АКШ менен Украина ортосундагы тиреш күч алганда эле 4-мартта океандын ары жагынан келаткан жүк жайлай түшкөн. Мына ошондо Эстониянын, Латвиянын жана Литванын лидерлери Украинага колдоосун билдирип, Вашингтон менен Киевди кепке келип, келишимге кол коюуга чакырды. Алар Зеленский менен Трамптын талаш-тартышы Орусияны шыктандырып, Украинаны коргоосуз калтырышы мүмкүн деп чочулашат.
"Сүйлөшүүлөрдүн токтоп калбашы баарынан маанилүү. Ал убакта түзүлгөн байланыштарды эмоция басып кетпеш керек", - деди Литванын президенти Гитанас Науседа басма сөз жыйынында.
НАТОнун чыгыш ыптасында жайгашкан Балтика боюндагы үч өлкөнүн кооптонгону жөндүү. Бул чакан өлкөлөр көптөн бери Орусиянын басымына жана туш тараптан кийлигишүүсүнө дуушар болуп келишет.
Мындан улам алар орус армиясына үч жылдан ашуун туруштук берип келаткан Украинага дипломатиялык жактан да, курал-жабдык жагынан да болушунча колдоо көрсөтүп жатат.
Киев менен Вашингтон ортосундагы соңку окуялардан улам аймакта алдыда эмне болот деген тынчсыздануу терең. Ак үйдөгү талаш-тартыш жана Трамптын администрациясынын континенттеги америкалык аскерлердин санын кыскартабыз дегени Европа өлкөлөрүн, анын ичинде Балтика мамлекеттерин белин бекем бууганга аргасыз кылгандай.
Мындан улам Балтика өлкөлөрүнүн жетекчилери кырдаалдын дипломатиялык жол менен чечилишин жактап жатышат.
"Украина тынчтыкка жетүүнү каалайт, бирок бул туруктуу тынчтык болушу керек. Ал Орусияга агрессиясын дагы улантууга күч топтоп алуу үчүн тыныгуу болбошу керек", - деп жазган 4-мартта Эстониянын тышкы иштер министри Маргус Цахкна Украинанын башкы дипломаты Андрей Сибига менен телефондон сүйлөшкөн соң.
Балтика боюндагы карапайым калк эмне дейт?
Бул мамлекеттердин баш калааларынын тургундарын Москва менен Вашингтондун соңку кездеги байланыштары, согуштун айланасындагы түшүнүксүз дипломатия көбүрөөк ойлондургандай.
Латвия жана Эстониянын борборлору Рига менен Таллиндеги сурамжылоого катышкандардын айрымдары АКШ-Орусия алакаларынын кайра жандана баштаганына нес болсо, башкалары Трамп менен Зеленскийдин кер-мур айтышканы жакынкы күндөрдө же жумаларда жайгарылат деген ишеничте.
Вильнюстагы Геосаясат жана коопсуздук боюнча изилдөө борборунун жетекчиси Линас Кояланын пикиринде, Балтика өлкөлөрүндө көптөрдү Вашингтондун "риторикасынын кескин өзгөрүшү" айран таң калтырууда.
"Кошмо Штаттар күтүүсүздөн дүйнөлүк саясатта Кремль менен окшош позицияны карманып жатканын абдан таң калуу менен кабыл алышууда" — деди ал "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна.
Зеленскийдин Ак үйгө жолдогон соңку каты жана Трамптын 4-марттагы Конгресске кайрылуусу мындай санаркоону бир аз тынчыткандай болду.
Трамптын кайрылуусун утурлай Зеленский X социалдык түйүнү аркылуу жасаган билдирүүсүндө Орусия менен ок атышууну жарым-жартылай токтотуу боюнча жаңы планын сунуштады. Ал жарандык жайларга жана энергетикалык инфраструктураларга мындан аркы чабуулдарды ооздуктоо үчүн Киев туткундардын калгандарын бошотуп, ок атышууну токтотууга барууга даяр экенин жазды. Ал ошондой эле 28-февралда Ак үйдө болгон кайым айтышууга "өкүнүп калганын" айткан.
