Киев менен Вашингтон Украинадагы баалуу сейрек кездешүүчү минералдарга байланыштуу жарыялаган келишимди чоң окуя деп ойлойсузбу? Алдыда түшүндүрүп берели.
Акыркы эки жылда Кошмо Штаттарда Орусияга учактарды жана тетиктерди ташуу же андай аракетке айыпталып беш башка иш боюнча бир нече киши кармалды. Санкциялардан улам Орусияда Boeing жана Airbus жүргүнчү ташыган учактардын паркы кыйынчылыктарга туш болуп келатат.
Украинанын Францияда машыгуудан өткөн 155-атайын бригадасында дезертирлер көбөйүп, командири камакка алынып, калган жоокерлер аскердик техниканын жетишсиздигинен улам чегинүүгө аргасыз болду. Бул бригада учурда Покровск шаарын Орусиянын чабуулунан коргоо милдетин аткарууда.
Кремлдин келишкис сынчысы Борис Немцовдун Москвада өлтүрүлгөнүнө 10 жыл болду. "Настоящее Время" телеканалы анын апасынын 2023-жылы жаздырылган, мурда жарыяланбаган маегин сунуштайт.
Вашингтон менен Киев сейрек кездешүүчү металлдар, маанилүү минералдар жана башка табигый ресурстар боюнча макулдашууга жетишти. Анда Украинанын коопсуздук кепилдиктери каралган эмес. Бул келишим Украинадагы согушту токтотууга карай дипломатиялык аракеттердин алкагында иштелип чыкты.
Дүйнөлүк жаңылыктарда күн сайын АКШ президенти Дональд Трамп, Украинадагы согуш, НАТО, Орусиянын президенти Владимир Путин жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр тууралуу жаңы окуялар жарыяланууда. Баарын көзөмөлдөө кыйын болгондуктан эң негизги төрт фактыны бөлүп чыгардык.
Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына туруштук берип, кармашып келатканына туура үч жыл болду. Украин президенти Владимр Зеленский Киевде кеңири басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна эки сааттай жооп берди.
"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Псков шаарында "террордук уюмга мүчө" деп шектелген борборазиялык үч кишини атайын операцияда жок кылганын кабарлады.
Кыйраган үйлөр, мектептер, ооруканалар. Орусия Украинага басып кирип, согуш ачкандан кийин шаарлар ээн калып, бүтүндөй кварталдар урандыга айланды.
Дагы жүктөңүз