25-мартта Вашингтондогу федералдык райондук сот агенттиктин чечимине убактылуу бөгөт коюучу буйрук чыгарып берүү тууралуу “Азаттыктын” өтүнүчүн канааттандырды. Буга чейин “Азаттык” АКШнын Глобалдык медиа агенттигинин Конгресс радиого бөлгөн каражатты токтотуп койгонуна каршы сотко кайрылган.
Вашингтондогу сот соңку чечиминде USAGM “Азаттыктын” гранттын токтотуп коюу маселесинде “өзүм билемдик” менен кадам таштагандай көрүнөт жана бул аракеттер ишке ашса, радиого “кайра калыбына келгис зыян” алып келмек деп билдирди.
Судья Ройс Ламберт 10 барактан турган чечиминде “Эркин Европа/Азаттык” радиосун жабуу тууралуу аракеттерди токтотуу үчүн убактылуу бөгөт коюучу буйрук зарыл экенин, бул чечим коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн кабыл алынганын, радионун алдыдагы негизги соттук отурумдарда жеңип чыкчудай мүмкүнчүлүгү бар экенин жазган.
“АКШнын Глобалдык медиа агенттигинин жетекчилиги бир сүйлөмдүк себепти жүйө келтирүү менен, дээрлик эч кандай түшүндүрмө бербестен “Эркин Европа/Азаттык” радиосун жабылууга мажбурлай албайт. Президент аларга ушундай кыл деп айткан күндө дагы”, - деп жазган судья Ламберт.
Жакынкы апталарда сот “Азаттыктын” USAGM агенттигинен 2025-жылдын 30-сентябрына же бюджет жылынын соңуна чейинки Конгресс жактырган грантын бөлүп берүүнү талап кылган арызына байланыштуу чечим чыгарат деп күтүлүүдө. АКШнын Конгресси бюджет жылынын соңуна чейин радиого 77 миллион доллардай грант бөлгөн эле.
“Азаттыкты” каржылоого байланыштуу тынчсыздануулардан улам дүйнөнүн булуң-бурчундагы медиа уюмдар, аналитиктер жана демократиячыл активисттер, анын ичинде радионун угармандары жана көрөрмандары да утур-утур колдоосун билдирип жатышат.
“Биз судья Ламберттин АКШнын Глобалдык медиа агенттигине Конгресстин эркин көз жаздымда калтырууга жол бербөөнү көздөгөн көп ойлонулган жана таамай чечимин кубаттайбыз. Биз фискалдык жылдын калган бөлүгүнө чейин Конгресс “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна бөлүп берген каражатка бөгөт коюу аракетин мыйзамсыз деп эсептеген бул соттук ишти алдыга жылдырууну көздөйбүз. Бул чечим дүйнөнүн чар тарабындагы журналисттерибиз үчүн күчтүү билдирүү: Алардын Конгресс түптөгөн миссиясы татыктуу жана баалуу. Ал уланышы керек”, - деп билдирди “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Стивен Капус.
14-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп USAGM сыяктуу жети агенттикте кыскартууларды жүргүзүүгө багытталган жарлыкка кол койгон. Аны улай 15-мартта USAGM “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берилүүчү гранттарды токтотконун расмий кат аркылуу билдирген.
Мындай катка бир нече апта мурда агенттикке улук кеңешчи болуп дайындалган Кэри Лейк агенттиктин жетекчисинин милдетин аткаруучунун атынан кол койгон.
Катта “бул грант мындан ары агенттиктин приоритеттерине шайкеш келбей калганы” жазылган жана кошумча эч кандай түшүндүрмө берилген эмес.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосу бул чечимге каршы сотко кайрылган. Бул маселе боюнча алгачкы соттук угуу 24-мартта өткөн.
Анын алдында АКШнын Глобалдык медиа агенттиги (USAGM) Конгресс тарабынан бөлүнгөн каражаттын бир бөлүгүн "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна бөлүп берүүгө макул болгон. Сөз болуп жаткан 7,46 миллион доллардык каражат радионун 1-марттан 14-мартка чейинки (USAGM каржылоону токтотконун жарыялаган күндүн алдындагы мөөнөт) чыгымдарды жабууга багытталган.
"Калп каптаган жердеги жарыктын шооласы"
Келечекте жабылып калуу коркунучу жаралып турган чакта "Эркин Европа/Азаттык" радиосу 27 тилдеги жана 23 өлкөдөгү угармандарынын арасында, тескерисинче, чоң колдоо табууда.
Ирандан Беларуска, Ооганстандан Орусияга, Пакистандан Украинага чейин угармандар "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисттерин согуш аймактарында, каардуу репрессивдүү саясий жана маалымат чөйрөлөрүндө бейтарап, чынчыл репортаждарын жогору баалап, тынчсыздануу билдиришти.
"Силер калп каптаган жердеги жарыктын шооласы элеңер", – деп жазган Украинадагы окурман Олег Прозоров "Фейсбуктагы" баракчасына.
Радиого бөлүнгөн акчаны токтотуп коюу чечими АКШ президенти Дональд Трамптын USAGM агенттигин "мыйзамга ылайык мүмкүн болушунча кыскартууну" талап кылган буйрукка кол койгондон бир нече күн өтпөй кабыл алынды.
Трамптын USAGM менен пикир келишпестиги
Трамп Кери Лейкти "Америка добушу" радиосунун жетекчилигине талапкер катары сунушталган, бирок аны эми АКШнын Эл аралык телерадиоберүүлөр боюнча Консультативдик кеңеши (IBAB) бекитиши керек.
Бул кеңештин мүчөлөрүн АКШ администрациясы январь айында эле таркатып жиберген жана азырынча алардын ордуна жаңы мүчөлөр дайындала элек.
USAGM жана "Америка добушу" радиосу федералдык мекемелер, ал эми "Эркин Европа/Азаттык" радиосу АКШнын Делавэр штатында катталган жеке коммерциялык эмес корпорация болуп саналат. "Эркин Европа/Азаттык" радиосу Конгресстин гранттары аркылуу каржыланганы менен анда иштегендер федералдык өкмөттүн кызматкери болуп эсептелбейт.
Трамп быйыл январда экинчи мөөнөткө кызматка киришкенден бери мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу аракетин көрүп келет.
Биринчи мөөнөтүндө Трамптын администрациясы менен USAGM агенттигинин ортосунда программалардын мазмуну боюнча пикир келишпестик жаралган. Ал бул боюнча өз тынчсыздануусун билдирип келет.
Ошол эле учурда, радиону колдогондор USAGM агенттигине караштуу медиалар АКШ дипломатиясынын маанилүү куралы экенин белгилөөдө.
"Конгресс USAGM агенттигин коргошу керек, журналисттердин коопсуздугун камсыздап, АКШ өкмөтүнүн эркин жана көз каранды эмес маалымат каражаттарына берилгендигин кайрадан ырасташы керек", – деп жазылган 28 эл аралык уюм 19-мартта АКШ Конгрессине жолдогон катта.
Евробиримдик колдоо көрсөтөбү?
"Эркин Европа/Азаттык" радиосу келечеги белгисиздикке кептелген маалда Европанын саясатчылары радиого колдоо көрсөтүүнүн жолдорун караштырып жатат.
USAGM – дүйнө жүзү боюнча 50гө жакын тилде 361 миллион кишиге жума сайын жаңылыктарды жана маалыматтарды таратуучу көз каранды эмес америкалык өкмөттүк агенттик.
Анын бардык ишмердүүлүгүн жана өнүгүү долбоорлорун каржылоо үчүн 2025-фискалдык жылга 950 миллион доллар бюджет суралган.
Бул каражат "Эркин Европа/Азаттык" радиосу, "Америка добушу", "Эркин Азия" радиосу, Куба үчүн Телерадиоберүү (Radio Marti), Жакынкы Чыгыш телерадиоберүү түйүндөрү (MBN) жана Ачык технологиялар фонду сыяктуу медиалардын ишмердүүлүгүн колдоого багытталган.
USAGM агенттигинин документтерине ылайык, "Эркин Европа/Азаттык" радиосу үчүн 2025-жылга 153 миллион долларлык бюджет суралган.
Шерине