Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:56

Ширшовдун "пайдасы", Бакиевди кайтаруу маселеси


Алексей Ширшов.
Алексей Ширшов.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу маселеси кайрадан күн тартибине чыгып, талкуу-талашка кабылды. Буга президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайыр Орунбековдун Фейсбуктагы билдирүүсү себеп болду.

Ал Бакиевдин уулу Максимге жана анын өнөктөштөрүнө таандык "ЭлКат" компаниясы мамлекетке өткөнүн, эгер мурдагы президент Кыргызстанга келсе ушул өңдүү бир катар кылмыш иштеринин ачылышына өбөлгө болмоктугун белгиледи.

Президент Садыр Жапаров буга чейин Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканын, Беларус бийлиги эгер ал камалбаса өткөрүлүп берилерин билдирген.

Дайыр Орунбеков "ЭлКат" ишканасы буга чейин негизинен энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталып жүргөн Алексей Ширшовдун көрсөтмөсүнүн негизинде мамлекетке өткөнүн билдирди. Ал 2010-жылы Апрель окуяларынан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөт аны кайтарып алууга аракет жасабаганын жазган. Ошондой эле Ширшовдун дагы бир маалыматынын негизинде Курманбек Бакиевдин уулу Максимге таандык Франциядагы кымбат баалуу үйдү Кыргызстанга алууга байланыштуу иштер жүрүп жатканын маалымдаган:

Дайыр Орунбеков.
Дайыр Орунбеков.

"Бул компания 2007-жылы мурдагы Президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлери Кенжебаев Зикирали, Шмелев Сергей, Левинец Константин жана Дудин Михаил тарабынан Максим Бакиев менен сүйлөшүлүп, мыйзамсыз сот чечимдери аркылуу Президенттин иш башкармалыгы “ЭлКаттын” негиздөөчүлөрүнүн катарынан чыгарылып, жогорудагы Максим Бакиевдин адамдарынын колуна өтүп кеткен. Ошондон тартып 65-70 миллион долларлык (6 миллиард сом) активи бар “ЭлКат” компаниясы мамлекеттин эмес, Максим Бакиевдин көзөмөлүндө иштеп келген. 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин деле Убактылуу өкмөт “ЭлКатты” кайра мамлекетке кайтарууга аракет кылышкан эмес. “ЭлКатка” байланышкан факт Алексей Ширшовдун көрсөтмөлөрүнөн кийин гана ачыкка чыкты. Ширшовдун дагы бир маалыматына ылайык, Максим Бакиевге тиешелүү өтө кымбат баалуу мүлк – Франциянын түштүк-чыгышында жайгашкан “Шато де ла Групп” (“Château De La Garoupe”) вилласы аныкталды. Бул мүлктү Максим Бакиев убагында өнөктөшү Борис Абрамович Березовскийге убактылуу каттап турган. Березовский каза болуп калгандан кийин Максим Бакиев аны өзүнө каттай албай, мүлк бүгүнкү күнгө чейин ээсиз турган".

Орунбеков Апрель окуясында бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев Кыргызстанга кайтарылышы ушул сыяктуу мүлк жана айрым көмүскө окуялардын бетин ачууга жардам берерин кыйыткан.

"Кыргыз өкмөтү бул мүлктү мамлекеттин карамагына өткөрүү боюнча эки жыл мурда иштерди баштаган. Бул ишти юстиция министри Аяз Баетов жетектөөдө. 2010-жылдан кийин дайынсыз жоголгон, мыйзамсыз басып алынган же таланып кеткен мүлктөр дагы деле болушу мүмкүн. “ЭлКат” жана Франциядагы кымбат баалуу мүлк боюнча маалыматтар бир гана Ширшовдун көрсөтмөсү менен ачылды. Демек, дагы башка жашыруун активдер жана мыйзамсыз чыгарылган байлыктар аныкталышы мүмкүн. Эгерде Курманбек Бакиев Кыргызстанга кайтарылса, дал ушундай башка кылмыштуу иштердин да бети ачылышы мүмкүн. Банк ячейкаларында дайынсыз жоголгон акчалар, ошондой эле Убактылуу өкмөт мүчөлөрү жашыруун өздөрүнө каттатып алган мүлктөр аныкталышы ыктымал. Бирок Бакиевди алып келип, бул фактыларды ачыкка чыгаруу демилгесине каршы чыккандар бар. Балким, алар өздөрүнүн жеке кызыкчылыгынан жана мурдагы иштеринин ашкереленишинен коркуп жатышкандыр? Белгилүү болгондой, буга чейин Аскар Акаев Кыргызстанга кайтарылып, андан Кумтөрдү мамлекетке өткөрүү боюнча баалуу маалыматтар алынган. Бул да болсо мамлекет үчүн чоң жетишкендик болгон", - деп жазган Орунбеков.


Анын алдында президент Садыр Жапаров Беларустан Курманбек Бакиевди алып келүү тууралуу сүйлөшүүлөр болуп жатканын ачыкка чыгарган. "Кабар" маалымат агенттигиндеги маегинде расмий Минск 15 жылдан бери бул өлкөдө баш калкалап жаткан Кыргызстандын мурдагы президенти камакка алынбаса өткөрүп берүүгө даяр болуп турганын айткан.

Ага чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бакиевдин уулу Максим Кыргызстанга келгени тууралуу сөздөрдү жокко чыгарган.

