28-февралда Ак үйдө украин президенти Владимир Зеленский менен америкалык лидер Дональд Трамптын жолугушуусунун ийгиликсиз аяктаганы Лондон саммиттиндеги маанайды башка нукка бурду.
Жыйынга украин президенти менен катар ондон ашуун Европа лидерлери, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан, НАТОнун баш катчысы Марк Рютте, Еврокомиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен жана Еврокеңештин президенти Антониу Кушта катышты.
АКШнын өкүлдөрү бул жыйынга келген жок. Саммиттин алдында Стармер Британия, Франция жана Украина "балким, дагы бир-эки өлкө" тынчтык планынын үстүндө иштеп, аны Вашингтон менен талкуулай турганын билдирген.
Украинага күчтүү моралдык колдоо: Европа канчалык алыска барат?
Буга чейин кандайдыр бир деңгээлде күмөн санаган Зеленский эми Украина континентте абдан олуттуу колдоого ээ экенине ынангандай болду.
Премьер Стармер менен Франциянын президенти Эммануэл Макрон өз кезегинде Трампты Украинаны колдоодон баш тартпоого жана Орусияга карай катаал позициядан тайбай турууга чакырышты.
Алар 24-февралда жана 27-февралда Вашингтондо болгон жолугушууларда америкалык лидердин үч жылдан ашуун уланып жаткан согушту тез арада токтотуу аракетине баа беришти.
28-февралда Зеленскийдин Ак үйдө Трамп жана вице-президент Жей Ди Вэнс менен кайым айтышкан сапары үзгүлтүккө учураган соң, Европадан украин лидерин колдогон билдирүүлөр арбын болду.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Кая Каллас Трампты кыйыр түрдө сындап, "эркин дүйнөгө жаңы лидер керек" деп билдирди.
Украинага Европанын жардамы жетиштүүбү?
Европа Украинага жардамды көбөйтө турган болду. Лондон Зеленскийди жылуу маанайда тосуп алып, Стармер Киевге 2,26 млрд фунт стерлинг (2,84 млрд доллар) насыя берүү тууралуу макулдашты.
Зеленский бул каражат Орусиянын камакка алынган активдеринин эсебинен кайтарыларын билдирди.
Бирок Европанын жардамы Америка берген көмөктүн ордун толтура алабы? АКШ - согуш башталгандан бери Украинага эң ири көлөмдө жардам берген мамлекет.
Вашингтон менен Киевдин мамилеси акыркы он жылда эң солгун тарткан маалда каржылык колдоо кыскарып кетиши мүмкүн деген кооптонуу бар.
Бул суроо азыр Зеленский менен Трамп Ак үйдө журналисттердин көзүнчө күтүүсүздөн кайым айтышкандан кийин Батыштагы саясатчылардын баш оорусуна айланды. Ал талаш-тартышта Трамп өзүн Киевдин бекем союздашы эмес, Украина менен Орусиянын "ортосунда ортомчу" катары көрсөткөнгө аракет кылды.
"Силер келишим түзөсүңөр же биз кетебиз", – деп Трамп катуу айтты. Анын бул сөздөрү Украина элчиси Оксана Маркарованы катуу капаланткандай болду.
Ак үйдөгү жолугушуудан кийинки Трамп менен Зеленскийдин билдирүүлөрү
Владимир Путинге "өтө жакындап кетти" деген сынга Трамп өзүнүн социалдык тармагы аркылуу 2-мартта жооп кайтарды. Ал америкалыктарга "Путинге тынчсызданганды тим коюп", андан көрө "биздин өлкөгө кирген мигранттардын кылмыштуу топторуна, маңзат барондоруна, адам өлтүргүчтөргө жана психикалык ооруканалардан чыккан адамдарга көбүрөөк көңүл бургула" деди. "Биз дагы Европанын кейпин кийип калбайлы!”, - деп жазды.
Зеленский болсо Путинди “киши өлтүргүч” деп атап, ага ишенүүгө болбой турганын айтты.
