Газанын эли ХАМАСты согушту токтотууга чакырып, нааразылыкка чыкты. Израилдин коргоо министри газалыктарга кайрылып, аймакта аскерий операциялардын жайылышын эскерткен. 23-мартта ЦАХАЛ Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарынын бир бөлүгүн курчоого алып, миңдеген тургун чыга албай калганы кабарланган.
АКШ Украина жана Орусия менен Кара деңизде аскердик аракеттерге тыюу салуу боюнча макулдашуу жетишилгенин жарыялады. Андан тышкары эки тарап бири-биринин энергетикалык жайларына сокку урууну токтотуу боюнча чараларды көрүүнү макулдашты. Ошентсе да азырынча тынчтыкка жетүү үчүн тоскоолдуктар арбын.
Кыргызстандын медиа аракет платформасы жарандык позициясы үчүн камалган журналист боюнча тынчсыздануусун билдирип, бийлик өкүлдөрүнө жана эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдоду. Социалдык тармактагы пикири үчүн кармалган эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулова 19-майга чейин камалды.
Түркияда Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу камакка алынгандан кийин башталган нааразылык акциялары уланууда. Соңку он жылдагы эң масштабдуу демонстрациялар Стамбул, Анкара жана Измирде алты күндөн бери өтүп жатат. Түркиянын президенти демонстрацияларды "зомбулук кыймылы" деп атап, оппозицияны айыптады.
Эр-Риядда Вашингтон менен Москванын делегацияларынын сүйлөшүүсү өтүп жатат. Украинадагы согушту токтотуу аракети алкагында Вашингтон Киевдин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрүн улантууда. Жекшембиде Эр-Риядда АКШ менен Украинанын өкүлдөрү согушта ок атышууну жарым-жартылай токтотуу тууралуу сүйлөштү.
Украинадагы Орусия баштаган согушту токтотуу аракети алкагында АКШ украин бийлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрүн улантууда. 23-мартта Сауд Арабиясында америкалык жана украин расмийлеринин кезектеги жолугушуусу өттү. Эми 24-мартта АКШ өкүлдөрү Орусия тарап менен экинчи жолугушуусун өткөргөнү жатат.
БШК Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовду мандатынан ажыратты. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жакында парламентте туруп ага айткан эскертүүсү кызуу талкуу жараткан. Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимде кыргыз бийлиги "стратегиялык ката кетирди" деп сындаган.
Москванын четиндеги "Крокус Сити" концерттик борборундагы терактка бир жыл болду. Бул кандуу окуядан кийин Орусияда миграциялык саясатты катаалдаштырган бир катар мыйзамдар кабыл алынып, мигранттар кыйын кырдаалга туш болду.
АКШнын президенти Дональд Трамп жакын арада Киев менен Вашингтон сейрек кездешүүчү минералдар жана табигый ресурстар боюнча келишимге кол коёрун билдирди. Киев азырынча бул боюнча комментарий бере элек.
Орус армиясынын катарында согушуп, Украинада туткунга түшүп калганын айткан кыргызстандыктын видеосу интернетке жарыяланды. Ата-энеси кыргыз бийлигине кайрылып, уулун Украинадан экстрадициялоого жардам сурап, чет элдеги согушка катышканы үчүн жазасын мекенинде өтөсүн дешет.
Эми Украинадагы кырдаалдан кабар алалы. Украина жана Орусия соңку суткада да бири-биринин аймагына сокку урууну улантышты. Күн мурун Украина жана АКШ президенттери телефондон сүйлөшкөн.
Дагы жүктөңүз