"Биз аны [Гренландия] тигил же бул жол менен алабыз", - деп убада кылган Трамп 4-мартта Конгресстеги кайрылуусунда.
Ал Гренландия аралы Американын улуттук коопсуздугу үчүн зарыл экенин белгилеген.
"Бардык жерде Кытайдын кемелери жүрөт. Бардык жерде орус кемелери жүрөт. Биз буга жол бербейбиз", - деп айткан Трамп январда.
Бул Вашингтондун Гренландияга болгон кеминде 150 жылга созулган кызыгуусунун жана дымагынын кезектеги гана толкуну.
Басымдуу бөлүгүн муз каптаган аралга "Гренландия" (жашыл жер) деген аталышты 10-кылымда Түндүк Европадан чыккан Кызыл Эрик аттуу саякатчы ыйгарган. Анын жазгандарына ылайык, алгачкы тургундар аралдын "аталышы оңтойлуураак болсо, адамдар бул жерге келүүгө көбүрөөк кызыкдар болот" деп ишенишкен.
Түндүкевропалык келгиндердин Гренландиядагы алгачкы конуштары узакка созулган эмес. Изилдөөчүлөрдүн баамында, аралдын баштапкы тургундары климаттык өзгөрүүлөрдөн жана кара тумоодон кийинки экономикалык каатчылыктан катуу жабыркашкан. 1721-жылы даниялык миссионерлер аралга адеп келишкенде ал жакта жергиликтүү инуит калкы гана аман калганын көрүшкөн.
Миссионерлердин бири Гренландиянын каатчылыкка көнүп бүткөн инуит эли ушунчалык азып-тозгонун, керек болсо кийим-кечегинен биттерди терип жешкенин сүрөттөп берген. Ошондой эле миссионердин айтымында, инуиттер денесиндеги минералдарды текке кетирбөө үчүн «бети-башындагы терди бычак менен кырып алып, жалаганга аргасыз болушкан».
1921-жылы Дания Гренландияны өзүнүн аймагы деп жарыялап, аралда соода монополиясын орноткон. Расмий Копенгаген тышкы соодагерлерге тыюу салуу аркылуу чырак жасоого керектүү киттин жана түлөндүн (итбалыктын) майын толугу менен өз шартына ылайык сатып алууга мүмкүнчүлүк алган.
Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда нацисттик Германия Данияны басып алган жана Гренландия немистердин колуна өтүп кетүү коркунучуна туш болгон. Американын тышкы иштер кызматынын офицери Жорж Л. Уэст эскергендей, АКШнын президенти Франклин Рузвельт «Гренландия боюнча тез арада бир нерсе кылышыбыз керек» деген чечимге келген. Америкалык аскерлер аймакты ээлеп, андагы баалуу криолит кенин өз көзөмөлүнө алган.
Согуш маалында аба ырайын алдын ала билүү маанилүү болгондуктан нацисттик тыңчылар Гренландиянын көздөн далдоо аймактарында жашыруун метеорологиялык станцияларды орнотууга кайра-кайра аракет кылышкан.
«Батыш Европадагы аба ырайы дал ошол муз каптаган чокулардан башат алат. Аскердик көз караштан алганда бул жактагы метеорологиялык абалдан кабардар болуп туруу абдан баалуу», – деп түшүндүргөн Уэст. Ал АКШнын Гренландиядагы миссиясы «ошолорду(нацисттердин мыйзамсыз метеорологиялык станцияларын) таап, талкалоону» көздөгөнүн кошумчалаган.
Согуш аяктагандан кийин АКШ Гренландияны Данияга кайтарып берген. Бирок бул аралдагы аскердик контингентин чыгарып кеткен эмес. 1951-жылы эки өлкө бул аралга байланыштуу макулдашууга кол койгон. Бул документ Вашингтонго жана жаңыдан түзүлгөн НАТО аскердик альянсына Гренландиянын аймагын "өнүктүрүүгө жана аскердик максатка шайкеш келтирүүгө" мүмкүнчүлүк берген.