Ал Москва менен кандайдыр бир ок атышууну токтотуу келишими түзүлгөн күндө да АКШ тарабынан бекем коопсуздук кепилдиктери берилбесе, Путин аны сактайт деп ишенүүгө болбой турганын белгиледи. Бирок Вашингтон азырынча андай кепилдик бере элек.
Соңку чыңалууга карабастан, украин президенти Киев менен Вашингтондун алакасын оңдоп кетсе болот деген ишеничте. Пикир келишпестиктен улам сейрек кездешүүчү металлдар жана согуштан кийинки өлкөнү калыбына келтирүү боюнча Вашинтон менен Киев ортосундагы макулдашууга кол коюлбай турат. Бул келишим Украина үчүн абдан маанилүү.
Жогорку даражалуу бир нече расмий адамдар бул келишимге тезинен кол коюлушу керектигин белгилешти. Алардын арасында НАТОнун баш катчысы Марк Рютте дагы бар.
Ал Зеленский менен сүйлөшкөндө ага Трамп менен мамилени оңдоо зарылдыгын айтканын билдирди.
Зеленский 2-марттагы кечки видео кайрылуусунда "Албетте, биз Америка Кошмо Штаттарынын маанисин түшүнөбүз жана алган бардык колдоо үчүн ыраазыбыз" деп айтты.
“Ыраазы болбогон бир да күн жок. Анткени бул биздин төбөлсүздүгүбүздү коргоо үчүн ыраазычылык. Өнөктөштөр өзүлөрүнүн жана биздин коопсуздугубуз үчүн Украинада туруктуу турабыз. Тынчтык үчүн дипломатия болот. Ошондой эле Украина, бүтүндөй Европа жана эң негизгиси Американын бирге болушу үчүн дипломатия”, - деп кошумчалады Зеленский. Ал ошондой эле Лондондо журналисттердин суроолоруна жооп берип, керек болсо Ак үйгө кайра барууга даяр экенин айтты.
Трамп менен жакшы алакадагы Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони Лондон саммитинин алдында Киев менен Вашингтондун алакасын жакшыртууда Рим "көпүрө боло алат" деген үмүтүн билдирди.
Ал Батыш коалициясында жарака кетишине жол бербөө "өтө маанилүү" экенин баса белгиледи.
Европа аскердик чыгымды көбөйтүүдөн башка эмне кыла алат?
Украина маселесинен тышкары, Европада жалпы эле коргонуунун келечеги тууралуу тынчсыздануу күч алууда.
Трамп НАТОну Америка үчүн өтө кымбатка турган уюм катары сыпаттап, биримдиктин мүчөлөрүнөн коргонуу чыгымдарын көбөйтүүнү талап кылып келет.
Бирок аскердик бюжетти көбөйтүү же Орусиянын камакка алынган активдеринин кирешесин пайдалануу менен эле Европа өз коргонуусун чыңдай алабы?
Айрым эксперттердин пикиринде АКШнын колдоосу жок азыркы Европанын коргонуу мүмкүнчүлүгү жетишсиз.
Орусия боюнча эксперт Эдвард Лукас “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна "кайра куралдануу банкы" тууралуу айтты.
Лукас бул долбоордун демилгечилеринин бири жана аны Британиянын каржы канцлери Рэйчел Ривз сыяктуу саясатчылар аны ачык колдошконун белгиледи.
Аталган банк Европанын Өнүктүрүү жана Реконструкция Банкынын (EBRD) үлгүсүндө түзүлмөкчү. Бул уюм 1990-жылдары Борбордук жана Чыгыш Европанын инфраструктурасын өнүктүрүү жана рыноктук экономикага өтүүсүн колдоо үчүн мүчө-өлкөлөрдүн капиталынын негизинде каржыланган.
"Биз Дональд Трампка Европа олуттуу мамиле жасарын көрсөтүшүбүз керек. Бул альянстын биримдигин сактоо үчүн маанилүү. Биз Путинге да олуттуулугубузду далилдешибиз керек. Бул аны тизгиндеп туруу үчүн маанилүү. Биз украиналыктарды колдоп жатканыбызды көрсөтүшүбүз керек. Бул аларга дем берүү үчүн абдан маанилүү," – деди Лукас.
Шерине