Бул милициянын ишмердигинин ачык-айкындыгын жок кылат же күч органы мындай укугун колдонуп жарандарга кысым көрсөтөт деп чочулагандар бар. Демилгени колдоп, милициянын ишмердигине тоскоолдук жаратпоо керек деген пикирди кармангандар да болууда.
Милициянын ишинде ачыктык жоголбойбу?
28-ноябрда Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алган мыйзам долбоорун депутат, мурда ички иштер министринин орун басары болгон Сүйүн Өмүрзаков иштеп чыккан. Ал соңку учурда милициянын ишмердигин видеого тартып, монтаждап, анын мазмунун бурмалап, интернетке жарыялаган учурлар көп болуп жатат деген пикирде.
“Мисалы, дарыгерлер операция кылып жатканда, же мугалимдер сабак өтүп жатканда, алардын ишине кийлигишүүгө эч кимдин акысы жок. Ал эми милиция кызматкери окуя болгон жерде болгондо же кылмышты карап жатканда анын ишине аралашканга эч кимдин укугу жок. Биз иштер сапаттуу тергелсин десек, эч ким тоскоол болбошу керек”.
Демилгечи долбоор милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иштерин тарткан учурларга тиешелүү эместигин, мындай көрүнүштөр азыркыдай эле эркин жүрө бере турганын айтууда.
Бирок мыйзам долбоору милицияга ашыкча укук берип, алардын ишине коомдук көзөмөлдү жок кылат деп тынчсыздангандар көп.
Парламентте каршы добуш берген жападан-жалгыз депутат Дастан Бекешев бул норманын аткарылышына кайра эле милиция кызматкерлери жооптуу болуп, иштер адилет каралбай калат деген пикирде.
“Мисалы, эртең бир жаран милиция кызматкеринин сөгүнүп жатканын видеого тартса, эртең кызматкердин жетекчиси келип, ал жаранды “сен укук коргоо органын дискредитация кылып жатасың” деп жоопкерчиликке тартып коёт. Көрүп жатасыз, сиздин мыйзам долбооруңуз боюнча түрдүү пикир болуп атат. Демек, коомчулукта айтылып жаткан пикирлер туура эмес, сиздики эле туура болуп атат. Бул маселени эмнеге көтөрүп жатам? Бул жерде баары так жазылган эмес. Долбоорду өзүңүз мындай түшүнүп жатам деп атасыз, ал эми коом, юристтер башкача түшүнүп жатат. Өтө көп кайчы пикирлер жазылган”.
Добуш берүүдө мыйзам долбоорун калган 61 депутаттын баары колдоду. Алардын бири депутат Винера Раимбачаева бул мыйзам маалыматты бурмалоого бөгөт болот дейт.
“Бизге да канчалаган блогерлер, журналистмин дегендер келип, тартып, коомго туура эмес маалымат берип жатышат. Бул таптакыр туура эмес”.
Мыйзам долбоору демилгеленгенден бери коомчулукта түрдүү талкуулар жүрүүдө. “Медиаполиси институту” уюму долбоорго талдоо жүргүзүп, айрым беренелери укук коргоо кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусуна алып келерин эскерткен.
“Конституцияга ылайык жарандар оюн эркин айтууга, анын ичинде укук коргоо кызматкерлеринин мыйзамсыз иштери тууралуу ачык билдирүүгө укуктуу. Долбоор укук коргоо органынын кызматкерине нааразы тараптын аракетин өзү каалагандай көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Муну менен жарандын аракети ээнбаштык же каршылык экени укук коргоо кызматкеринен гана көз каранды болуп калат”, - деп жазылган кайрылууда.
Уюм мындай чечим адам укугун чектөөгө жата турганын жана милиция кызматына, жалпы эле мамлекетке жарандардын ишенимин төмөндөтө турганын белгилеген.
"Маселе коомго жарыялаганда бат чечилет"
Интернетке милиция кызматкерлери мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаганы боюнча билдирүүлөр, сүрөт-видеолор утур-утур жарыяланып турат. Айрыкча жол коопсуздук кызматкерлеринин орой мамилесине нааразы болгондор тасмага тартып, мындай көрүнүшкө чара көрүлүшүн талап кылган учурлар бар.
Жарандык активист Эртай Искаков жарандар сүрөт-видеого тартуу менен өзүнүн укугун коргой турганын айтууда.
“Кээде натыйжа болбогон учурда видеолорду интернетке чыгарганга туура келип жатат. Ошондо тезирээк реакция болуп, күнөөлүү кызматкерлерге чара көрүп жатат. Мыйзам долбоору боюнча милиция кызматкерлеринин аброюна шек келтирген сүрөт-видеолорду интернетке чыгарууга болбойт. Бирок андай максатта чыгарган адамдарды кезиктирген жокмун, баары эле өзүнүн укугун коргоо үчүн тартып чыгарышат. Кызматкерлер мыйзам кабыл алынды деп туруп, эч кимге тарттырбай коюшу мүмкүн. Азыр мыйзам кабыл алына электе деле айрым кызматкерлер айдоочуларга айтып, “мыйзам чыкты, тартпагыла” деп айтканын угуп жатабыз”.
Соңку жылдары кыргыз милициясына сын-дооматты күчөткөн бир катар окуялар дагы орун алды. Ички иштер органдарында айрыкча аялдарга, үй-бүлөдөгү зомбулукка карата, адам өлүмү менен аяктаган кайгылуу окуяларга жол берген учурлар болгон. Журналисттердин камалышы, тынч жыйындардын митингдердин чектелишине байланыштуу да милиция кызматына доомат арткандар бар.
Президент Садыр Жапаров соңку төрт жылда кылмыштуулук 50% кыскарганын, коомдук жайлардагы тартип жолго салынып жатканын, Ички иштер министрлиги өлкөдөгү адилеттүүлүктү орнотуудагы негизги мекемелердин бири экенин белгилеген.
Шерине