Үч жылдан ашкан Орусиянын Украинадагы согушунда мыкаачылыктын, согуш жана адамзатка каршы кылмыштардын тизмеси кеңейүүдө.
Андай кылмыштарды жасагандар качандыр бир маалда Киевде, Гаагада же башка жерде сот жообуна тартыларына эч ким кепилдик бере албайт. Орус командирлеринин оор айыптоолорду иликтөөгө кенедей да ниети жок. Кремль болсо, тескерисинче, эң оор кылмыштарга айыпталган аскер бөлүктөрүнө сыйлык тапшырган. Орусия капарына да албаган жана Вашингтондогу жаңы администрациянын кыжырына тийген Эл аралык кылмыш соту барган сайын алсыз болууда.
Ошентсе да украиналык тергөөчүлөр жана Батыштагы өнөктөштөр далилдерди чогултуп, кылмыш иштерине кынтыксыз негиз болуучу документтерди топтоо ишин үзгүлтүксүз улантууда. 153 миңден ашуун кылмыш иши ачылган.
"Убакыт-сааты жеткенде алар сот жообуна тартылбай калбайт. Тарыхка карасак, мындай иштер жылдарга созулса да унутулбайт", - деди Украинанын Башкы прокуратурасынын согуш кылмыштарын иликтеген кызматкери Юрий Белоусов "Азаттык" радиосунун украин кызматына.
Балдар кайда кетти?
Эл аралык кылмыш соту козгогон эки иштин бири оккупацияланган аймактардан украиналык балдарды Орусияга чыгарып кетүүнү системалуу түрдө уюштургандарга каршы ачылган.
Гаагадагы сот 2023-жылдын 17-мартындагы билдирүүсүндө орус президенти Владимир Путинди жана балдар омбудсмени Мария Львова-Белованы "балдарды мыйзамсыз депортациялоо жана мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча согуш кылмышына барганы үчүн" камакка алууга буйрук чыгарган.
Украин бийлиги 20 миңге жакын бала дайынсыз же Орусияда камакта деп эсептейт.
Укук коргоочулар, журналисттер жана украиналык тергөөчүлөр оккупацияланган аймактардан украиналык балдарды чыгарып кетүү кеңири масштабда уюштурулганын документтештирген.
Орус расмийлери өз аракеттерин гуманитардык көмөк сыңары көрсөтүп, балдарды согуштан же оккупацияланган аймактардагы кыйроолордон коргоп, башкалка, тамак-аш менен камсыздап жаткандай түр кылат. Бирок көп учурда орус бийлиги украиналык балдардын ата-энелерин, башка туугандарын же мыйзамдуу камкорчуларын аныктоо үчүн аракет деле кылган эмес.
Мындан тышкары тергөөчүлөр орус бийлиги "мыйзамсыз бала асырап алуу жана багып алуу боюнча системалуу программага" да аралашкан деп эсептешет. Кээ бир учурларда украиналык балдар Беларуска жайкы эс алуу лагерлерине жөнөтүлүп, алар орусиячыл таалим-тарбия алып, пропагандага сугарылган.
Көчөдөгү сөөктөр
Кол салуудан кийинки алгачкы апталарда айрыкча баш калаа Киевдин түндүк ыптасында орус күчтөрү украин армиясынын катуу каршылыгына туш болду. Март айынын этегинде орус командирлери аскер бөлүктөрүнө артка чегинүүгө жана кайра уюшууга буйрук беришкен.
Алар чегингенден кийин украин бийлиги жана журналисттер Буча шаарында жүздөгөн жайкын тургундардын ок тийип өлгөнүн, кээ бирөөлөрдүн колдору байланганын, аллеяларда жаткан же жер төлөлөрдө калган сөөктөрүн табышкан.
Киевге жакын Ирпин шаарында жергиликтүү тургундардын сөөктөрү тобу менен көмүлгөн көрүстөндөрдү табышкан. Маркумдардын көпчүлүгү ок тийген жаракаттары менен көмүлгөн.
Бучадагы жана Ирпиндеги мындай көрүнүштөр дүйнөнү нес кылып, Киев менен Москванын ок атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүүсүн үзгүлтүккө учуратып, Орусиянын дарегине кескин сын айтты да, Украинага колдоону күчөттү.
Сырттагы эксперттер табылган далилдер согуш кылмыштары жасалганын түздөн-түз ишарат кыларын белгилешкен. Кийинчерээк Америка Кошмо Штаттары Бучага жайгаштырылган Орусиянын аба-десанттык полкунун командирине "суроо-сопкутсуз адам өлтүрүүлөр" үчүн визалык тыюу салган.
Украин бийлиги 21 орус аскерин Бучада согуш кылмыштарына шектүү деп айыптап, кылмыш ишин козгогон.
Үрөй учурган сүрөттөр дүйнөнүн туш тарабына тарагандан бир нече жума өткөндөн кийин Путин Бучаны жана анын айланасын ээлеп алган 64-мотоаткычтар бригадасынын бөлүгүнө сыйлык берүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Баштапкы ою ойрон болгондон кийин Орусия өзүнүн басып алуу пландарын кайра карап чыкты. Майданда аскердик жетекчиликти өз колуна алган генерал Сергей Суровикин Украинадагы аскердик жайларды гана эмес, жарандык инфраструктураны да бутага алган ракеталык жана аба соккуларын жапырт урууга буйрук берген.
Суровикин жалданма күчтөрдүн лидери Евгений Пригожиндин козголоңунан кийин командирликтен алынганы менен, мурунку согуштук стратегия улантылды.
Аба жана деңизден учурулган канаттуу ракеталар, камикадзе дрондору жана башка курал менен Орусия Украинанын инфраструктурасын талкалап, калкты моралдык жактан чүнчүтүп, жүрөгүнүн үшүн алууну көздөгөн. Кыш маалында электр тармагы – электр станциялары, трансформаторлор, жогорку чыңалуудагы линиялар карасанатайлык менен кайра-кайра бутага алынган.
Согуш талаасындагы киши өлтүрүүлөр
2022-жылы декабрдын аягында Украинанын аймактык коргонуу күчтөрүнүн 119-бригадасынын жоокери Александр Мациевский Бахмут шаарын коргоп жүрүп жоголгон.
Үч айдан кийин орус Телеграм каналдарында өңүнөн азып, жүдөгөн Мациевскийдин орус аскерлеринин маңдайында чылым чегип турган 12 секунддук видеосу жарыяланды. Алар аны видеого тартып, шылдыңдап жатканда Мациевский "Украинага даңк!" деп айтканга үлгүрөт. Андан кийин орус жоокери аны сөгүп туруп, атып салат.
Мекенинде Мациевский улуттук баатыр катары даңкталган. Эксперттер белгилегендей, ал дагы согуш кылмышынын курмандыгы болгон.
Эл аралык укук согуш туткундарын сотсуз эле жазалоого тыюу салат. Орусия, Украина экөө тең согуш туткундарынын укуктарын коргогон Женева конвенциясына кошулган.
БУУнун маалыматына ылайык, 2022-жылдын февралынан тарта орус аскерлери кеминде 71 украин туткунду суроо-сопкутсуз эле өлтүргөн. Бери дегенде 21 жоокер Орусияда туткунда набыт болгон. Жүздөгөн кишилер кыйноо көрүп, сексуалдык кордукка кабылганын билдирген.
Бул жагынан алганда Украинанын дагы колу таза эмес. БУУнун көзөмөл миссиясы 2022 жана 2023-жылдары 26 орус жоокери туткунда өлтүрүлгөнүн билдирген. Колго түшкөн жүздөгөн аскерлер кыйноого, зордук-зомбулукка кабылганын айтып берген.
Темир жол станциясындагы кыямат
2022-жылы 8-апрелде эртең менен Донбасстын Краматорск шаарындагы темир жол станциясында жүздөгөн кишилер поезд күтүп турган жерге кластердик ок-дары менен жабдылган баллистикалык Точка-У ракетасы тийген.
Жарылуудан кеминде 58 адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жаракат алган. Бул согуш башталганы украиналык жайкын тургундарга жасалган эң кандуу чабуулдардын бири болгон.
Украинанын жана Орусиянын күчтөрүндө тең Точка-У системалары болгон. Бирок далилдердин көбү ракета орус аскерлерине таандык экенин көрсөткөн. Орус бийлиги аны четке кагып, ал система колдонулган эмес деп танган.
Эл аралык гуманитардык укук электр станциялары сыяктуу эле жайкын тургундарды же жарандык инфраструктураны атайылап бутага алууга тыюу салат. Аскердик командирлерден андай жерлерге сокку уруудан оолак болууну талап кылат.
Краматорскидеги кандуу чабуул жарандык жайлар жабыркаган же талкаланган жалгыз окуя эмес. 2024-жылы июль айында Киевдеги "Охматдит" балдар ооруканасы орус армиясынын ракеталык соккусунан катуу талкаланган, бирок ал жер атайылап бутага алынганбы же жокпу, белгисиз бойдон калган.
Адам укугун коргоочулар 2022-жылдын февралынан майына чейин Азов деңизиндеги порт-шаар Мариуполдун курчоодо калганын дагы согуш кылмышына тете деп санашат. Анда миңдеген жайкын тургундун каны төгүлүп же жарадар болуп, жүз миңдеген адамдар жума бою суусуз, электр жарыгысыз калган.
БУУ 2022-жылдын февраль айынан бери 12,600дөн ашуун жайкын тургун набыт болгонун, 2023-жылга салыштырмалуу өткөн жылы карапайым калк ичинде өлүм-житим кескин көбөйгөнүн белгилейт.
Украинанын согуш кылмыштарын иликтеген расмий өкүлү Белоусов тергөөчүлөр көп учурда дагы бир коркунучка туш болушарын, ал дагы согуш кылмышы катары классификацияланышы мүмкүн экенин айтты.
"Орус күчтөрү көп учурда "эки жолу сокку уруу" ыкмасын колдонушат. Алар бир жерге чабуул койгон соң куткаруучулар, полиция жана прокурорлор келгиче 30–40 мүнөт күтүп, анан кайрадан сокку урушат", - деди ал "Азаттыктын" украин кызматынын суроолоруна жооп бергенде.
Шерине