Норвегиялык Хельсинки комитети менен Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights - IPHR) кыргыз бийлигин эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырды.
“Канышай Мамыркуловага каршы репрессиялык иш Кыргызстандын Конституциясы жана Кыргызстан ратификациялаган Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакт менен кепилденген сөз эркиндигин жана ЖМК эркиндигин бузат”, - деп айтылат кайрылууда.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Канышай Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен. Бишкектин Свердлов райондук соту аны 19-майга чейин камакка алган.
Шаардык милиция ага Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) жана 330-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) менен айып койгон.
21-мартта өлкөдөгү укук коргоочулар, активисттер, журналисттер президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго ачык кайрылуу жолдошкон. Кайрылууда журналистти камакта кармоо Конституцияда кепилдик берилген сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келери айтылган. Анын үстүнө анын саламаттыгы абдан кооптуу абалда экени да белгиленген.
49 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген. (BTo)
Шерине