдардын жашай турган жерин аныктаганда, бала менен сүйлөшүү тартибин бекиткен учурда, баланын мектептен тартып ЖОЖго чейин билим алуусун камсыздаш керек болгондо, кошумча чыгымдарга каражат керек учурда көрсөтүлөт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин маалыматында, Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын саны 37 миңден ашуун. Анын ичинен 15 миңге жакыны бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж. (ST)
Шерине