Соңку айларда Кыргызстанда өтө жарнамаланып келген криптоактив алдамчылык экени ачыкка чыкты. Ага коомчулукка аты белгилүү адамдар да тартылганы, таанымал кишилер иш-чараларына катышканы жана MCN coin криптоактивин уюштуруучулар өкмөттүк басылмага маек курганы талкууга түшүүдө.
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Суу кодексинин жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча мыйзам долбооруна байланыштуу талаш чыкты. Тагыраагы, кодекстин текстине Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн казууга уруксат берген сөздү киргизүү сунушталганы ачыкка чыгып, каршылыктарды жаратты.
Украинада 11-февралда жапырт ракета жана дрон соккуларынан улам электр энергиясын берүү чукул токтотулду. Орусиянын Саратов шаарында дрон чабуулунан өндүрүш имараттары жабыркаганы айтылды.
Өзбекстандын Анжиян облусунда кыз-келиндердин жумушта жоолук салынып, эркектердин жума намазга баруусуна чектөө киргизилип жатканы кабарланды. Ошондой эле эркектерди мажбурлап сакал-мурутун алдырган учурлар катталууда. Бирок мындай буйрук тууралуу расмий маалымат жок.
Жекшембиде Израил Газадагы стратегиялык Нецарим коридорунан аскерлерин чыгарып кетти. Анын алдыңкы күнү АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу 2023-жылдын 7-октябрында барымтага алган дагы үч кишини бошоткон.
АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди. Бул тууралуу New York Post басылмасы жазды. Маалыматка караганда, эки лидер Украинадагы согушка чекит коюу маселесин талкуулашкан.
Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш милициянын быйылкы жылы коомдук тартипти сактоо ишиндеги негизги багыттардын бири болорун ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди. Кыргызстан глобалдык индексте кыз-келиндер үчүн кооптуу өлкө деп эсептелет.
Uzbekistan Airways Европага каттамдары мурункудай Орусия же Беларус аркылуу өтпөй турганын, учактар бул өлкөлөрдү айланып учмай болгонун жарыялады. Бирок эми Азербайжан жана Түркия аркылуу уча турганы айтылганы менен, Flightradar24 сайты айрым каттамдар дагы эле Орусия аркылуу өтүп жатканын жазды.
Орусиядагы ондогон мигрант банк карталары күтүлбөгөн жерден бөгөттөлүп калганын, айласы кетип турганын айтышты. Алардын айрымдарынын тиешелүү документтери толук болсо дагы, банк картасы иштебей калган. Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарды чыгаруу боюнча режим 5-февралда күчүнө кирди.
Украин өкмөтү жана бейөкмөт уюмдар орус күчтөрүнүн катарында согушуп жүргөн 50дөн ашуун теги борборазиялык жоокер туткунга түшкөнүн кабарлады. Украинадагы борборазиялык согуш туткундары кантип орус армиясынын катарына кошулуп калган? “Биз жана дүйнө” берүүсүндө туткундардын таржымалына токтолобуз.
Экс-министр Динара Кутманова, уулу Кемелбек Кутманов сегиз жылдан абакка кесилгени белгилүү болду. Алардын мүлкү мамлекетке алынат. 2023-жылы УКМК Кутманова бир катар коррупциялык фактыларда “башкы уюштуруучусу экени аныкталып”, кармалганын кабарлаган. Кутманова тагылган айыптарды четке каккан.
Кремль Ак үй менен Украина маселесин талкуулап жатканын ырастады. Зеленский да Путин менен сүйлөшүү үчүн бир үстөлгө отурууга даяр экенин билдирди. Экс-министр Динара Кутманова жана анын уулу Кемелбек Кутманов сегиз жылдан абакка кесилди. Орусияда миграцияга байланыштуу жаңы мыйзамдар күчүнө кирди.
Дагы жүктөңүз