"Тагдырыма балта чабылды..."
Адинай (аты өзгөртүлдү) 22 жашында турмушка чыккан. Баш кошкондон тартып күйөөсүнүн ур-токмогу тыйылган эмес. Келиндин айтымында, жолдошу аны мыкаачылык менен сабачу, ошентип, ден соолугуна доо кеткен:
“Азыр эстегим келбейт ал окуяны. Адашып, өзүмдүн башыма өзүм балта чаптым деп күйөөгө тийгениме өкүнөт элем. Жолдошум уруп, сөгүп, кайненем кечинде үйгө киргизбей койгон, көчөдө жаткан күндөрүм болду. Үч балалуу болгонго чейин азап тартып, азыр да стресс абалда жүрөм. Тикенек чыбык менен сабачу эле. Азыр ошонун азабын тартып жатам – белим, бутум ооруйт. Иштейин десем, кыйналып калдым”.
Күйөөсүнүн гана эмес, кайненесинин жана кайнежелеринин кордугун көрүп, алар менен чогуу жашап келген Адинай үч жылдан кийин акыры ажырашып, аман калганын айтууда.
Бирок келинди өз төркүнү дагы кабыл албай койгон.
“Дагы деле дарыланып жүрөм. Атам бир аз каралашып, батирдин акчасын төлөп берет. Ал жак, бул жактан жардам берип калышат. Ошентип, акыры турмуштан сындым”.
Жалал-Абад шаарындагы демилгелүү аялдар тобунун мүчөсү Мимоза Нуракова зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндер коомдун, тууган-уруктун да кысымында каларын айтууда. Анын белгилешинче, кайындарынан да, өз жакындарынан да колдоо таппаган келиндер зөөкүр күйөөсүнөн качып кете алган күндө да дайым коркунучта жашашат. Коркуу сезими пайда болуп, турак жай, балдарга кенемте төлөтүү маселесинде алсыз болуп жатышат:
“Аялдар көбүнчө балдары менен көчөдө калып жатышат. Алар өз укугун аягына чейин коргой албайт. Коркуу сезими көп. Кайын журту кысым көрсөтсө дароо тосмо арыз жазып салышат. Мындай учурда кордук көргөн аялга жардам бериш үчүн иштеп жаткан жактоочулардын колу буулуп калат”.
Министрдин убадасы
Кордук көргөн аялдар көйгөйүнө бийлик бул жумада кайрадан кайрылды. Ички иштер министри Улан Ниязбеков министрликтин 2024-жылы аткарган иши тууралуу маегинде Кыргызстанда быйыл үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөш күчөтүлөрүн айтты. Министрдин интервьюсу 7-февралда ИИМдин расмий сайтына жарыяланды.
“ Төртүнчү багыт – Үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюп, зомбулук аракеттерин алдын алуу жаатында иш-чараларды тынымсыз алып баруу”, - деген министр бул иш коомдук тартипти сактоодогу негизги багыттардын бири болорун билдирди.
Бирок конкреттүү кандай чаралар көрүлөрүн Ниязбеков тактап айткан жок.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алды алуу бөлүмүнүн улук тескөөчүсү Эрмек Матиев мындай мамилеге кабылган аялдар үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелип жатканын айтты:
“Аялдар жана кыздар бул тиркемеден ИНН аркылуу каттоодон өтөт. Андан соң эгер кандайдыр бир зомбулукка кабылган учур болсо, өзүнүн эле турган жеринен кнопканы басуу менен чакыра алат. Мындан сырткары, ошол эле чакыруу берип жаткан маалда 10 секундага чейин үн жаздыра алат. Чакыруу нөөмөт өтүп жаткан жакынкы ички иштер органынын кызматкерине нөөмөт бөлүм аркылуу келип түшөт. Билдирүүнү алган соң жакынкы кызматкер тез убактын ичинде барып жардам бериши керек”.
Бул мобилдик тиркеме качан жасалып бүтөрү белгисиз. Маалыматка караганда, ал алгач пилоттук түрдө үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган айымдардын чөнтөк телефонуна жүктөлөт. Ийгиликтүү иштеп кете турган болсо, жалпы колдонууга берилет.
"Чогуу иштешсек натыйжалуу болмок"
Зордук-зомбулуктун курмандыгы болгон, зөөкүр күйөөсүнөн качып, балдары менен ар кайсы жакта жашынууга мажбур болгон аялдарга көп жылдан бери жардам берип келе жаткан “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова ички иштер министринин убадасы сөз бойдон калбаса экен дейт. Анын айтымында, Кыргызстанда мыйзамдар жакшы эле жазылган, болгону, аларды тиешелүү органдар так аткарбай жатышат.
“Мындан бир 3-4 жыл мурун ички иштер министрлигине, азыркы министрге “келишим түзүп, кайсы багытта чогуу иштесек” десек, “жок, ансыз деле силер менен иштешип жатабыз” деп койгон. Бишкекте кризистик абалдагы аялдарга жардам берген көп деле уюм жок. Биздин деле мүмкүнчүлүк жетпейт, анан чогуу иштешсек жакшы, натыйжалуу болмок да”, - дейт Рыскулова.
“Энсан-Диамонд” коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамила Капарова үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алууда комплекстүү чаралар көрүлбөй жатканын айтууда. Ал мыйзамдар иштеши үчүн жетиштүү каржылоо зарыл экенин, гендердик зомбулукка каршы атайын өзүнчө бир органды бекитип коюу керектигин айтууда:
“2024-жылды карасам, Ички иштер министрлиги үй-бүлөлүк зомбулуктун фактылары 22 пайыз өстү деп айтып жатат. Бул эмнени билдирет? Арыз берген аялдар эле 22 пайыз көбөйүптүр. Ал эми арыз жазбагандары канча?! Кризистик борборлор зомбулукка кабылгандардын 10 пайызы гана арыз жазарын, 90у милицияга барбай турганын билдиришти. Анткени ишенбейт, уялат. Же үй-бүлөсүнө барат, же курбуларына кетет. Бул статистика өсүп жатат деген сөз”.
"Кыз-келиндер үчүн кооптуу өлкө"
Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун глобалдык индекси (WPS) боюнча, Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылды. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, соңку 2,5 жылда Кыргызстанда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен ажал тапты.
Ал эми Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылы 10 айда өлкөдө 14 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2023-жылга салыштырганда 37,2% же 3 877 окуяга көп.
Зомбулукка кабылган адамдарга 14 362 убактылуу коргонуу ордери берилген – анын 13 663ү аялдарга, 699у эркектерге.
Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4 212 окуяга көп.
Президент Садыр Жапаров 20-декабрда Бишкекте өткөн үчүнчү Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда балдарга, аялдарга каршы жасалган зордук-зомбулукту айыптаган. Мамлекет башчы мындай көрүнүштөр үй-бүлө институтун бузуп, жарандардын адилеттикке болгон ишенимин жоготорун айтып, алсыз адамдарга күч колдонуу актоого жатпай турганын кошумчалаган.
Бир жыл мурун, 12-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндерди атайын кызматтын ар бир райондо жайгашкан кеңселерине кайрылууга чакырган. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчана жазган.
Шерине