"Бул эки жүздүүлүк"
"Талибан" кыймылы 2021-жылы августта Кабулдагы бийликти кайрадан өз колуна алгандан бери аялдардын негизги укуктарын бузган, чектеген 80ден ашуун жарлык чыгарды. Кыз-келиндерге көпчүлүк тармактарда иштөөгө, орто билим алууга, коомдук жайларга барууга тыюу салынган, күнүмдүк турмушунда алар көптөгөн чектөөлөргө туш болууда.
Аялдар көчөгө эркектин коштоосуз чыкпашы керек жана талибдердин катаал адеп-ахлак мыйзамдарына баш ийип жашоого мажбур.
Порнографиялык тасмаларга тартылган америкалык актриса Уитни Райт Ооганстанга барып, социалдык түйүндөргө анын сүрөт, видеолору байма-бай жарыялаганы катаал шартта жашаган ооган аялдарын катуу капа кылды.
Талибдер анын өлкөгө сапарын расмий тастыктабаганы менен, Райт 5-мартта өзүнүн Инстаграм баракчасына Ооганстандын туристтик жайларында тартылган сүрөттөрүн жарыялады.
"Бул накта эки жүздүүлүк. Ооган аялдары өз өлкөсүндө түрмөдө отургандай жашашат, ал эми чет элдик коноктор меймандостук менен кабыл алынууда", - дейт ооган аялдардын укугун жактаган активист Важма Тохи.
2023-жылы талибдер аялдарга Бамиандагы "Банд-е Амир" атындагы улуттук паркка кирүүгө да тыюу салган. Көгүлтүр тунук көлү бар жана бийик аскалар курчаган бул парк - өлкөнүн эң таанымал туристтик жайларынын бири.
1-мартта Райт дал ушул "Банд-е-Амир" паркында кара узун пальто кийип, карда кенен-кесир басып жүргөн видеосун ТикТоктогу баракчасына да жарыялады.
"Ооган аялы катары мени бул жагдай өтө кооптондурат", - деди Бамиaн шаарынын тургуну "Азади" радиосуна.
АКШ жарандарын эскертет
Инстаграмда бир миллиондон ашык катталуучусу бар Уитни Райт соңку жылдары негизинен мусулман өлкөлөрүнө - Иранга, Иракка, Сирияга жана Ливанга барганын байкасак болот.
"Азаттыктын" ооган кызматы "Азади" радиосунун "Талибан" кыймылынын өкүлдөрүнөн жана Райттын өзүнөн комментарий алуу аракетинен майнап чыккан жок.
Учурда АКШнын Мамлекеттик департаменти жарандарына кандай шартта болсо да Ооганстанга барбай турууну эскертет. Себеби "Ооганстанда көптөгөн террордук топтор бар, андыктан АКШнын жарандарынын барымтага алынуу коркунучу бар" деп айтылат Мамдептин сайтындагы билдирүүдө.
Райт Ооганстанга барарда АКШнын жараны катары виза алышы керек эле. Бирок "Талибан" өкмөтү Ооганстандын АКШдагы элчилигин же консулдуктарын көзөмөлдөбөгөндүктөн, ал кандай шартта Ооганстанга киргени белгисиз.
"Талибан" кыймылы 2021-жылы бийликке кайткандан бери өлкөдө зордук-зомбулук кыйла азайды деп көрсөтүп, өзүнүн эл аралык беделин жакшырткысы келгендиктен, чет элдик туристтерди тартууга бел байлаган.
Талибдердин жарнамага жана чет элдик туристтерден акча табууга аракет кылып жатканына карабастан, оогандардын, айрыкча аялдардын иштөөсүнө тыюу салганы жергиликтүү туризм индустриясынын өсүшүнө тоскоол болууда.
Соңку жылдары Ооганстанга барган туристтердин саны тынымсыз өсүүдө. Чет элдик туристтерди өлкөнүн байыркы тарыхы жана кооз жаратылышы кызыктырат. Зыяратчылардын эң чоң тобун кытайлык туристтер түзөт. Ири авиакомпаниялар 2021-жылдан кийин Ооганстанга каттамдарын токтотушкан, бирок айрымдары кайра каттай башташкан.
БУУ: Ооганстандагы "гендердик апартеид"
Былтыр Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму талибдер бийликке келгенден бери Ооганстанда "аялдардын укугу жаатында дүйнөдөгү эң олуттуу кризис жаралганын" билдирген.
Укук коргоочу уюмдун баяндамасында айтылгандай, талибдердин тушунда Ооганстан кыздар 6-класстан кийин мектепке баруу укугунан ажыратылган жалгыз өлкөгө айланды, аялдардын эркин жүрүүсү, медициналык жардам алуу, спорт менен машыгуу укугу чектелди, гендердик зомбулукка кабылган кыз-келиндер коргонуу укугунан ажырап калды.
Оор гуманитардык кризистен биринчи кезекте кыздар, аялдар жабыркап жатканы белгиленет.
"Талибан" кыймылы кыз-келиндердин жүрүм-турумун жана билим алуусун чектөөдөн баш тартпай турганын өкмөт өкүлү Забиулла Мужахид да айткан.
Бириккен Улуттар Уюму талибдердин мындай аракетин "гендердик апартеид" деп атаган.
Белгилей кетсек, жыл башында Гаагадагы Эл аралык соттун баш прокурору Карим Хан Ооганстандын башында турган "Талибан" кыймылынын лидерлерин камоого ордер берүүнү өтүнүп, сотко кайрылган. Анын жүйөсүнө караганда, талибдердин жетекчилери аялдарды басмырлоо менен адамзатка каршы кылмышка барган.
Соттун сайтында жарыяланган Хандын билдирүүсүнө караганда, прокурор "Талибандын" жогорку лидери Хайбатулла Ахунзаданы, талибдер дайындаган Жогорку соттун баш чысы Абдул Хаким Хакканини камоого ордер сураган.
Прокурор аларга кыз-келиндерди, алардын укуктарын жактагандарды, гендердик иденттүүлүк багытында өзүлөрүнө жакпаган адамдарды куугунтуктаганы үчүн айып таккан.
Ордер чыгаруу чечимин Эл аралык сот кабыл алышы керек. Ал эми Хандын билдирүүсүнө "Талибан" эч кандай жооп кайтара элек.
2021-жылы август айында талибдер Ооганстандагы бийликти басып алышкан. Батыш мамлекеттери "Талибан" кыймылын Ооганстандын расмий бийлиги катары тааный элек.
Кыргызстан "Талибан" кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгарганын былтыр 6-сентябрда Тышкы иштер министрлиги билдирген. Андан мурда Казакстан да аны террорчул уюмдар тизмесинен чийген.
Шерине