Украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын Курск облусундагы аскердик операция аягына чыкканын билдирип, Киев аймактан аскерлерин чыгарып кеткени кабарланды. Ал тапта АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен 18-мартта сүйлөшөрүн айтты.
13-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф менен жолугушканы кабарланды. Анын алдында ал Украина маселесинде "талкуулай турган жагдайлар" бардыгын айткан. Муну украин президенти Владимир Зеленский Путиндин кезектеги "манипуляциясы" деп атаган.
Баткендин Достук айылынын тургундары үчүн Бужум айылынын Чет-Булак жерлигине жаңы конуш түптөлүп баштады. Ар бир турак жайга 10 сотыхтан жер бөлүнүп, Достуктан 70 үй-бүлө көчүп келет. Кыргызстан менен Тажикстан чек ара тактоодо айрым тилкелерин алмашты.
Ак үйдүн Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф Москвага барды. Вашингтондун жогорку өкүлү орус бийлигин Украинадагы ок атууну 30 күнгө токтотуу сунушу менен тааныштырмакчы. 11-мартта ал планга Киев макул болгон.
Кыргызстан менен Тажикстан чек арасын тактап бүткөнүн расмий жарыялап, 13-мартта эки өлкөнүн президенттери келишимге кол коюшту. Тарыхый деп бааланып жаткан документке тажик президенти Эмомали Рахмондун Бишкектеги мамлекеттик сапарында кол коюлду. Ушул эле күнү чек арадагы эки бекет кайра ачылды.
Баткен районундагы “Кызыл-Бел” өткөрмө бекети эл аралык деңгээлде, ал эми Лейлек районундагы “Кайрагач” бекети эки тараптуу болуп кайра ачылды. 2021-жылдын апрель айында чек арада болгон кандуу окуядан кийин кыргыз-тажик чек арасы жабылган. (Комментарийсиз видео)
Кыргызстанда соңку жылдары эл арасында малдан күйдүргү, кутурма, эхинококкоз, альвеококкоз жуккан учурлар катталууда. Адистер жугуштуу ылаңдар мал ээлеринин кайдыгерлигинен күчөп жатканын айтып келет.
Кыргызстан тарыхында биринчи жолу АКШга эл аралык издөөдө жүргөн жаранды экстрадиция кылды. АКШнын Калифорния штатынын Түндүк округунун прокуратурасы Данхонг “Жан” Чен аттуу аялды федералдык кылмышка айыптаган.
Украина АКШнын ок атышууну 30 күнгө токтотуу сунушуна макул болду. Вашингтон анын артынан Киевге аскердик жардам берүүнү жана чалгын маалыматтары менен бөлүшүүнү жандандырды. Эми Кремлдин жообу кандай болушу мүмкүн? "Азаттыктын" "Биз жана дүйнө" берүүсүндө талдадык.
Сириянын батышындагы зомбулук өткөөл өкмөт өзү менен байланыштагы жикчил топторду көзөмөлдөй алабы деген суроо жаратты. Орусия менен Ирандын Сирия иштерине кийлигишүүсү тууралуу маселени көңүл борборуна чыгарды.
Сауд Арабиядагы жолугушууда Украина ок атышууну 30 күнгө токтотууга макул болду. Кошмо Штаттар Киевге аскердик жардам берүүнү улантып, чалгын маалыматтар менен бөлүшүүнү жандандырды. АКШнын делегациясы Жиддадагы сүйлөшүүдө кабыл алынган макулдашуулар Москвага жакын арада жеткирилерин белгиледи.
Баланын кооптуу кадамга барарын кантип байкаса болот? "Азаттыктын" студиясында Өзчгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучусу Даниил Косицын жана психолог адис Наргиз Субаналиева суициддин себептери, өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөр тууралуу айтып беришти.
Дагы жүктөңүз