Курманбек Бакиев бийлик башына 2005-жылы Март ыңкылабынын шары менен келген жана 2010-жылы 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган Апрель окуяларында президенттиктен кулатылган. Ошондон бери үй-бүлөсү менен Беларуста жашап келет.

Укук коргоочу Рита Карасартованын пикиринде, бийлик өкүлүнүн бул билдирүүсүнүн айланасында суроолор көп:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

"Негизи эле азыркы бийликтин пиарщиктери аябай кыйын экенин белгилеп коюшубуз керек. Булар, биринчиден, адамдар эмне уккусу келсе, ошого басым жасашат. "Мүлктөрдү кайра мамлекетке кайтаралы, бул элдики, мамлекеттики" деп койсо эле элдер деле жеке менчик мүлк болсо деле "туура кылып жатат" деп калышат. Айрым иликтөөчү журналисттер болсо алынган айрым мүлктөр кайра эле бийликтин айланасындагыларга кетип жатканын көрсөтүп жатышат. "ЭлКаттын" таржымалын карай турган болсок, бир компания кирип, башкасы чыгып кеткен маселенин баары 2007-жылы башталган экен. Ошол жылдары президент ким болгон? Азыр ошол акционерлери өзгөрүп, "ЭлКат" жасады деген махинацияларды ошол маалда бийликте турган адамдар жасаган. Бакиев келсе ага бериле турган мындан башка дагы суроолор толтура. Эгер камабаса берели деп шарт коюлуп, жөн эле келгенинин эмне кереги бар. Алынган мүлктүн баары мамлекетке кеттиби дегенге деле так жооп жок. Акырын эле бир күнү Асандыкы болгон мүлк Үсөнгө өтүп кетип жатса бул рейдерлик. Бакиевден "ЭлКаттан" башка деле сурай турчу көп нерселер бар. Азыр Бакиевдин учурундагы бийликти мыйзамдаштырууга аракет жасалып жаткандай. Ошол учур жакшы эле өткөн дегенге алып баратышат. Ошол эле учурда Убактылуу өкмөттү жаманатты кылып, "өздөрү басып алган, ушундай иштерди кылган" деген маселелер болуп жатат. Атамбаев деле Убактылуу өкмөттү канча кажып келди. Чындап эле фактылар болсо аларды эбак эле камап коюшмак. Фактылар жок, же чийки, же болбосо аны чукуй баштаса өздөрү дагы чыга калган абал".

Максим Бакиев туралуу сөздөр 2022-жылы жазында дагы чыккан. Ошол маалда Алексей Ширшов камалып, көп өтпөй эле бошоп кеткен. Бул коомчулукта сын-дооматка кабылганда Садыр Жапаров түшүндүрмө берген. Анда Ширшов менен беш-алты ай мурда жолукканын, Максим Бакиевдин камакта турган миллиондогон долларын Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшөрүн билдирген. Ошондой эле 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогонун, издөөгө албаганын айткан. Ошол маалдагы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Азимбек Бекназаров Ширшовго иш ачылган эмес деген сөздү төгүндөп чыккан.

Ширшов кайтарууга көмөктөшөт деген Максим Бакиевдин миллиондогон долларлары тууралуу андан кийин маалымат берилбей келген.


2022-жылы күзүндө курултайда Бириккен демократиялык кыймылдын өкүлү Сапар Аргымбаев Ширшовдун жана бийликтин Максимдин миллиондорун Кыргызстанга кайтаруу убадасын эске салган.

Сапар Аргымбаев.
Сапар Аргымбаев.

"Эми "ЭлКатты" башында мамлекеттик органдар менен бирге түзүп, кийин 100% менчик болуп калган деп ошонун негизинде кайра тартып алышты да. Бул инвесторлорду бир чети чочутат. Ширшовдун 200 миллион доллар тууралуу убадасы менен үч жыл жүрүштү да. Азыр эми акыркы билдирүүлөрү менен ошол убаданы ордуна келтирип жатабыз деген аракети чоң болуп жатат. Бакиевдерди алып келүүгө аракет чоң болуп жатат. Бийликте тургандар "бизге шарт коюп жатышат, ошол шарт менен алып келсек" дегендей айтып жатышат. Анда соттордун чечимдеринин баарын жокко чыгарып эле, келсин, сүйлөшөлү, ал пайда алып келет деген жол менен эле баратышат. Анын зыяны канча болду эле, ондон ашык адам буйрутма менен өлтүрүлгөн, аянтта ондогон адам атылган. Ошолордун тагдыры бир тыйын болуп калганбы?", - деди Аргымбаев.

Өткөн айда “ЭлКат” компаниясынын мурдагы директору Уланбек Толубаев, негиздөөчүлөрү Зикирали Кенжебаев жана Сергей Шмелев "коррупцияга" шек саналып камакка алынган. Көп өтпөй УКМК буга байланыштуу түшүндүрмө берген. Анда компания 1994-жылы түзүлгөнү, 51% президенттин аппаратына, калган 49% “Компьютердик технологиялар борбору” жоопкерчилиги чектелген коомуна тиешелүү болгону, кийин кызмат адамдардын кийлигишүүсүнүн негизинде коррупциялык жолдор менен жеке колго өтүп кеткени айтылган.

Бул компаниянын жетекчиси алмашып, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын мурдагы орун басары Нурадил Баясов Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин жарлыгы менен башчы болуп дайындалган.

"ЭлКатка" байланыштуу айыптоого, сын-дооматка кабылгандар, камалгандар жана алардын жакындары азырынча комментарий бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG