Кыял Темирканова тергөө учурунда жазган арыздарына толук жооп ала албай жатканын айтууда. Облустук милиция иш тергелип бүтүп, сотко өткөрүлгөнүн билдирди.
Караколдун тургуну Кыял Темирканова 27-ноябрда Ысык-Көл облустук милициясынын жана облустук прокуратурасынын алдында акция өткөрдү. Ал колуна "Эмнеге зордукчу кылмышкер боштондукта жүрөт?", "Прокуратура, ИИБ, эмнеге менин кызым зордукталды, жооп бер?!" деген жазуулары бар плакатты көтөрүп чыккан.
Темирканованын айтымында, 24 жаштагы майыптыгы бар кызы зордукталган окуя боюнча козголгон кылмыш иши жакында гана сотко өткөн.
Аял тергөөдө бир топ суроолор ачык калганын, үч тергөөчү алмаштырылганын жана экспертизалардын жыйынтыктары боюнча маалыматтар бурмаланганын билдирип жатат. Ал бүгүнкү күнгө чейин экинчи шектүү кармалбай келгенине да нааразы.
"Буга чейин мен жазган өтүнүчтөргө толук жооп алган жокмун. Биринчи өткөрүлгөн психологиялык-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгында, майыптыгы бар кызым "алдоого, бир нерсени оюнан чыгарып айтууга жөндөмсүз" деп чыккан. Кызым жакшы сүйлөй албай, кулагы 20% гана угат. Зордуктоо учурунда кулагында тагылып жүргөн бир аппараты жоголгон. Кызымдын улам суракка келип, сотто көрсөтмө беришин каалабайм. Себеби, бул анын моралдык-психологиялык абалын ого бетер начарлатып жатат. Ошондуктан документтерди сурасам бербей коюшту. Облустук милиция прокуратурага, прокуратура милицияга шылтайт. Кызым беттештирүү учурунда экинчи кылмышкерди көрсөткөн, суракта да ал кантип, кандайынан зордуктаганын айтып берген. Бирок экинчи шектүү кармала элек, мен бул боюнча прокуратурага да арыз жазгам. Какпаган эшигим калган жок".
5-августта 24 жаштагы майыптыгы бар кызды зордуктоого шек саналып, эки адам кармалганын Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы "Азаттыкка" маалымдаган.
Ага ылайык, Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну жана Түп районунун 36 жаштагы тургуну Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") менен козголгон кылмыш ишине шек саналууда.
2-августта Түп райондук милициясына Каракол шаарынын тургуну кайрылып, 24 жаштагы майыптыгы бар кызын эки адам зордуктаганына арызданган. Арыздын негизинде кылмыш иши козголуп, соттук экспертиза дайындалган.
Бул окуядан кийин зордукталганы айтылган экинчи топтогу майыптыгы бар кыздын абалы начарлап, үч жолу ооруканага жатып чыккан.
Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктарына ылайык, кыз зордукталганы анык экени, денесинде көгала, бутунун томук жагында жарака болгону жазылган.
Мыйзам бузуу менен өткөн экинчи экспертиза
Ноябрь айында дагы бир ушундай эле соттук-медициналык экспертиза жасалып, анын жыйынтыгына Кыял Темирканова нааразылыгын билдирүүдө:
"Зордуктоо фактысы менен "өмүрүнө же ден соолугуна коркунучтуу болбогон зомбулукту жасоо" катары баалап коюшту. Биз бир нече өтүнүч жазып, "топ адам менен зордуктоо" боюнча да беренелер менен айып тагылышы керек дедик. Бирок анын бири да эске алынган жок. Алар (тергөө органдары) кыздын абалын жакшы деп баалап жаткандыктан биз кайра комплекстүү экспертиза өтөлү деп, андан өтүп келдик. Анын жыйынтыгы беш күн мурда келген, көрүп стресске түштүм. Себеби эксперттер "кыздын ден соолугуна жеңил залал келтирилген" деп бүтүм чыгарыптыр. Биздин ооруканада дарыланып жатканыбызды, буту гипсте жүргөнүн, баш мээси чайкалганын жокко чыгарышты. Кийин облустук милициянын башчысынын орун басары Абдымомунов "бутунун сынганы тууралуу документти сиз жасатып алгансыз" деп мени күйгүздү. Мен жазган өтүнүчтөрдү карашкан жок. Биздин өтүнүчтөрдү канааттандыргандан кийин гана адвокатым менен чогуу иш менен таанышам дегем, бирок ага да карабай ишти сотко өткөрүштү. Негизи прокуратура 2-декабрга чейин каралсын деп белгилеп берген. Маселен бир канча күбө суралышы керек эле, ал да аткарылган жок".
Мындан улам Темирканова нааразылык акциясына жалгыз чыгууга мажбур болгонун айтууда. Ал бул ишке байланыштуу УКМКнын Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнө да арыз жазган. Анда 1-августта кызы табылган күнү ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерде жетишерлик деңгээлде иштебей, далил заттар алынбай калганын жүйө келтирген. Бирок атайын кызматтын өкүлчүлүгү арызда көрсөтүлгөндөр тастыкталган жок деп билдирген. Ички иштер министрлигине да кайрылып, ишти аймакта кароого каршылык билдирген.
Баш прокурорго даттануу
Укук коргоочу Камил Рузиев зордукталганы айтылган кыздын укугун коргоого көмөк көрсөтүп келет.
Ал 29-ноябрда баш прокурор Максат Асаналиев менен Караколдо жолугушуу болгонун, окуянын чоо-жайын укуктук баа берүүгө көмөктөшүүнү убада кылганын билдирди.
