Украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын Курск облусундагы аскердик операция аягына чыкканын билдирип, Киев аймактан аскерлерин чыгарып кеткени кабарланды. Ал тапта АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен 18-мартта сүйлөшөрүн айтты.
Орус күчтөрү украин аскерлерин Курск облусунан толук сүрүп чыгарууга аракет кылып жатканы кабарланды. Киев Курскидеги күчтөрү курчоодо калганын четке кагууда. Ал арада Европа өлкөлөрү Украинада ок атышууну токтотуу маселесин талкуулашты.
Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабадда иштеген аялдардын кийген кийими боюнча жаңы эрежелер киргизилип, чектөөлөр мурдагыдан дагы катаалдашты.
Despite Western bans on exports to Russia, vehicles costing hundreds of thousands of dollars are still readily available to the super-rich. Is an agency responsible for guarding top-level officials involved in the trade?
13-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф менен жолугушканы кабарланды. Анын алдында ал Украина маселесинде "талкуулай турган жагдайлар" бардыгын айткан. Муну украин президенти Владимир Зеленский Путиндин кезектеги "манипуляциясы" деп атаган.
Орусиянын куралдуу күчтөрү украин армиясынын коргонуу позицияларын жырып өтүү үчүн жер астындагы газ куурларын пайдалануу менен тайманбас операция жүргүзгөнүн маалымдады. Бул билдирүү Кремль Киевдин аскерлерин Орусиянын Курск облусунан сүрүп чыгаруу аракеттерин күч алдырган маалда жасалды.
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы согушту, анын ичинде ок атышууну бир айга токтотууга даяр экенин билдирди. Ал ошол эле кезде эки тарап тең эске алчу "жагдайлар" бардыгын кыйытты. 13-мартта Ак үйдүн атайын чабарманы Стив Уиткофф Москвага барды.
Орусиянын Украинадагы согушу жана континенттин коопсуздугу боюнча барган сайын эки ача пикирге келип жаткан Евробиримдик менен АКШнын ортосунда трансатлантикалык соода согушунда биринчи "ок атылды".
Сириянын батышындагы зомбулук өткөөл өкмөт өзү менен байланыштагы жикчил топторду көзөмөлдөй алабы деген суроо жаратты. Орусия менен Ирандын Сирия иштерине кийлигишүүсү тууралуу маселени көңүл борборуна чыгарды.
Сауд Арабиядагы жолугушууда Украина ок атышууну 30 күнгө токтотууга макул болду. Кошмо Штаттар Киевге аскердик жардам берүүнү улантып, чалгын маалыматтар менен бөлүшүүнү жандандырды. АКШнын делегациясы Жиддадагы сүйлөшүүдө кабыл алынган макулдашуулар Москвага жакын арада жеткирилерин белгиледи.
АКШ президенти Дональд Трамп жана бүткүл дүйнө Орусия чындап эле үч жылдан ашкан Украинадагы согушун токтотууга кызыкдарбы же коңшу өлкөнү толук басып алуу максатын улантууну көздөйбү деген суроонун жообун билүүгө жакындап калды.
Венгрия кайрадан Евробиримдиктин Орусияга киргизген санкцияларына каршы чыгып, "кара тизмеден" айрым негизги адамдарды чийип салууну талап кылууда. Расмий Будапештке эми Братислава да кошулду.
Дагы жүктөңүз