Көп өтпөй Гренландияда Кэмп-сенчури деп аталган америкалык илимий-изилдөө базасы ачылганы жарыяланган. Чындыгында бул база "Муз курту" аттуу жашыруун долбоордун бир бөлүгү болгон жана анын алкагында Гренландиянын муз катмарынын астына Советтер Союзуна багытталуучу өзөктүк ракеталарды жайгаштыруу пландалган.
Американын өзөктүк куралдарды бул жакта сактоо тууралуу планы башынан эле ийгиликсиз болгон. Муз улам жыла берип, инженерлер этияттыкты талап кылган өзөктүк ок-дарылар сакталчу кампалардын коопсуздугун сактоо үчүн көп убара тартышкан. 1966-жылы Кэмп-сенчури кароосуз калган жана радиоактивдүү калдыктар бүгүнкү күнгө чейин муз астында көмүлүп турат.
Гренландияны сатып алуу тууралуу АКШдагы алгачкы сунуштар 1867-жылга барып такалат. Адеп Вашингтон бул демилгеге олуттуу мамиле кылган.
1946-жылы Гренландия үчүн Копенгагенге азыркы баасы болжол менен 1 миллиард долларга барабар конкреттүү сунуш берилген. Бул демилгени бир сенатор Кошмо Штаттар үчүн «аскердик зарылдык» деп мүнөздөгөн.
Вашингтон Гренландия бир нече максатта колдонулушу мүмкүндүгүн, анын ичинде АКШнын каршылаштарын Арктика аркылуу бутага алуучу аскердик операцияларды баштоого ыңгайлуу аймак болуп берерин билдирген.
1946-жылы Даниянын тышкы иштер министри АКШнын сунушун четке кагып: «Америкага карызыбыз көп болсо да бүтүндөй Гренландия аралын бергенчелик деңгээлде карыздар эмеспиз», – деп жооп берген.
Трамп 2019-жылы же биринчи президенттик мөөнөтү маалында АКШ Гренландияны каратып алышы мүмкүндүгүн бир нече жолу ишарат кылган. Бирок көптөр аны олуттуу кабыл алган эмес. Ал экинчи мөөнөтүндө да Гренландияны артыкчылыктуу багытка айлантты. Бирок Дания жооп кайтарып, падышанын гербиндеги Гренландиянын символуна айланган ак аюунун сүрөтүн мурдагыдан чоңойтту. Ошондой эле расмий Копенгаген арал сатылбай турганын кайталап жатат.
Бүгүнкү күндө Гренландия жарым-жартылай автономдуу аймак катары ички иштерин өзү тескейт. Өзүнүн парламенти да бар. Бирок дагы эле Даниядан кыйла көз каранды.
Арал жыл сайын Копенгагенден болжол менен 600 миллион доллар жардам алат. Бул сумма Гренландиянын жалпы бюджетинин жарымынан көбүнө тете. Мынча каражатты аймактын 57 миңдей калкына бөлө келгенде ар бир тургунга 10 миң доллардан туура келет.
Эгерде 11-марттагы шайлоодон кийин Гренландиядагы барган сайын катары калыңдап бараткан, көз карандысыздыкты жактаган кыймыл аралды Даниядан оолактатып кете алса, Вашингтон Гренландияга ээлик кылуу үчүн Копенгагенди айланып өтө алышы мүмкүн. Бирок соңку сурамжылоого ылайык, гренландиялыктардын көпчүлүгү Даниядан бөлүнүүнү колдосо да калктын 85% аралдын АКШнын аймагына айлануусуна каршы.
Гренландияны чулгаган геосаясий бороон-чапкындын татаалдыгын жакында эле Гренландиянын премьер-министри Муте Эгеде кыскача жакшы түшүндүргөндөй болду. «Биз даниялык болгубуз келбейт. Биз америкалык болгубуз келбейт. Биз гренландиялык болгубуз келет», - деди Эгеде.
Шерине