Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:02

Орусияда сот "Азов" полкунун мурдагы аскерлерин абакка кести


Орусияда өтүп жаткан соттук отурум.
Орусияда өтүп жаткан соттук отурум.

Орусиянын Ростов-на-Дону шаарындагы Түштүк округдук аскердик соту ар кайсы жылдарда "Азов" полкунда кызмат өтөгөн украин аскер кызматкерлерин узак мөөнөткө - 13 жылдан 23 жылга чейин эркинен ажыратты. Соттун чечимине ылайык алар жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн режимдеги колонияда өтөй турганын "Медиазона" басылмасы жазды.

Басылманын маалыматына караганда, сот 23 эркек жана тогуз аялга карата чечим чыгарган. Армияда ашпозчу болуп иштеген 11 эркек жана тогуз аял буга чейин эки өлкөнүн туткундарды айырбаштыруу жараянынын алкагында бошотулгандыктан, аларга сот өкүмү сыртынан чыгарылды. 12 адам абакка кесилди.

Алексей Смыков 23 жылга эркинен ажыратылды. Ярослав Ждамаров, Александр Мероченц, Никита Тимонин, Александр Мухин, Олег Тышкул жана Артур Грецкий 22 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кесилди. Калгандарына 20, 19, 17 жана 13 жылга чейин жаза берилди.

Бул ишке тиешеси бар дагы бир украиналык согуш туткуну, "Азов" полкунда айдоочу болуп кызмат өтөгөн Александр Ищенко Ростов-на-Донудагы тергөө абагында каза болгон.

2022-жылдын августунда Орусиянын Жогорку соту "Азовду" террордук уюм деп тааныган. Киев бул окуяны “согуш кылмышы” деп атап келет.

Орусиянын Түштүк округдук Аскердик соту өткөн жылдын июнь айында "Азовтун" мурдагы отуз аскери боюнча ишти карап баштаган. Аларга террордук уюмга катыштыгы бар жана өзүн ДНР деп атаган Украинанын жикчил аймагын күч менен басып алууга аракет кылган деген айып тагылган. Бул иште айыпталуучу катары Мариуполдогу "Азовсталды" коргоо катышканын аскерлер менен кошо Орусиянын Украинанын аймагына толук масштабдуу басып кирүүсү башталганга чейин бир нече жыл мурда полкто кызмат өтөгөндөргө көрсөтүлгөн.

"Медиазона" басылмасы сотто айыпталуучулар көрсөтмөлөрү бурмаланганын, жактоочуларсыз суракка алынганын, кемсинткен мамилеге жана кыйноого туш болгонун билдиргенин жазды.

"Мемориал" уюму бул иш боюнча айыпталуучуларды саясий туткун деп тааныган.

“Азов” полку 2014-жылы ыктыярдуу түзүм катары уюшулган. Анын жоокерлери 2022-жылдын жазында Мариупол шаарын коргоого активдүү катышкан, жүздөгөнү өлүп, жүздөгөнү орус тарапка туткунга түшкөн. Учурда “Азов” полку Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн курамына кирет.(AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG