Вашингтондун Киевге аскердик жардамды убактылуу токтотуп коюшу Балтика боюндагы өлкөлөрдүн өзгөчө тынчын алууда. Бул кадам АКШ президенти Дональд Трамп менен Украинанын лидери Владимир Зеленскийдин Ак үйдөгү кайым айтышынан көп өтпөй жасалды.
Украинанын Кривой Рог шаарында шаршембинин кечинде урулган соккудан каза тапкандар төрт кишиге жетти. Ондогон адам жараланды. Жарым-жартылай урап калган имаратта мейманкана орун алган. Орусия окуяны комментарийлеген жок.
"Талибан" ооган кыз-келиндерине каалаган жерде иштөөгө, окууга, коомдук жайга барууга, алтургай бөлмөсүнө терезе коюуга тыюу салган. Мындай чектөөгө туш болгон аялдар америкалык порножылдыздын өлкөгө кирүүсүнө уруксат берилгенине нааразы. Укук коргоочулар муну "эки жүздүүлүк" деп сындап жатат.
Бучанын көчөлөрүндө ар кай жерде чачылган сөөктөр. Атылган деп айтылган согуш туткундарынын сөөктөрү украин бийлигине кайтарылган. Жүргүнчү поездге баллистикалык ракета тийгенде бейкүнөө тургундардын каны төгүлгөн. Орустар асырап алган украин балдардын кайда экенин ата-энелери билбейт.
4-мартта АКШ президенти Дональд Трамп Конгрессте туруп, Зеленскийден кат алганын жана анда украин лидери сүйлөшүүлөрдү баштоого даярдыгын билдиргенин айтты. Бул Трамптын президенттик кызматка киришкенден бери Конгресске жасаган биринчи кайрылуусу. Анын кызматка киришкенине 50 күндөн ашты.
Трамп 5-мартта Конгресстеги кайрылуусунда Зеленскийден кат алганын айтып, ал тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даярдыгын билдиргенин айтты. Трамп бул кайрылуусун АКШ Украинага аскердик жардамды убактылуу токтотуп койгондон бир нече саат өтпөй жасады.
Украинадагы согушту токтотуунун айланасында дипломатиялык аракеттер кызып, АКШ менен Батыштын калган өлкөлөрү ортосундагы пикир келишпестик даана байкала баштаган чакта Кытай мындай абалдан кандай артыкчылык же пайда таба аларын издеп жатат.
АКШ президенти Дональд Трамп өткөн жумада Ак үйдө Украина президенти Владимир Зеленский менен кайым айтышкан соң Киевге аскердик жардамды убактылуу токтото турууну чечти. Кремль бул чечимди кубаттады. Украинанын өкмөт башчысы АКШ менен алаканы сактап калууга дилгир экенин билдирди.
Украинада согуш башталганда Казакстандын бийлиги атайын каттамдарды уюштуруп, өз жарандарын өлкөдөн чыгарып кеткен. Бирок Марат Дарменовдун үй-бүлөсү Украинада калып, согуштун каарын тарткан жергиликтүүлөргө тилектештик көрсөтүп келет.
Ак үйдө Зеленский менен кайым айтышкандан кийин Трамп Украинага бардык аскердик жардамды убактылуу токтотту. Бул тууралуу бир катар медиа жогорку даражалуу аткаминерлерге таянып жазышты. Алар "бул убактылуу гана чечим" деп белгилешти. Трамп Зеленскийдин “согуш дагы көпкө созулат” дегенин сындады.
Лондондо өткөн жогорку деңгээлдеги саммит бир жумадан бери уланып жаткан Украина боюнча дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктады. Бул маалда АКШ менен анын Европадагы өнөктөштөрүнүн ортосунда Украинадагы согушту токтотуу боюнча пикир келишпестиктер ачык көрүндү.
Дагы жүктөңүз