Бул чабуулдар Киев менен Вашингтондун жогорку делегацияларынын Сауд Арабиядагы жолугушуусу алдында болду.
Орусиянын расмий адамдары билдиргендей, Украина башкалаага жана Москва облусуна мурда болуп көрбөгөндөй чабуул коюп, кеминде 91 дрон учурду.
Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев Домодедоводо машина токтотуучу жайда 38 жаштагы киши набыт болгонун, ошол эле жерде жаракат алган экинчи киши ооруканада көз жумганын Телеграм-каналына жазды. Ал эми шаардын мэри Евгения Хрусталева дагы бир киши ооруканада каза тапканын кийинчерээк маалымдады.
Орусиянын саламаттыкты сактоо министри Алексей Кузнецов 20 киши, арасында 3 жашы жетелек бала жараат алганын билдирди.
Бир нече жерде өрт тутанып, аэропорттор жабылып, ондогон учак башка шаарларга конууга аргасыз болду.
Любовь аттуу жергиликтүү тургун таңкы саат бештерде жарылуулардын добушун укканын айтып берди:
“Баарыбыз тура калып, эмне болду деп терезелерге чуркап бардык. Шаардын борборун көздөй дрондор учканын уктук. Алты-жети дрон болсо керек, улам алыстап баратышты. Кийин ашканабыздын терезеси сынганын байкадык”.
Губернатор Воробьевдун маалыматына караганда, дрондун сыныктары Раменскоедогу көп кабаттуу үйгө түшүп, бери дегенде жети батир жабыркады. Анын айтымында, кээ бир тургундарды эвакуациялоого туура келди.
Москванын мэри Сергей Собянин башкалаага бараткан 70тен ашуун украианалык дрон жок кылынганын жазды.
Орусиянын Коргоо министрлиги өлкө аймагынын үстүнөн 337, Москвада жана облуста 91 жана Курскиде 126 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
21 миллиондой киши жашаган Москва жана Москва облусу Европадагы эң ири мегаполисти түзөт.
“Росавиация” Шереметьево, Жуковский, Домодедово, Внуково аэропорттору убактылуу жабылганын билдирген. Андан тышкары темир жолдун Домодедово шаарынын жанындагы бир тилкеси керектен чыкканын тармактын жетекчилери бышыктады.
Украинанын бийлиги же армия жетекчилиги орус аймагына урулган соккуларды азырынча комментарийлеген жок.
Өз кезегинде Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү орусиялык Искандер-М баллистикалык ракетасын жана 79 учкучсуз учакты атып түшүргөнүн маалымдады.
Өлкөнүн чукул кырдаалдар кызматы маалымдагандай, Одессада мунай кампасын, жер тамды жана балдардын оюнчуктары сакталган жайды өрт чалды, эки киши жабыркады.
“Эртең менен эрте айлананы кара түтүн каптады, түн ичинде өрт алоолоп жатты. Суу ташып, аны өчүрүүгө аракеттеништи, бирок тескерисинче, өрт жайылып кетти. Түн ичинде уктаган жокпуз. Муну карасаңар, жүрөк титирейт”, - деп айтып берди 75 жаштагы Яков Рейтердин кабарчыларына.
Соңку күндөрү Орусия кошуна өлкөсүнүн инфраструктурасын жана жарандык жайларды бутага алган соккуларын күчөттү.
Тараптардын шейшемби күнкү чабуулдары Киев менен Вашингтондун жогорку делегацияларынын Сауд Арабиядагы жолугушуусу алдында болду. Буга чейин маалымдалгандай, АКШ сүйлөшүүлөрдө Украина тынчтык үчүн кандай чегинүүгө даяр экенин билүүнү каалайт.
Жиддадагы кездешүүгө Украина президентинин администрациясынын башчысы Андрей Ермак, тышкы иштер министри Андрей Сибига, коргоо министри Рустем Умеров жана президенттик кеңсесинин жетекчи орун басары Павел Палиса катышууда.
Бир күн мурда ханзаада Мухаммед бин Салман менен жолугушуу үчүн падышалыкка барган укриан президенти Владимир Зеленский сүйлөшүүлөргө катышпай турганын билдирген.
АКШ делегациясынын курамына мамлекеттик катчы Марко Рубио, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарман Стив Уиткофф кирет.
Рубио Саудияга жол тарткан күнү согушту дипломатиялык жол менен гана жөнгө салса болорун белгилеген:
“Согушту дипломатиянын жардамы, тараптарды сүйлөшүүлөр үстөлүнө отургузуу менен гана токтотсо болот. Менимче, француздар менен британиялыктар акыркы жумада чоң колдоо көрсөтүп, абдан жардам беришти. Эртең жемиштүү жолугушуу болот деп үмүттөнөм”.
"Настоящее время" телеканалына берген маегинде Украинанын Улуттук авиация университетинин окутуучусу, саясат таануучу Максим Яли Москвага урулган соккуларды сүйлөшүүлөр алдындагы “ишарат” катары сыпаттады:
“Белгилүү болгондой украин тарап абадан жана деңизден сокку урууну токтотуу каралган өз планын сунуш кылган. Орусия ушундай форматта ок атууну токтотууга көнсүн деп, биз абадан дрондор менен жапырт сокку уруу, анын ичинде Орусия Федерациясынын борборун бутага алуу мүмкүнчүлүктөрүбүздү көргөздүк. Албетте, Москванын тургундары үчүн бул абдан сезимтал маселе”.
10-мартта Financial Times басылмасы булактарына таянып, украин делегациясы АКШ менен сүйлөшүүлөрдө Орусия менен ок атышууну жарым-жартылай токтотуу боюнча сунуш киргизүүгө ниеттенип жатканын жазган.
Бул келишимге ылайык, дрондордун жана алыскы аралыкка атылуучу ракеталарды колдонууну токтотуп, Кара деңиздеги аскердик операциялар чектелиши мүмкүн.
Украина сүйлөшүүлөрдөн кийин Вашингтон чалгын маалыматтарын бөлүшүүнү жана аскердик жардам жеткирүүнү кайра жандандырат деп үмүттөнүүдө.
Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги армиянын башкы штабынын командачысы Валерий Герасимов Курск облусуна барып, аскерлерге медалдарды тапшырганын билдирди.
Анын алдында украин куралдуу күчтөрү Курскиде чегинүүгө аргасыз болгону маалымдалган.
Украинанын DeepState долбоору орус аскерлери Сумы облусунун чек арасына жакындаганын билдирди.
Былтыр августта украин аскерлери Курск облусунун айрым райондорун ээлеп алып, операцияны өз аймагын коргоо максатында жүргүзгөнүн айтып келген.
Шерине