АКШ президенти Дональд Трамп менен украин мамлекет башчысы Владимир Зеленскийдин Ак үйдөгү кайым айтышуусу Вашингтон менен европалык өнөктөштөр ортосундагы дипломатиялык араздашууга дагы бир жем таштады. Мындай жагдай Бээжинге Европа менен солгундаган мамилесин калыбына келтирүүгө өбөлгө түзүүдө.
Анын кесепети Азияга да жайылышы мүмкүн. Вашингтон менен ымаласы жакшы Тайван өңдүү өлкөлөр АКШнын активдүү аракеттерине жана региондо өзүн кубаттуу күч катары көрсөтүүнү көздөгөн Кытайдын күчөгөн кысымына туш болушу мүмкүн.
Берлиндеги Маршалл фондунун улук илимий кызматкери Эндрю Смолл “Азаттыкка” курган маегинде мындай кырдаалды Кытай үчүн жагымдуу деп атаса болорун белгиледи.
“Бээжин олуттуу мүмкүнчүлүктү көрүп жатат: Тайвандагы күтүлбөгөн окуялардан улам Орусия менен кеңири кызматташтык жана АКШнын позициясынын алсырашына чейин”, - деп айтты бир кездери Еврокомиссиянын Кытай стратегиясы боюнча кеңешчиси болуп иштеген эксперт.
АКШнын саясатындагы өзгөрүүлөрдөн Кытай кандай пайда табат?
Кытайлык дипломаттар АКШнын Орусия менен алакасын калыбына келтирүү жана Украинадагы согушту тезирек токтотуу аракеттери Европаны обочодо калтырып коет деген кооптонуудан кантип пайда табууга көңүл буруп жатат. Мындай ою менен Еврошаркеттин үч расмий өкүлү бөлүштү.
2022-жылы Орусия Украинага басып киргенден кийин бейтарап позицияда экенин айтканы менен Бээжин Москваны колдоп келген. Эми болсо трансатлантикалык ажырымдан, анын ичинде Трамптын Еврошаркетте жасалган товарга 25% бажы салыгын киргизүү планынан колдонуп кетүүнү көздөйт. Брюссель АКШнын экономикасына каршы чара көрөрүн эскерткен.
Смоллдун айтымында, Кытай “жаңы контекст кандай мүмкүнчүлүктөрдү тартуулаганын билүү үчүн” азырынча “фактыларды аныктоо” баскычында турат.
“Кытайдын кандай гана сунуштары болбосун скептикалык маанайга кабылмакчы. Бирок Бээжин ошол биринчи баскычтан өтсө, өзгөчө тарифтердин залакасы сезиле баштаса, айрым мүмкүнчүлүктөр пайда болот деп ишенет”, - деп айтат эксперт.
Кытай Украинада бейпилдик орнотуучу болгусу келеби?
Трамп январда бийликке келгенден бери кайнаган дипломатиялык аракеттердин четинде калган Кытай өз ордуна канааттангандай болгону менен расмий адамдары Европа тараптын тамырын тартып жатат.
Февралда Мүнхенде өткөн коопсуздук конференциясында Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Бээжин бардык кызыкдар тараптар тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышууга тийиш деп, Европанын ролун белгилеген. Бул сөздөр АКШ менен Орусиянын делегацияларынын Эр-Рияддагы жолугушуусу алдында айтылган. Ал сүйлөшүүгө Киев да, Европанын өкүлдөрү да катышкан эмес.
"Мен Бээжиндин ордунда болсом европалыктарга алар уккусу келгенди айтат болчумун. Алар Украинанын келечегин талкуулаган үстөлдө Европа жана Киев отурушу керек дегенди укусу келет”, – деп айтат Тайвандагы Донг Хва улуттук университетинин доценти жана Европарламенттин мурдагы кеңешчиси Жужа Анна Ференц.
Мүнхен конференциясы маалында кытайлык отставкадагы полковник Чжоу Бо интервьюлардын биринде Кытайдын жана Индиянын бейпилдик контингенттерин Украинага жөнөтүү оюн кыйытканы бар.
Андан кийин Ван И “Чоң Жыйырманын” башкы дипломаттарынын Түштүк Африкадагы кездешүүсүндө АКШ менен Орусиянын Саудиядагы жолугушуусу Украинада тынчтык орнотуу үчүн “мүмкүнчүлүктөр терезеси” болуп калганын, Кытай кризисти саясий жол менен чечүүдө конструктивдүү роль ойноону улантарын” билдирген.
Ференц мындай комментарийлерди Бээжиндин сыноо аракети катары баалайт. Кытай анын пропагандасын кандай кабыл алышканын көргүсү келет. Муну менен катар окумуштуу белгилегендей, Брюссель менен Бээжин ортосундагы жылдарга созулган соода араздашуулары жана Кытайдын согуш учурунда Орусияны экономикалык жактан колдогону, кош максаттагы товарлар менен камсыздаганы үчүн чыңалган мамилелер чечүүчү мааниге ээ болмокчу.
Бээжин ошондой эле дипломатиялык аракеттерин аброй күтүүгө эмес реалдуу бейпилдик орнотууга багытташы керек.
