Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы согушту, анын ичинде ок атышууну бир айга токтотууга даяр экенин билдирди. Ал ошол эле кезде эки тарап тең эске алчу "жагдайлар" бардыгын кыйытты. 13-мартта Ак үйдүн атайын чабарманы Стив Уиткофф Москвага барды.
Орусиянын Украинадагы согушу жана континенттин коопсуздугу боюнча барган сайын эки ача пикирге келип жаткан Евробиримдик менен АКШнын ортосунда трансатлантикалык соода согушунда биринчи "ок атылды".
Сириянын батышындагы зомбулук өткөөл өкмөт өзү менен байланыштагы жикчил топторду көзөмөлдөй алабы деген суроо жаратты. Орусия менен Ирандын Сирия иштерине кийлигишүүсү тууралуу маселени көңүл борборуна чыгарды.
Сауд Арабиядагы жолугушууда Украина ок атышууну 30 күнгө токтотууга макул болду. Кошмо Штаттар Киевге аскердик жардам берүүнү улантып, чалгын маалыматтар менен бөлүшүүнү жандандырды. АКШнын делегациясы Жиддадагы сүйлөшүүдө кабыл алынган макулдашуулар Москвага жакын арада жеткирилерин белгиледи.
АКШ президенти Дональд Трамп жана бүткүл дүйнө Орусия чындап эле үч жылдан ашкан Украинадагы согушун токтотууга кызыкдарбы же коңшу өлкөнү толук басып алуу максатын улантууну көздөйбү деген суроонун жообун билүүгө жакындап калды.
Венгрия кайрадан Евробиримдиктин Орусияга киргизген санкцияларына каршы чыгып, "кара тизмеден" айрым негизги адамдарды чийип салууну талап кылууда. Расмий Будапештке эми Братислава да кошулду.
Шейшембиде таң эрте ондогон дрон Москвага сокку урганда эки киши каза тапканы, ондон ашууну жараат алганы кабарланды. Расмий булактардын маалыматына караганда, ошол эле күнү эртең менен жана түн ичинде Орусия Украинанын аймактарын баллистикалык ракета жана дрондор менен аткылады.
Тыңчылыкка байланыштуу айыптоолордун негизинде Брюсселден жашыруун түрдө кетүүгө аргасыз болгон орусиялык дипломат Европа кызматташтык жана коопсуздук уюмундагы (ЕККУ) маанилүү жетекчилик кызматка көрсөтүлдү.
2024-жылы 6-январдын таңында орус күчтөрү Украинанын Запорожье облусундагы Смелое кыштагынан чыгып, украин жоокерлери, анын ичинде "Пингвин" деген каймана аты бар Виталий Годнюк турган жерге кол салышкан. Тергөөнүн версиясы боюнча, орус аскери Дмитрий Курашов туткунга түшкөн Годнюкту атып салган.
11-мартта Гренландияда парламенттик шайлоо өтөт. Бул шайлоо дүйнөдөгү эң чоң арал геосаясаттын бутасына айланган учурга туш келди. Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Данияга караштуу аралга бир нече жолу кызыгуусун билдирген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 10-мартта Эр-Риядда Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман менен жолугушат.
АКШнын Украина менен чалгын маалыматтарын бөлүшүүнү токтотуу тууралуу чечими Киевдин орус армиясынын чабуулунан коргонуусун олуттуу алсыратат. Расмий адамдар менен талдоочулар ошол эле маалда Вашингтондун мындай чечими Украинанын аскердик аракеттерине чекит койбойт деп белгилешет.
Дагы жүктөңүз