Айыгышкан кармашта орус аскер бөлүгү ургаалдуу чабуулга өтүп, бирок украин жоокерлери кайрат көрсөтүп, кайра сүрүп чыккан.
"Биз 5-6 метр жакындап келгенде алар колго түшөрүн айтып кыйкырышты. Биз аларга окоптон чыгууга мүмкүнчүлүк бердик" деп эскерет украин армиясынын кенже сержанты Александр Дейнеженко "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Крым.Реалии сайтына курган маегинде.
Орус аскерлерин курчоого алганда Дейнеженко согушта өлгөн эки украин жоокеринин сөөгүн көргөн. Алардын бири Годнюктун сөөгү эле.
"Алардын жанында эч кандай куралы жок болчу. Бул биринчиден. Анан алар бир башкача абалда жатышкан. Адатта, согушта өлгөндөрдүн жанында автоматтары, магазиндери жана башка курал жабдыгы жатат", - дейт Дейнеженко.
Орусия Украинага ар тараптан басып киргенине үч жыл толгон учурда Годнюктун кандай жагдайда өлтүрүлгөнү мурда-кийин болбогон соттук териштирүүнүн борборуна чыкты.
2022-жылы февралда согуш башталгандан тарта украин прокурорлору орус аскерлери согуш туткундарын суроо-сопкутсуз эле атып салган 212 окуяны аныкташкан. Бирок ушуга чейин эч бир киши сот жообуна тартылган эмес. Женева конвенциясы согушту жүргүзүүнүн эрежелерин аныктап, туткундардын укугун коргойт.
Январдын тумандуу таңында Дейнеженконун батальону тогуз орус жоокерин колго түшүргөн. Алардын бири катардагы аскер Дмитрий Курашов. Ал согушта бир көзүнүн ажыраган.
26 жаштагы Курашов орус түрмөлөрүнөн армияга алынгандар түзгөн "Шторм-V" деп аталган топто кызмат кылган. Адегенде ал баарын танганы менен кийинчерээк кылмыш кылганын мойнуна алган. Айрымдар ал муну согуш туткундарын алмашуу программасына илинип калуу үчүн жасаганын айтышат.
"Мен кылган жокмун. Башка бирөө кылган, ал азыр жок. Мен бул иш акыры бүтсүн эле деп мойнума алам. Мени түрмөгө кесип, лагерге айдашат. Ал жерде согуштун бүтүшүн же алмашууну күтүп, тынч отура берем", - деди Курашов сот залында туруп.
Годнюкту "автоматтан эки жолу чайкашкан, биринчи жолкусунда өпкөсүн тешип кетсе, экинчиси ок өтпөс күрмөсүнөн өткөн", - деп Курашов кошумчалады.
"Эгер мен атсам башы сол тарабынан чачырап кетмек. Мен денеге эмес, башка атам", - деди сот залынан орус жоокери.
Украин прокурорлору Курашов Годнюкту өлтүргөн деп күнөөнү оодарып жаткан аскер ошол маалда ал бөлүктө кызмат өтөбөгөнүн белгилешет.
"Туткунга албагыла"
Украин прокурорлору орус аскерлери туткундарды өлтүргөн окуялардын билингенден билинбегени көптүгүн, кылмыш болгон жерлерге бара албагандыктан далилдерди алуу кыйын экенин белгилешет.
Бирок Курашовдун үстүнөн болуп жаткан сотто аны менен армияда бирге жүрүп, украиндердин колуна түшкөн үч орус жоокери ага каршы көрсөтмө берип жатат.
Күбөлөрдүн бири "Сталкер" деген каймана аты бар Курашов украин жоокерине "колуңду көтөр!" деп кыйкырганын айтат. Украин жоокери "колун көтөрүп, анан тизелеп, автоматын таштаган" деп сүрөттөйт. Анан кайра эле ок атылганын күбө айтып берген.
"Мен анын колун көтөрүп турганын көргөмүн, ал бети менен кулады, ошону менен бүттү. Аны Сталкер аткан, анткени мен алдыман аны гана көрдүм. Башка эч кимди көргөн эмесмин. Эч ким жок болчу", - деп Курашов менен чогуу согушкан аскер видео байланыш аркылуу көрсөтмө берди.
Годнюк колго түшүп калгандан кийин атайын өлтүрүлгөнүн сотто жана журналисттерге сүйлөп берген башка күбөлөр бышыктаган.
Курашов менен аскерде чогуу болгон дагы бир жолдошу украин аскери колун көтөрүп чыкканда жашынып калганын айткан:
"Мен октун үнүн уктум. Ал кулады. Мен анан ордуман атып туруп, сол жактагы окопко, биринчиге чуркадым. Мен сөөктү көрдүм. Оң жагында Курашов турган... Жалгыз болчу. Жанында эч ким жок болчу".
Курашов менен колго түшкөндөрдүн бири аларга жетекчилик эч кимди "туткунга албагыла" деген көрсөтмө бергенин айткан.
Жогорудан көрсөтмө
Далилдердин арбын экенине карабай, Орусия армиясынын Украинадагы мыкаачылыгын көрсөткөн фактыларды танат.
Украинанын Башкы прокуратурасынын согуш кылмыштарын иликтеген бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Тарас Семкив Крым.Реалии долбооруна айткандай, орус армиясынын командирлери фронтто украин жоокерлерин туткунга албай, атып салууга буйрук берген дегенге "негиз бардыгын" белгилейт.
"Учурда биз ошондой буйрук берген адамдарды аныктоо жагынан иштеп жатабыз," - деген Семкив "бул анда-санда гана болгон же кайсы бир аскер адамдарынын кызматынан кыянаттык менен пайдаланганы гана эмес" деп түшүндүрөт. Ал согушта мындай нес кылган учурлар көбөйүп жатканын кошумчалады.
Семкив анын бөлүмү 2023-жылы туткунга түшкөн украин аскерлерин суроо-сопкутсуз эле өлтүргөн 11 факт аныкталганын айтты. Былтыр алардын саны 133кө жеткен.
"Бул сан мындан алда канча көп болушу мүмкүн. Согуш туткундарын өлтүрүүлөрдүн динамикасы тууралуу айтып жатабыз. Бул кандайдыр бир себептен улам мындайга барган кимдир бирөөлөрдүн эмес, бул Орусия Федерациясынын Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлерин туткунга албоо тууралуу тиешелүү саясаты, атайын буйругу", - деди ал.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Украинадагы адам укуктарына көз салган миссиясы өткөн айда "украин жоокерлерин сотсуз эле өлтүрүп салган учурлар кескин өсүп жатканы тууралуу маалыматтар көбөйгөнүн" айтып, кооптуу коңгуроо каккан.
"2024-жылы августтун этегинен бери 24 окуяда 79 киши өлтүрүү катталганы" билдирүүдө айтылат.
Ал ортодо Курашов сот өкүмүн күтүп, тергөө абагында жатат. Сот аны күнөөлүү деп тапса, өмүр бою түрмөгө кесилет.
Годнюк өлтүрүлгөндөн кийин анын сөөгүн согуш талаасынан алып чыгуу мүмкүн болбогондуктан бир нече айдан кийин, 2024-жылы гана май айында жерге берилген.
Украиналык согуш туткуну өлтүрүлгөн жер азыр орус армиясынын оккупациясында турат.
Шерине