"Тергөө тобу бизди айыптоо актысы менен тааныштырбай туруп, ишти облустук прокуратура аркылуу Түп райондук сотуна 25-ноябрда өткөрүп жиберишкен. Тергөөчү биздин он өтүнүчтү карабай койгондуктан биз облустук прокурордун орун басарына кайрылганбыз. Ал болсо биздин өтүнүчтөр каралмайынча иш сотко өтпөйт деп ишендирген эле. Биз ушу тууралуу баш прокурор Асаналиевге айттык. Ал борбор калаадан эки адисти жиберип, текшерүү уюштурарын убадалады".
Башкы прокурор Максат Асаналиев Ысык-Көл облусунда майыптыгы бар кызды уурдоо жана зордуктоо боюнча козголгон кылмыш иши менен таанышып, жабырлануучунун апасына жолукту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушууда кыздын апасы бул кылмышка тиешеси бар адамдардын жоопкерчиликке тартылбай жатканын айтып, нааразылык билдирган. Башкы прокурор ишти жеке көзөмөлүнө аларын айтып, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазага тартыларын убада кылды.
Максат Асаналиев 29-ноябрда Ысык-Көл облусуна барып, жергиликтүү жашоочуларга жолуккан.
Рузиев 25-ноябрда жыйынтыгы чыгып келген соттук-медициналык экспертизаны эксперттер Стамбул протоколуна ылайык жүргүзбөй, Министрлер кабинетинин токтомун аткарган эмес деп жатат.
"Тагыраагы, эксперттер Стамбул протоколунда медициналык формага салып "зордуктоо" фактысын, сабоо, уурдоо, зомбулук көрсөтүү фактыларын каттаган эмес. Алар болгону "кызды телефон менен чапкан" деген гана фактыны калтырып коюшкан. Алар экспретизаны психо-психиатриялык эксперттер менен комплекстүү жүргүзүп, Стамбул протоколуна ылайык жыйынтык чыгарышы керек эле.
Тергөөдө бир катар кемчиликтер кеткен. Мындан улам бул иште кайра комплекстүү экспертизаны жүргүзүүнү талап кылып жатабыз", - деди Рузиев.
Ал ортодо Ысык-Көл облустук милициясынын башчысынын орун басары Максат Абдымомунов тергөө аяктап, сотко өткөрүлгөнүн "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып маалымдады. Ал соңку соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары кыз зордукталбаганын, ден соолугуна залал келтирилбегенин көрсөткөнүн да кошумчалады.
Бир ишке бириктирилип, сотко өттү
Тергелип бүттү деген кылмыштын баары бир ишке бириктирилип, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-пунктуна ылайык сотко өткөрүлгөн. Анда кылмыш иши "топ адамдар тарабынан жасалган" деп жазылган эмес.
"Зордуктоо" фактысынан сырткары, "адам уурдоо, зомбулук көрсөтүү, талап-тоноо" боюнча беренелер кошулган. Мунун баары бир кылмыш ишине бириктирилип, сотко өттү.
Ысык-Көл облустук милициясынын Тергөө кызматынын башчысы Данияр Иманакунов буларды айтты:
"Ушул эле кылмыш ишинин алкагында "адам уурдоо" фактысы жана "тоноо" фактысы менен иштери козголуп, шектүү катары кармалган А. аттууга айыптары угузулуп, иш соттук кароого жиберилген. Ал эми соттук-биологиялык, соттук-психиатриялык, соттук-медициналык экспертизалар толук кандуу жүргүзүлгөн. Бул кылмыш иши боюнча бир адамга айыбы угузулду".
"Майыптыгы бар адамдарга көмөк көрсөткөн органдар"
Балдар укугун коргоо лигасынын башчысы Назгүл Турдубекова Кыргызстанда майыптыгы бар өспүрүмдөргө, кыздарга кол салгандар "майып балдар алсыз, өзүн коргой албайт жана баарлашуу мүмкүнчүлүгү чектелгендиктен аларга ишенүү кыйын" деп эсептерин белгилеп жатат.
Ал ошондой эле майыптыгы бар өспүрүмдөрдү, кыздарды маал-малы менен барып карап, кабар алып, мониторинг жүргүзүп, план түзө турган адистердин жетишсиздиги чоң көйгөй жаратарын билдирди.
"Бул маселени жергиликтүү бийликтин деңгээлинде жөнгө салмайынча көйгөй чечилбейт. План түзүп, ар бир үй-бүлөдөн кабар алып турган адам жок бизде. Зордуктаган адамдарды жазага тартуу боюнча мыйзамдар иретке келтирилген, бирок кылмышкер толук кандуу жазага тартылбай жатат. Тергөө иштери учурунда укук коргоо системасы аксап калууда. Себеби, айылдарда профессионал адистер аз, анан калса кошкөңүл мамиле жасалууда. Убагы өтүп кеткенден кийин албетте кыз баланын укугун жактоо абдан оорлоп кетет. Прокуратура буга көз салышы зарыл. Майыптыгы бар адамдар алсыз болот, аларга өзгөчө коргоо системасын түзүп берүү керек".
Турдубекова ошондой эле өкмөт жана уюмдар майыптыгы бар улан-кыдарды окутуу борборлорун ачып, коомго аралаштырып, өз укугун билүүгө, жок дегенде кат-сабатын жоюуга аракет кылуу зарыл деп эсептейт.
Башкы прокуратуранын расмий маалыматында, Кыргызстанда өткөн жылы жашы жете электерге карата 406 оор жана өзгөчө оор кылмыш жасалганы аныкталган. Кылмыш иштеринин 160ы зордуктоого байланыштуу.
Башкы көзөмөл органы быйылкы жылдын статистикасын жарыялай элек.
Шерине