Эне жана баланы коргоо улуттук борбору алдыдагы эки айда кадрдык дараметти чыңдоо, лабораториялык кызматты күчөтүү, транспланталогия бөлүмүнө штаттарды ачуу, генетикалык изилдөө жүргүзүү, дары-дармек менен камсыздоону жакшыртуу жана бөйрөк алмаштыруу операцияларынын санын көбөйтүү үстүндө иштейт.
Аталган борбордун басма сөз кызматынын билдиришинче, бөйрөктү трансплантация кылган жамаат менен президент Садыр Жапаров жолуккан учурда коюлган. 25-мартта өткөн жыйынга премьер-министр Адылбек Касымалиев, саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев да катышкан.
Маалыматка ылайык, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда былтыртан бери бөйрөктү алмаштыруу боюнча 27 операция жасалды. Бөйрөктү трансплантациялоо 2024-жылдан бери мамлекеттин эсебинен жүрүүдө.
Учурда өлкөдө өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жабыркаган 3300дөй бейтап гемодиализ алат. Аларга мамлекеттик дагы, жеке медициналык мекемелер дагы кызмат көрсөтөт. Гемодиализ үчүн казынадан 3 млрд сомдон ашык каражат бөлүнөт. Бир бейтаптын чыгымы жылына 936 миң сомду (бир сеанстын баасы 6500) түзөт.
Бөйрөк терапиясын алгандар жыл сайын 7-14% өсүүдө, 1 млн калкка 38 бейтап туура келет.
Ал эми бөйрөк алмаштыргандан кийинки иммундук терапиянын баасы 250 миң сом. Дарыгерлердин белгилешинче, мындай операциядан кийин бейтаптын ден соолугу жана жашоосу жакшырганы байкалган.
Бөйрөк алмаштыруу операциясы Кыргызстанда алгачкы жолу 2012-жылы бир эле учурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында жана Жүрөк хирургиясынын илимий изилдөө институтунда башталган. Андан бери Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында 70ке чукул операция жасалган. 2022-жылы бул борбордо бөйрөктү трансплантациялоо бөлүмү ачылган.
Дарыгерлер соңку жылдары бөйрөк оорулары көбөйгөнүн, буга элдин ден соолугуна кам көрбөгөнү себеп болуп жатканын белгилешет. (ST)
Шерине