АКШ Украина жана Орусия менен Кара деңизде аскердик аракеттерге тыюу салуу боюнча макулдашуу жетишилгенин жарыялады. Андан тышкары эки тарап бири-биринин энергетикалык жайларына сокку урууну токтотуу боюнча чараларды көрүүнү макулдашты. Ошентсе да азырынча тынчтыкка жетүү үчүн тоскоолдуктар арбын.
Өзүн "Ислам мамлекети" (ИМ) деп атап алган экстремисттик топ Сирия менен Иракта маанилүү аймактарынан ажырап калганына карабай таасирин кеңейтип, тактикасын өзгөртүүдө. “Ислам мамлекети-Хорасан” тобу Ооганстандан ары кеңейип, Тажикстандан, Өзбекстандан согушкерлерди катарына тартып жатат.
Америка соту АКШнын Глобалдык медиа агенттигине (USAGM) “Эркин Европа / Азаттык” радиосун жабууга байланыштуу аракеттерин токтотуп турууну буйруду.
Түркияда Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу камакка алынгандан кийин башталган нааразылык акциялары уланууда. Соңку он жылдагы эң масштабдуу демонстрациялар Стамбул, Анкара жана Измирде алты күндөн бери өтүп жатат. Түркиянын президенти демонстрацияларды "зомбулук кыймылы" деп атап, оппозицияны айыптады.
АКШнын Глобалдык медиа агенттиги (USAGM) Конгресс тарабынан бөлүнгөн каражаттын бир бөлүгүн "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна бөлүп берүүгө макул болду.
Эр-Риядда Вашингтон менен Москванын делегацияларынын сүйлөшүүсү өтүп жатат. Украинадагы согушту токтотуу аракети алкагында Вашингтон Киевдин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрүн улантууда. Жекшембиде Эр-Риядда АКШ менен Украинанын өкүлдөрү согушта ок атышууну жарым-жартылай токтотуу тууралуу сүйлөштү.
Украинадагы Орусия баштаган согушту токтотуу аракети алкагында АКШ украин бийлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрүн улантууда. 23-мартта Сауд Арабиясында америкалык жана украин расмийлеринин кезектеги жолугушуусу өттү. Эми 24-мартта АКШ өкүлдөрү Орусия тарап менен экинчи жолугушуусун өткөргөнү жатат.
Түркияда сот Стамбулдун мэри Экрем Имамоглуну камакка алууга санкция берди. Имамоглунун кармалышы өлкөдө акыркы он жылдагы эң чоң толкундоолорго алып келди. Аны колдогон митингде 300дөн ашуун киши кармалганы кабарланды. Мэр 19-мартта кылмыштуу топту жетектөө жана коррупцияга айыпталып кармалган.
Иранда 21-марттан тартып иммиграциялык мыйзамдар катаалдаганы бул өлкөдө жашаган ооган качкындарынын абалы оорлошу мүмкүн болууда.
АКШнын президенти Дональд Трамп жакын арада Киев менен Вашингтон сейрек кездешүүчү минералдар жана табигый ресурстар боюнча келишимге кол коёрун билдирди. Киев азырынча бул боюнча комментарий бере элек.
Эми Украинадагы кырдаалдан кабар алалы. Украина жана Орусия соңку суткада да бири-биринин аймагына сокку урууну улантышты. Күн мурун Украина жана АКШ президенттери телефондон сүйлөшкөн.
Түрк бийлиги оппозициялык саясатчы, Стамбулдун мэри Экрем Имамоглуну кармап кетти. Маалымат каражаттары жазгандай ага "коррупция жана террордук топко көмөктөшкөн" деген айып тагылууда. Оппозициялык Республикалык элдик партия муну “болочок президентке каршы кутум” деп атады.
Дагы жүктөңүз