Согуш башталгандан көп өтпөй Кытайдын лидери Си Цзинпин өз өлкөсүн бейтарап кылып көргөзүүгө шашылган. Кытайлык дипломаттар эл аралык жыйындарда тынчтыкка чакырып келишти.
2023-жылы Бээжин Украина боюнча тынчтык планын иштеп чыккан. 12 пункттан турган долбоор ок атууну токтотууга жана тынчтык сүйлөшүүлөрүнө пайдубал түзмөк. Бирок согушка чекит коюунун так жол картасы жок болгондуктан, Батыштын расмий адамдары аны Орусиянын кызыкчылыгындагы тынчтыкка өбөлгө түзөт деп четке кагышкан.
Евробиримдиктин өкүлдөрү Бээжин Кошмо Штаттардын ишенимден кеткени жана соода алакаларын жакшыртуунун перспективалары тууралуу риторикадан тышкары альянска эч кандай жаңы сунуш киргизе электигин айтышат.
“Кытайдын позитивдүү угулган билдирүүлөрү, албетте, бизге таасир этет. Бирок АКШнын анча ишенимдүү болбой калганы Кытайды бир заматта ишенимдүү кылып койбойт”, - деп белгилейт Ференц.
Украинанын айланасындагы дипломатиялык чыңалуу Азияга таасир этеби?
Трамптын администрациясы өз аракеттерин өнөктөштөрдү коргонууга көбүрөөк каражат сарптоого түртүүгө, соода алакаларын кайра карап чыгууга жана Украинадагы согушка чекит коюуга багытталганын айтууда.
Пентагондун башчысы Пит Хегсет АКШ Украинага аскердик жардамын азайтса ресурстарын Азия-Тынч океан аймагына бурууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн билдирген. Вашингтон администрациясынын айтымында, ал аймакта Кытайдын таасирине каршы турууга артыкчылык берилет.
Бирок АКШнын Украинадагы урушту токтотуу саясаты чыгышка, өзгөчө Тайванга таасир этиши мүмкүн деген биринчи ишараттар байкала баштады. Кытай арал биригүүдөн баш тартса, аны аннексиялап аларын эскертип жүрөт.
Кытайдын кол салуу коркунучуна көптөн бери кабылып келаткан Тайванга басым-кысым да күчөгөндөй. 28-февралда Кытайдын Коргоо министрлиги аралга каршы күч колдонуу ыктымалдыгын жокко чыгарган жок. Мекеменин расмий өкүлү У Цянь Тайвандын айланасындагы “амалкөй аракеттер терс кесепетке алып келерин” эскертти. Мунун алдында Тайван бийлиги Кытайдын жарандары башкарган жүк ташыган кемени кармашканын, алар деңиз астындагы байланыш кабелин керектен чыгарган болушу ыктымал деп шектелгенин билдирген.
Бул билдирүүдөн кийин кытайлык аскерлер аралдын түштүк ыптасында, Тайван белгилегендей, мурда жарыяланбаган “ок атуу машыгуусун” өткөрдү.
Тайвандын ыктымал кол салууга туруштук берүү даремети АКШнын жардамынан көз каранды болмокчу. Тайвандын өкмөтү Американын Украинага берген жардамын Кытай менен кризис тутанса, Вашингтондун реакциясы кандай болот дегендин көрсөткүчү катары баалайт.
АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин Кытай боюнча мурдагы директору Райан Хасс Трамптын Украинадагы согушту токтотуу аракеттери, Зеленский менен Ак үйдөгү жаңжал Тайбэйдин тынчсыздануусун жаратары калетсиз деп эсептейт. Бирок эксперт кошумчалагандай, Тайван дүйнөдөгү эң заманбап жарым өткөргүчтөрдүн 90% чыгарарын, мындай жагдай аралды АКШнын көзүндө уникалдуу кыларын эске алуу зарыл.
Трамп Тайбэйди коргонуу чыгымдарын көбөйтүүгө чакырып, негизинен америкалык технологиялык компаниялар үчүн жарым өткөргүч чиптерди чыгарган заводдорду аралдан Кошмо Штаттарга көчүрүүнү кааларын айткан. Бирок ишканаларды көчүрүү кымбат жана бир күндө ишке ашырылчу жараян эмес.
Хасстын пикиринде, мындай шарт Тайванды “америкалык өнөр жайды гүлдөтү максаты үчүн маанилүү жерге айлантууда”.
“Тайван АКШга муктаж, АКШ Тайванга муктаж. Трамп бул фактыны билет. АКШдагы технологиялык компаниялар менен тайвандык микросхема өндүрүүчүлөр ортосунда иш бөлүштүрүлүп, бири-бирин толуктап турушат. Аларды алмаштыруу мүмкүн эмес”, - деп чечмелейт Хасс.
Taiwan Semiconductor Manufacturing Company (TSMC) компаниясынын башкы директору 3-мартта Ак үйгө баргандан кийин АКШда завод курууга 100 млрд доллар инвестиция салуу планын жарыялады.
Америкадагы ири жабдык чыгаруучуларды камсыздаган жана чип жасаган дүйнөдөгү эң ири компания TSMC жакында АКШда 5 завод курууну көздөй турганын билдирди.
Шерине