“НАТОнун күнү бүттү же бүтүп баратат” деген ойлор буга чейин да айтылган. Жакында эле америкалык республикачыл сенатор Майк Ли X социалдык тармагына: "НАТО менен Бириккен Улуттар Уюмунан чыгууга убакыт келди", - деп жазды. Ага дүйнөнүн эң бай адамы, АКШ президенти Дональд Трамптын жакын санаалашы Илон Маск: "Мен макулмун", - деп жооп кайтарды.
Брюсселдеги жана башка өлкөлөрдөгү расмий өкүлдөр Маск адатта X платформасына көп учурда саясий көз караштарын гана бөлүшөрүн, анын соңку сөзү АКШнын саясатын аныктабай турганын айтышууда. Ошол эле кезде айрым байкоочулар анын Трамп менен жакын байланышта экенин, Вашингтондогу консервативдик чөйрөлөргө таасири бар экенин моюнга алышат.
Кантсе да Түндүк атлантикалык аскердик альянстын (НАТО) Брюсселдеги штабында иштеген расмий жетекчилер азырынча бейкапар турушат. Алар «Альянстын жакын арада кыйроо коркунучу барбы?» деген суроого чечкиндүү түрдө «жок» деп жооп беришүүдө.
Буга эки негизги себеп бар: Биринчиси - саясий риторика менен реалдуу аракеттердин ортосундагы айырмачылык. Экинчиси - НАТОго мүчө мамлекеттер менен аскердик биримдикке кошулгусу келген өлкөлөрдүн, айрыкча Украинанын ортосундагы айырма.
АКШ коргонууга көбүрөөк акча салууну жактайт
Биринчи себепти алалы. Өткөн жумада эле Трамп британ премьер-министри Кир Стармер менен жолукканда Түндүк атлантикалык келишимдин 5-беренесинин шартын аткарууга дилгир экенин кыйыткан. Бул берене НАТОго мүчө мамлекеттерге сырткы кол салууга каршы бирге коргонууга кепилдик берет.
Ушундай эле позицияны АКШнын коргоо министри Пит Хегсет да февраль айында НАТОнун коргоо министрлеринин Брюсселдеги жыйыны маалында ачык да, жабык эшик артында да кайталаган.
Ал Американын Европадагы өнөктөштөрү өздөрүнүн коргонуу тармагына көбүрөөк каражат бөлүшү керек экенин баса белгилеген. Брюсселде мен сүйлөшкөн расмий өкүлдөрдүн баары бул жолугушуулар конструктивдүү болгонун айтышкан.
“Ал бөлмөдөн чыгып кеткен жок. Укту, суроо берди жана тиешелүү маселелерди жазып алды. Бул [уюмдан] чыгам деп турган өнөктөштүн жүрүм-туруму эмес”, - деди НАТОдогу элчилердин бири.
Кантсе да НАТОдогу дипломаттар табышмактуу ишараттардын жандырмагын тапкысы келишет.
“Биз мунун артында эмне турганын чечмелешибиз керек. Ошол эле учурда ызы-чууну этибар албай, ишке көңүл буруу керек экенин да түшүндүк. “Стратегиялык сабырдуулук” дегенди карманышыбыз керек болуп турат”, - деп айтты жогорку расмий жетекчилердин бири.
Украинанын НАТОдогу бүдөмүк келечеги
Бирок Украинанын маселеси башка.
“Украинанын мүчөлүгүнө байланыштуу позиция өзгөрдү. Бирок НАТО боюнча өзгөргөн жок. Алар Украинага катуу талап коюп жатышат. Бирок НАТОго лоялдуу бойдон калышты”, - деп айтты альянстагы өлкөлөрдүн биринин элчиси.
Зеленскийге болгон мамиленин өзгөрүшү – бул көрүнүштүн анык бир мисалы. Британиянын Украинага курал-жарак жеткирүү ишин координациялоо боюнча жаңы ролду өзүнө алганы да өзгөрүүлөрдү каңкуулап турат.
Украина НАТОго жакын арада кошулбай турганы анык болуп калды. Айтмакчы, Киевдин мүчөлүгү тууралуу демилгелерди НАТОнун акыркы саммиттеринин биринде Байдендин администрациясы токтотуп койгон. Ансыз да мындай демилгеге Батыш Европадагы айрым өлкөлөрдүн ичи чыкпай турган. АКШдагы жаңы администрация бул маселени болгону мурдагыдан ачыгыраак айтып жатат.
Азыр НАТОнун Чыгыш Европадагы мүчөлөрүн "АКШ аскерлери биздин аймакта кала береби?" деген суроо бейпайга салууда. Азырынча бул суроого "ооба" деп жооп бергендер басымдуулук кылат. Бирок айрымдар АКШ Европадагы аскердик контингентин кайра карап чыгышы мүмкүн деп чочулайт.
Эгер Орусияда бул чөлкөмдөгү өлкөлөргө кол салса, АКШнын күчтөрү жардамга келеби? Көпчүлүк "Америка жардам берет" деп ишенет. Бирок НАТОнун пайдубалын түзгөн 5-берене канчалык аткарылары - уюмдагы өнөктөштөр да, сырткы каршылаштар да бул берененин күчүнө канчалык ишенерине жараша болчудай.
Чыгыш Европадагы бир расмий жетекчи айткандай: “Бул Шрёдингердин мышыгына (ой эксперименти) окшош. Куту ачылганга чейин мышык же өлүү, же тирүү болушу мүмкүн. НАТОнун мисалын алсак, 5-берене иш жүзүндө сыноодон өтмөйүнчө биз мунун жообун эч качан билбейбиз”.
Шерине