АКШда кыргызстандык үй-бүлө киши колдуу болгону тууралуу маалымат 8-мартта белгилүү болгон. Маалыматка караганда, жубайлар Бермет Анварбекова менен Азамат Доронбеков беш жаштагы уулу болуп Иллинойс штатындагы Орора шаарында жашачу.
Маалыматты "Азаттыкка" Азамат Доронбековдун бир тууган иниси ырастады:
"Авам менен жеңем АКШга 2011-жылы барышкан болчу. Өздөрүнүн үйү бар. Биз алардын киши колдуу болгонун бир нече күн мурун уктук. Баласы беш жашта эле. Алтыга чыкмак быйыл. Азыр тергөө жүрүп жатат. Мен өзүм Бишкекте турам. Бизге Кыргызстандын АКШдагы элчилиги, консулдугу жардам көрсөтүп жатат".
Азамат Доронбеков 45 жашта, жубайы Бермет Анварбекова 47 жашта болчу. Жубайлардын социалдык тармактагы баракчасында алар логистикалык компанияны иштеткени жазылган.
Кыргызстандын Чикагодогу консулдугу кыргызстандыктар киши колдуу болгонун ырастап, бул факты боюнча АКШнын укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп жатканын билдирди. Чикагодогу башкы консул Болотбек Борбиев "Азаттыкка" буларды билдирди:
"Ушундай факт катталды. Азыр тергөөнүн кызыкчылыгында окуянын деталдары так жарыялана элек. Маалымат келип түшкөндөн бери тергөө туугандары менен байланышып, иш жүрүп жатат. Детектив менен туугандарын видео аркылуу онлайн сүйлөштүрдүк. Азыр ар ким ар кандай кылып жазып жатат, окуянын чоо-жайы белгисиз. Иш АКШнын мыйзамдары боюнча тергилип жатат. Тергөө аяктаганга чейин толук маалымат болбойт экен. Алардын сөөгү судмедэкспертизада текшерүүдө. Бул иш АКШнын укук коргоо органдарынын жана Чикагодогу башкы консулдуктун тыкыр көзөмөлүндө турат".
Ушул тапта АКШда жашаган кыргызстандыктар маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү аракетин көрө баштады. Бул тууралуу Чикагодогу "Кыргыз биримдиги" клубунун башчысы Умар Жусупбеков билдирди:
"Азыр изилдөө иштери жүрүп жатат. Бизге маалым болгону күйөөсүн, аялын, баласын өзүнчө өлтүрүшүптүр. Үчөөнүн сөөгү үч жерде табылыптыр. Бала үйдө, ата-энесинин сөөгү башка жерде табылыптыр. Биз азыр акча чогултуу үчүн жарыя жазып жатабыз. Алардын сөөгүн Кыргызстанга жиберүү иштерин баштайбыз. Туугандарына жардам керек экен", - деди Жусупбеков.
АКШдагы кыргызстандыктардын айтымында, жубайлар жердештеринин иш-чараларына активдүү катышып жүргөн. Бермет Анварбекованын социалдык тармактардагы баракчаларында Кыргызстандагы ар кандай кайрымдуулук иш-чараларына жардам чогултууну уюштурган сүрөттөрү арбын.
Журналист Гүлайым Мурзаева маркум Бермет Анварбекова менен жакын тааныш болгонун айтты. Мурзаева аны тайманбас, мекенчил аял болчу деп сыпаттады.
"Аябай ачык, жайдары адам болчу. Биз экөөбүз утур кат алышып, сүйлөшүп калчубуз. Социалдык тармактарда да активдүү болчу. Соңку учурда такыр жоголуп кеткен эле. Азыр бизде деле так версия айтыла элек. Бири каракчылык дейт, дагы бири билген адам кылды деп айтат. Укканыбызга караганда Берметтин телефонунан жакындарына "Мексикага кетебиз, байланышка жакынкы күндөрү чыкпайбыз" деп жазган экен. Ошондуктан аларды эч ким издеген эмес деп айтышат. Мурун алар Филадельфияда жашашчу. Кийин бул жакка көчүп келип, үй алганын уккан элек. Аябай мекенчил, өзү да шар жүргөн адам эле. Валентина Шевченкону аябай колдоп, такай үйүнө чакырып турар эле", - деди Мурзаева.
Бир үй-бүлөнү жалмаган бул окуянын чоо-жайы жана ага байланыштуу жүрүп жаткан иликтөөнүн күңгөй-тескейи тууралуу азырынча америкалык полициядан маалымат алууга мүмкүн боло элек. "Азаттык" бул ишке байланыштуу АКШнын расмий органдарынын билдирүүсүн ачык булактардан таба алган жок.
АКШдагы кыргызстандыктардын көбү Иллинойс штатында жашайт. Расмий маалымат боюнча алардын саны 40 миңден ашат. Бейрасмий маалыматтарда мындан көп экени айтылат.
Эки ай мурун Чикаго шаарында 32 жаштагы кыргызстандык жаран киши колдуу болгон.
7-январга караган түнү Жаныбек Кадаевди белгисиз бирөөлөр өлтүрүп, анын автоунаасын уурдап кетишкен.
Мигрант жигит АКШга бир жыл мурун Мексика аркылуу барып, Чикаго шаарында иштеп жүргөн. Ага чейин Орусиянын Санкт-Петербург шаарында үй-бүлөсү менен жашачу. Жаныбектин артында үч баласы жетим калды. Улуусу жети жашта, кичүүсү эки жашта.
Шерине