"Биздин (өткөн) жума күнү Вашингтондо, Ак үйдө болгон жолугушуубуз күтүлгөндөй өткөн жок. Бул өкүнүчтүү жагдай. Бардыгын оңдоого убакыт келди. Биз келечектеги кызматташтык жана алака-катыш конструктивдүү болушун каалайбыз".
Конгрессте сүйлөгөн сөзүндө Трамп дагы Украина менен алакасын оңдоого даярдыгын, Зеленскийдин катын бааларын кыйыткандай болду.
"Ошол эле маалда биз Орусия менен олуттуу сүйлөшүү жүргүзүп, алар тынчтыкка даяр экендиги тууралуу так белгилерди алдык"? - деп кошумчалады ал.
Американын Эстония, Латвия жана Литва боюнча саясаты кандай?
Литва парламентинин мүчөсү Томас Томилинас белгилегендей, Трамптын администрациясы менен анын Европадагы өнөктөштөрүнүн ортосундагы улам тереңдеп баратка жарака аймактагы кырдаалды өзгөртүүдө.
"АКШнын Украинадагы согушка карата саясатында олуттуу өзгөрүүлөр көз көрүнөө болуп жатат. Учурда Европанын коргонуу саясаты үчүн олуттуу каржы механизмдерин түзүү талкууланып жатат", - деген Томилинас Европага өз коргонуусуна тез инвестиция салуу зарылдыгын баса белгиледи.
Экинчи Дүйнөлүк согуш аяктагандан бери Кошмо Штаттар Европадагы коопсуздук түзүмдөрүнүн көпчүлүгүн камсыз кылып келген.
Бирок Трамптын администрациясы бул жагдай өзгөрүшү мүмкүн экенин кыйыткан. Себеби Пентагон эски контенттеги аскердик күчтөрүн кайра караштырып, алардын санын азайтууну пландоодо.
Ошону менен катар Вашингтон белгилегендей, аскерлерди чыгарып кетүү жакын арада ишке ашпайт. Бирок Украинадагы согуш боюнча трансатлантикалык жаракалар, анын ичинде бейпилдик күчтөрүн жайгаштыруу маселеси саясий талкуунун нугун өзгөрттү.
Европа мамлекеттери акыркы жылдары аскердик чыгымдарын көбөйтүп, алардын басымдуу бөлүгү Трамп кызматка киришкенден кийин дагы көбүрөк акча бөлөрүн жарыялашкан.
НАТО жана АКШнын аскердик колдоосу Балтика аймагы үчүн маанилүү болсо да, үч өлкө тең альянстын чыгымдар боюнча стандарттарына жооп берет жана ички дүң өндүрүмдүн пайыздык өлчөмүнөн алганда аскердик бирикмеге чоң салым кошкондордун катарына кирет.
Андан тышкары бул аймакта эки миңдей америкалык аскер жайгашкан. Алардын миңи Литвада, 600дөн Эстония менен Латвияда. Балтика мамлекеттеринде андан тышкары НАТОго кирген Британия, Канада жана Германиянын аскерлери бар.
Трамп жакында эле Вашингтон Эстонияны, Латвияны жана Литваны колдоону улантарын билдирген. Ошол эле маалда ал НАТОго мүчө европалык мамлекеттерди коргонууга салган чыгымдарын көбөйтүүгө дагы бир ирет чакырды.
Томилинас континент Украинаны чындап колдоого ниеттенсе "азыркы аскердик чыгымдарды эки эсеге көбөйтүшү керек" деген пикирде.
"Литванын Украинаны колдоо боюнча позициясы өзгөргөн жок. Литва Украинанын кызыкчылыктарына артыкчылык берет, анткени Украина учурда Европанын коопсуздугун коргоп, коркунучту кармап турат", - деди ал.
Шерине