Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:12

Азия чемпионаты: Кыргыз балбандары бир күмүш, бир коло алды


Ырыскелди Максатбек уулу.
Ырыскелди Максатбек уулу.

Иорданиянын борбору Амман шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында грек-рим күрөшүнөн 67 кг салмакта Раззак Бейшекеев күмүш, 77 кг салмак ченинде Ырыскелди Максатбек уулу коло медал алды.

Бул мелдешке грек-рим күрөшүнөн жалпы 10 балбан барган. Калган спортчулар утулуп калышты.

Командалык эсепте беш алтын, үч күмүш байге менен биринчи орунду Иран, үч алтын, эки күмүш жана бир коло медал менен экинчи орунду Өзбекстан, үч алтын, бир күмүш жана төрт коло байге менен үчүнчү орунду Жапония курамасы алды. Төртүнчү орунду бир алтын, төрт коло менен Түндүк Корея, эки күмүш жана эки коло менен Казакстан бешинчи орунду алса, Кыргызстан командалык эсепте алтынчы орунга жазылды.

Бул грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын Азия чемпионатындагы акыркы сегиз жылдагы эң начар көрсөткүчү болуп калды.

Амман шаарында 25-мартта башталган Азия чемпионаты 30-мартта аяктайт. Алдыда эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер бар. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG