23-марттан бери Түркмөнстандын Ахал аймагы жана борбор шаар Ашхабадда жаан-чачын токтобой, көчөлөрдү суу каптады.
Ахалдын айрым айылдарында сел жол жана көпүрөлөрдү жууп, транспорт каттамдар жүрбөй калды. Айрым айылдарда калк электр жарыгы жана көгүлтүр отсуз калды. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы жазды.
"Нөшөрлөп жааган жамгырдан негизинен Бахарден, Гөкдепе, Кака жана Тежен райондору жабыркады. Бул аймактардын тоо этектеринде жайгашкан айрым айылдарда электр жарыгы жана газ өчүрүлгөн. Азыр айылдын тургундары суу менен гана камсыз болушту", - дейт атын атагысы келбеген тургун.
"Азатлык" менен сүйлөшкөн жергиликтүү эл көчөлөр тазаланбай жатканын, муну бийлик техниканын жана кызматкерлердин жетишсиздиги менен түшүндүргөнүн айтып беришти. Журналисттердин жергиликтүү бийликтен комментарий алуу аракетинен майнап чыккан эмес.
Түркмөнстандын бийлиги жана жалпыга маалымдоо каражаттары адатта кооптуу аба ырайы же анын кесепеттери тууралуу эскертүү беришпейт. (AiA)
Шерине