Сириядагы кырдаалга көз салган укук коргоо уюмдары өлкөнүн коопсуздук күчтөрү менен бийликтен кулатылган президент Башар Асаддын жактоочуларынын 6-мартта башталган кагылышуусунда 800дөн ашуун адам өлтүрүлгөнүн, арасында карапайым тургундар бар экенин билдирип чыгышты.
Ахмед ал-Шараа баштаган козголоңчу топтор 2024-жылы декабрда чагылгандай чабуул жасап, өкмөттү кулатып, Асаддын үй-бүлөсүнүн Сириядагы жарым кылымдык башкаруусуна чекит коюшкан. Асаддын өкмөтүн Орусия жана Иран колдогон. Орусия жаңы өкмөт менен байланышын сактап калса, Иран толугу менен четте калган.
Ачык булактардагы маалыматтарды талдап чыгып, экперттер менен маектешкенден кийин "Эркин/Европа Азаттык" радиосунун кабарчылары Сириянын ичинде болуп жаткан окуяларды ичинен изилдөөгө аракет кылып көрдү.
Өлтүрүлгөн эркектер
Укук коргоочулар өлгөндөрдүн арасында жүздөгөн жайкын тургундар бар экенин, алардын көбү Асаддын кичи мекени Латакияда отурукташкан алавиттер экенин билдирди. 11-мартта БУУнун билдирүүсүндө зордук-зомбулуктан бүтүндөй үй-бүлөлөр, анын ичинде аялдар жана балдар набыт болгону кабарланды.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун украин кызматынын "Схемалар" долбоору социалдык медиада тараган кадрларларды талдап чыгып, жайкын алавиттерге каршы күч колдонулган зомбулук Орусиянын "Хмеймим" аскер базасы жайгашкан Латакия шаарында болгон деген тыянакка келишти.
Айрым видеолордо жайкын тургундарды артты каратып, атып өлтүргөнү түшүрүлгөн. Кээ бир тасмаларда колго түшкөн адамдар кыйноого кабылып, аларды итке окшоп үрүүгө же өлгөн адамдардын сөөктөрүнүн үстүнөн жөрмөлөп өтүүгө мажбурлап жатышканын көрүүгө болот.
Сириялык Нобил Латакия шаарынан болот, учурда ал Грекияда жашайт. Ал "Схемалар" долбооруна өткөөл өкмөт менен байланышы бар топтор 6-мартка караган түнү анын кичи мекени Музайра айылына кирип, жүк ташуучу автоунааларга орнотулган пулеметтор менен үйлөрдү аткылаганын айтып берди.
Бул кол салуудан ал үй-бүлө алты тууганын, анын ичинде эки таежесин жана эки жээнин жоготкон. Ал эми агасы качып чыгууга үлгүргөн.
"Схемалар" Сириянын батышындагы чабуулдар тууралуу өз баракчасы аркылуу тынбай маалымдап турган жана Талха же Абу Бакр Морк деген ат менен белгилүү болгон Фейсбук колдонуучусун кол салууга катышкандардын бири катары аныктап, талдап чыкты.
Жарыялаган постторунун биринде ал эркектерди аймакка келүүгө үндөгөн, анткени бул аймакта аялдар "жесир калган жана эркектер жок" деп жазган ал. Дагы бир постунда Асаддын өкмөтү тууралуу "кулатылган режимдин калдыктарын жок кылуу кампаниясы" деген.
"Орусиянын аба базасы - башпаанек"
Planet Labs тарткан жана "Схемалар" талдаган спутниктен тартылган сүрөттөрдө жергиликтүү эл 7-мартта "Хмеймим" авиабазасынын жанына чогулуп, баш калка издей баштаганын көрүүгө болот.
Киевде жайгашкан Жакынкы Чыгышты изилдөө борборунун директору Игорь Семиволос: «Учурда эки тарап тең Орусия менен мамилесин бузгусу келбегендигин эске алганда, бул адамдар үчүн жалгыз коопсуз жер болушу толук мүмкүн», - деди.
Орусия Асаддын негизги колдоочусу болгон. Козголоңчулар бийликке келген кезде Москва жергиликтүү валютаны басып чыгарууда өзүн Сириянын жаңы башкаруучуларынын маанилүү өнөктөшү катары көрсөтө алды.
Ошентип, Орусия Сириядагы эки аскердик базасында, өзгөчө "Хмеймимде" негизги контингентин сактап калды.
“Азаттыктын” орус тилдүү кызматтарынын “Система” долбоору 2024-жылдын декабрынан март айына чейин аталган авиабазада Ан-124 жүк ташуучу учактары кеминде 37 жолу каттаганын аныктады. Маалыматка караганда, бул аралыкта учак аба базага 22 жолу конуп, 15 жолу учуп чыккан. Мындай типтеги ар бир учак 150 тоннага чейин жүктү ташууга жөндөмдүү. Демек, жогорудагы маалымат авиабазадан адамдар эле эмес, жабдыктар да ташылып турганын маалымдайт.
Соңку бир нече күндөгү социалдык тармактардагы сүрөттөрдөн улам «Система» Орусиянын Сириядагы жаатташкан тараптарды элдештирүү жана качкындарды көчүрүүнү көзөмөлдөө борборунун башчысы, генерал-майор Сергей Гашков да азыр аталган авиабазада экенин билди.
"Хмеймим" авиабазасын жана "Тартус" аскер-деңиз базасын көзөмөлдөп туруу Москвага Жакынкы Чыгышка, Түндүк Африкага жана Жер Ортолук деңизине стратегиялык жол ачат. Ошондуктан орус бийлиги жаңы жетекчилик менен бекем байланышты сактоого аракет кылып жатат.
Ирандын ролу кандай?
Сириянын батыш жээгиндеги баш аламандыктарды тутантууга Орусиянын тиешеси бар экенин көрсөткөн так далилдер жок. Бирок айрымдар Ирандын бул ишке катышы бар деп айыптап келет.
Асаддын бийлиги кулаганда Иран Ирак менен Ливандагы ишенимдүү өкүлдөрүн бириктирген коридорду пайдаланууга уруксат берген маанилүү өнөктөшүнөн ажырады.
Ал учурда Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи сириялыктар көтөрүлүп, козголоңчулардын өкмөтүнүн мизин кайтарат деп жар салган.
Учурда Ирандын Сирияга каражат же курал жеткирүү мүмкүнчүлүгү жок, бирок Асаддын жаңы өкмөткө каршы чыккан тарапташтарын жетектеген таасирдүү адамдар Тегеранга жакын экени, аларды Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРКК) даярдаганы айтылган.
Асаддын тирүү калган тарапкерлерин төрт адам жетектейт: генерал-майор Сухайл ал-Хасан, "Жээк калканы" куралдуу тобунун башчысы Мукдад Фатиха, Сириянын чалгын кызматынын мурдагы башчысы Ибрагим Хавижа жана 4-дивизиясынын мурдагы офицери, АКШ террордук деп тапкан Ливандын "Хезболла" тобу менен байланышы бар Гиас Далла.
Шийи кошуундары боюнча эксперт Филип Смит “Эркин/Европа Азаттык” радиосунун кабарчыларына Иран өткөөл өкмөттөн “ашкере реакцияны каалаганын” жана ал максаты ишке ашканын жоромолдоду.
Смиттин баамында, Тегеран мындай максат ишке ашканына жетине албай турат, анткени бул жагдай "Иран Сирияда жапырт толкундоо жарата аларын айгинелейт".
Шерине